Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Муса Мураталиев, Москва Кремлде бүгүн жаңы шайланган Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/3A130B05-6363-49CB-ABA5-6B6ACC33E178.asp инаугурациясы болуп өттү. Салтанатуу каадага орусиялык жана чет өлкөлүк 2 миңден ашуун коноктор катышты. Медведев өлкөнүн Башмыйзамына ант берди. Ошентип Владимир Путиндин сегиз жыл бою Орусиянын президенти болуп, эми өкмөт башчы кызматына киришет.

Бүгүн, түшкө жуук, Кремлдин чоң сарайда Орусиялык үчүнчү президенттин кызматына киришүү каадасы өттү. Салтанаттуу каада учурунда Дмитрий Медведев өлкөнүн Башмыйзамын кармап ант берди. Андан соң өлкөнүн Конституциялык сотунун төрагасы Медведевди өлкө башчысы деп жарыялады жана ошол мүнөттөн тарта ал ырасмий түрдө президент болуп өз кызматына киришти.

Ал эми президенттиктен кетип жаткан Путин өлкө башына жаңы келген лидер Дмитрий Медведевге бийлик белгисин тапшырды. Байкоочулар мындай учурдун биринчи жолу болуп жатышын белгилешет.

Салтанаттын күн тартибине ылайык ал жерде Путин менен Медведев кыскача сөз сүйлөштү. Каада Кремль кызыл чебинин ичинде отуз жолу кур дүрмөт менен атылган замбиректер үнүнүн жаңырыгы менен аяктады.

Бир саатка чукул созулган ал салтанатка эки миңден көбүрөөк конок чакырылган. 2004-жылы Путин кызматына киришкенде чакырган коноктордун саны 800 кишиге аз болгонун агенттиктер белгилешет.

Жаңы президент Дмитрий Медведев мындайча ант берди:

-Орусия федерациясынын президенттик укугу берген милдетти аткарууда адамдын жана атуулдун укугу менен эркиндигин сыйлоо жана коргоо үчүн, Орусиянын Башмыйзамын сактоо жана коргоо үчүн ант беремин!

Инаугурация өткөндөн соң Орусиянын өкмөтү толугу менен таркатылат. Балким, Медведев ушул эле күнү Мамдумага жаңы өкмөт башчылыгына Путиндин талапкерлигин сунуштайт дешет.

Үстүдөгү жылдын 2-мартында өткөн президентти тандоодо Медведев ат салышарга жарай турган атаандашы жок марага келген. Кремлдик бийликтин шайлоодо оппозицияны четке кагып салгандан кийин ошондой жагдай түзүлгөн жана Путиндин мураскору ырасмий түрдө 70 пайыз добуш чогултту деп таанылган. Чындыгында Медведев өкмөттүн биринчи орун басары болуп туруп жана Путиндин ачыктан ачык көргөзгөн колдоосунан улам административдик ресурсту колдонуусунан улам жеңишке жетишти деп айтышат.

Билими жагынан юрист Медведев, кезегинде Анатолий Собчактын шайлоо өткөрүү тобуна кирип, ошондон тарта Путин менен 17 жыл табакташ болуп келе жатканы маалым. Анын мамлекеттин башчысы болуп келиши түздөн-түз Владимир Путиндин колдоосунан улам болгону айтылып жүрөт.
XS
SM
MD
LG