Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

16:39 Мамлекеттик Дума Жогорку Кеңештин катына жооп кайтарды


Мамлекеттик Дума төрагасы Борис Грызловдун төрага Адахан Мадумаровго жолдогон катында белгиленгенге караганда, кыргызстандык атуулдардын Орусия аймагында киши колдуу мерт болуп жатышы Думаны эле эмес, жалпы коомчулукту тынчсыздандырууда. Ошондуктан, Мамлекеттик Дума кылмышкерди табуу иштерин көзөмөлгө алууда. Жогорку Кеңеш март айында кыргызстандык жарандардын өлүмүнө байланышкан кылмыштарды ачууну көзөмөлдөөнү сураган. Январь айынан бери Орусияда кыргызстандык 11 жаран киши колдуу болуп өлгөндүгү жана алардын көпчүлүгү улутчулдардын колунан жан таслим болгондугу айтылып келатат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG