Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Июнь айында кыргыз элинин улуттук дөөлөттөрүн арттыруу максатында курултай өтөрү күтүлүүдө. Аны Кыргызстандын бир катар интеллигенциясы уюштуруп жатат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Кыргыз илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, тарых илимдер доктору Өскөн Осмонов жооп берди.

-Ушул курултайда сиз тарыхка байланыштуу доклад жасайт экенсиз. Сиздин докладыңызда кыргыздардын тарыхындагы актай барактарга көңүл бурулабы, же башка багыты барбы?

-Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери кыргыз элинин өзүнүн тарыхына болгон кызыгуусу бир топ жогорулады. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгын белгилегенбиз. Ошол мезгилдеги иш чаралардын негизинде Кыргызстандын тарых илими бир топ алдыга жылды десек болот. Ошол мезгилдеги Кыргызстандын тарыхы кандайдыр бир деңгээлде изилденип, биринчи кезекте мектеп окуучуларына, студенттерге арналып бир топ окуу китептери жазылды.

Эки миң жылдык тарыхыбыздын ичинде актай барактар бир топ эле. Азыркы мезгилдеги тарыхчылардын эң негизги милдеттеринин бири - актай барактарды толуктоо. Ошону менен катар кыргыз эли мамлекет түзгөн 2200-жылдан аркы тарыхы барбы, мурда Борбордук Азияда жашаган элдер менен кыргыз тарых тектеш болгонбу деген маселелерге кайрылганы турабыз. Мен өзүмдүн докладымда “Кыргыз элинин байыркы фумер жана фат элдери менен тектештиги жөнүндө” деген темада доклад жазасам деп ниеттенип турам.

-Жогорку Кеңеш жакында эле 1910-жылдагы улуттук көтөрүлүш боюнча токтом кабыл алды. Бул чечим ал кайгылуу окуяга адилет баа берүүгө алып келеби? Ошого бизде саясий эрк жетишеби?

-Бизде 1916-жылдагы болгон окуя кыргыз элинин тарыхындагы өзгөчө маанилүү окуя. Өкмөт атайын чечим кабыл албаса дагы Кыргызстандын тарыхчылары, коомчулугу бул маанилүү окуяга өзгөчө маани берип, аны изилдөөгө милдеттүүбүз. Азыркы мезгилде кийинки эле бир жылдын ичинде 1916-жылдагы улуттук боштондук күрөшкө арналган тарыхчылардын диссертациялык кеңешинде төрт илимий диссертация корголду. Ошол диссертациялардын бардыгында тең изилдөөчүлөр ушул окуяга чыныгы объективдүү баа берүүгө аракеттерди жасап атат. Бул аракеттер улана бермекчи.

-Азыркы кезде айрым саясатчылар Кыргызстанда бийлик уруулук негизде куруу идеясын жакында эле көтөрүп чыгышты. Бул туура жолбу?

-Биз тарыхты кыргыз эли эң байыркы элдердин бири деп айтып атпайбызбы. Мына ошол кыргыз эли, уруулук доор жаралгандан бери эле кыргыз элин сактап келген, эң негизги оручундуу өбөлгөлөрдүн бири бул санжыра болгон. Ал мезгилде жазуу маданияты болбогондуктан кыргыз эли өзүнүн түбүн, элдүүлүгүн сакташ үчүн санжырага көп көңүл бурган.

Чоңдорду айтпай эле коелу, жети жаштагы бала жети атасын билүүгө милдеттүү болгон. Мына ошонун негизинде байыркы доордон баштап санжыра уруулардын биримдигин көздөгөн. Ошол кыргыз элин ушул мезгилге чейин сактап келген. Санжыра эң байыркы доордон 19-кылымга чейин өзүнүн милдетин, кыргыз элин сактоодо эң чоң милдетин аткарып келген. Ал эми ХХ кылымдагы коомдук өзгөрүүлөрдүн натыйжасында биз улут катарында калыптанып өнүгө баштадык. Ал эми улут болуп калыптангандан кийин санжыра өзүнүн негизги милдетин аткарды деп айтсак болот. Азыр элдин биримдиги үчүн гана күрөшүбүз керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG