Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ: СОТ САЯСИЙ “ЗАКАЗДЫ” АТКАРДЫ


Бишкек шаарынын Ленин райсоту 6-майда архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековду --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/6B81EE6A-4EF5-4810-820C-9E31F5BD72B4.asp убактылуу кармоочу жайга камоону бир айга узарткан чечимин чыгарды. Кадырбеков жана анын жактоочусу райсоттун мындай чечимин саясий тапшырма деп эсептейт. Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын жетекчи орунбасары Ислам Боров мунун артында эч кандай саясий маселе жоктугун, Кадырбековго кызмат абалынан кыянат пайдаланганына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Колуна кишен салынып күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда Ленин райондук сотунун имаратынан чыгып келаткан Ишенбай Кадырбековго суроо узатканымда ал соттун чечимин саясий «заказ» катары бааларын айтты:

- Бул саясий заказ экени көрүнүп эле турат. Бул жерде далил жок, эч нерсе жок. Мага тергөө жүргүзбөй эле сот чечим чыгарып койду.

Анын жактоочусу Владислав Лужанский болсо Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып Нарындан 700 адамдын колу коюлган катка, Жогорку кеңештин Коммунисттер фракциясынын өтүнүчүнө, айыпталуучунун денсоолугуна байланыштуу догдурлар берген справкага райсот көңүл бурбай камакка алууну узарткан чечими жогору жактан болгон атайын тапшырма деп эсептейт.

- Бул иш атайын «заказ» менен чечилди деп эсептейм. Бул негизинен жарандык иш катарында каралышы керек эле, бирок соттор муну кылмыш иши катарында карады. Тилекке каршы азыр бизде буга окшогон иштер көбөйдү. Бул кезектеги эле «заказдык» иш деп баалайм.

Соттун жүрүшүнө күбө болгон Коммунисттер партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Гүлжамал Султаналиева денсоолугу начарлап бараткан Ишенбай Кадырбековду камакка алууну узартуу чечими менен сот адилетсиздигин дагы бир жолу далилдеди дейт.

- Мен депутат болгонго чейин укук коргоочу болуп жүрдүм. Ошол мезгилде соттордун далай жолу адилетсиз чечим чыгарганын көргөм. Эми Ишенбай Кадырбековдун ишине байланыштуу болсо тергөөчүнүн аны тергөөгө таасири тийгизиши мүмкүн деген божомолунун негизинде соттордун убактылуу камоого чечим чыгарып койгону мени аргасыздан муну саясий “заказ” деген ойго алып келип жатат. Биздин сот тармагы канчалык деңгээлде акыйкатсыз экендигин дагы бир жолу далилдеп атат.

Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын жетекчи орунбасары, Кадырбековдун иши боюнча тергөө жүргүзүп жаткан Ислам Боров бул маселени саясатка аралаштыруунун эч бир кажети жок деген көз карашта.

- Мен тергөөчү катары бул ишке байланыштуу эч кандай саясий маселени көргөн жокмун. Муну саясатка аралаштыруунун кажети жок. Бул накта кылмыш иши. Азыр тергөө жүрүп жатат. Бирок бул иштин жүрүшү тууралуу эч нерсе жарыялабайм.

Каржы полициясы ушул жылдын 16-апрелинде Ишенбай Кадырбековго мурдагы кызматына байланыштуу кинелер коюлуп кылмыш иши козголгон. Ага зилзаладан жабыркаган мектептерди курууда өздүк наркынан ашыкча кымбат каржат жумшаган, Бишкек шаарынан мыйзамсыз жер участогун өзүнө алган деген айып коюлууда.

Ишенбай Кадырбековду убактылуу кармоочу жайга бир айга камоону узартуу тууралуу Ленин райондук сотунун чечимине макул болбогон анын жактоочусу Владислав Лужанский шаардык сотко аппеляциялык арыз жолдоорун «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG