Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

16:10 Кыргыз-казак академиясынын ректору баш прокурорду сотко берди


Укук жана мамлекеттик кызмат боюнча кыргыз-казак академиясынын ректору Николай Михайленко баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен Кыргыз-орус (славян) университетинин ректору Владимир Нефадьевди 1 май раондук сотуна берди. Бул тууралуу Михайленко бүгүн “АКИпресс” агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Михайленко териштирүүлөрдө укугум бузулду деп эсептеп, баш прокурордон 1 млн. сом, ректордон 2 млн. сом өндүрүүнү соттон сурады. Эки билим берүү мекемелеринин ректорлорунун ортосундагы имаратка жана мүлккө байланышкан соттук териштирүү 3,5 жылдан бери уланып келатат. Михайленконун айтымында өткөн аралыкта 57 сот отуруму болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG