Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

11:50 “Айрым саясатчылар Каркыраны бийликке саясий басымдын куралына айландырышууда”


Бүгүн Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы ушундай мазмундагы билдирүү таратты. Анда айрым саясатчылар жана маалымат каражаттары Кыргызстан Казакстанга Каркыраны берип койду деп элди адаштырып жатат деп айтылат. Өкмөттүн маалымат кызматы Каркыра жайлоосу 60 миң гектар экендигин, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жана таянган документтердин негизинде Кыргызстан Каркырадагы 625 гектар жерди гана Санташка жакын аймактан Казакстандын 1136,6 гектар жерине алмашкандыгын белгилеген. Узундугу 1241 чакырымды түзгөн Кыргыз-казак чегарасы жөнүндөгү келишимге эки президент 2001-жылы Астанада кол коюшуп, аны Казакстан 2001-жылдын 15-декабрында, Кыргызстан парламенти быйыл 11-апрелде ратификациялады. Ошондон бери бийликке сынчыл көз караштагы саясий күчтөр Каркыраны Казакстандын кызыкчылыгына чечти деп, бийликти кескин сындап жатышат. Оппозиция нааразылык иретинде Ысыккөлдө жөө жүрүш баштоону болжоп, бирок, чагымчыл аракеттерден улам ишке ашкан жок. Муну оппозиция бийликтин тоскоолдугу катары баалады. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG