Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

17:19 “Кыргызтелеком” ААОнун Нарын филиалынын дебитордук карызы 7 млн. сомду түзөт


Мындай маалыматты 7-май байланыш кызматкерлер күнүнө карата өткөрүлгөн “Нарын kg” медиа борбордогу маалымат жыйында филиалдын башкы директору Карыбек Төлгөев билдирди. Бул сумманын 50 пайызы бир айлык учурдагы карыздар болуп саналат. Ал эми узак мөөнөттө 3 жарым млн. сом карыздардын 45 пайызы калкка, 35 пайызы бюджетке, калгандары чарбалык эсептеги ишкаларга туура келет, дейт Карыбек Төлгөев. 1-майга карата облустагы болгон 12700 абоненттин 7424ү сандык телефон байланышына которулган. СDМА телефон байланышы облуста Жумгал районунда гана коюла элек, ал эми аймактын 15 калктуу конушунда таптакыр телефон байлынышы жок. (KUs)

XS
SM
MD
LG