Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бүгүн Экинчи эларалык ишкердүүлүк конгресси башталды. 7-10-май күндөрү өтө турган конгресске кыргыз-түрк ишкерлери жана бийлик өкүлдөрү катышып, анын максаты түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда экономикалык кызматташтыкты жогорулатуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана жаш адистерге кеп-кеңештерди берүү болду. Түркиядан келген ишкерлер көбүнчө дүйнөлөшүү доорундагы ишкердиктин кандай болушу керектигинен кеп козгошуп, эгер андай шарттар түзүлсө Кыргызстанга көбүрөөк инвестиция келерин айтышты. Өз кезегинде кыргыз тарап анча-мынча кемчиликтерге карабай учурда ишкердикти өнүктүрүү жаатында бир катар жаңылануулар болуп жатканын билдиришти.

Өтүп жаткан конгресс эң оболу окуу жайлардын экономикалык илимдерден сабак берген окутуучулары менен студенттер үчүн абдан маанилүү. Анткени окутуучулар экономика тармагындагы билимдерин кеңейтип, иш жүзүндө бардык кемчиликтер, тоскоолдуктар менен алпурушуп жүргөн ишкерлер менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышса, студенттер ишкердик кылуу жаатында кеп-кеңештерди уга алышты.

Алгач бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, инвесторлор, ишкерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу тааныштырып, чет элдик ишкерлердин көңүлүн экономиканын бир катар тармактарына бурушту.

Экономика жана соода министринин орун басары Азиз Алиевдин айтымында, Кыргызстанда чоң жана орто бизнес анча өнүккөн эмес. Алардын орду рынокто 10 пайыздын гана тегерегинде. Ал эми майда, чакан бизнестер рыноктун 90 пайызын түзөт. Ошол себептүү экономикага чоң-чоң инвесторлорду тартуу керектиги да айтылды.

Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов мындай дейт:

- Мына азыр ТЭЦке инвестор издеп атабыз. Муну жакшылап жабдып туруп, өзүбүздүн күрөң көмүр менен камсыз кылабыз. Жалаң Каракеченин өзүндө 193 миллион тонна ачык ала турган көмүр бар. Азыр болсо 200 миң тонна жылына алып атабыз. Эгер эки миллионго жетсек дагы жүз жылга жетет. Чоң ГЭСтер боюнча. Биз азыр Камбарта-1ди баштаганбыз, Камбарата 2ни өзүбүздүн күчүбүз менен куруп, эмки жылы биринчи энергиясын беребиз. Камбарата-1ди кургандан кийин ал жерге 5 миллиард метр кубга чейин суу сактайбыз дагы, 1900 мега ватт электр энергиясын чыгарабыз. Азыркы Токтогулдан 1600 мега ватт электр энергиясы чыгат. Ошонун баардыгы жакын арада, инвесторлор келсе боло турган иш.

Стамбул соода жана өнөр-жай палатасынын өкүлү Абдуллах Чынардын пикиринде, Кыргызстандын өнүгүп-өсүшү үчүн бардык шарттары бар. Тек гана өтө өзгөрмөлүү дүйнөдө сапатка умтулуу менен шарттарды туура пайдалануу зарылчылыгы турат:

- Өтө чоң мүмкүнчүлүгүңүздөр бар экенин айтып коюшум керек. Сонун табиятыңар, бузула элек жакшы айдоо жерлериңер, казыла элек кендериңер жана али мыкты адам ресурстарыңар бар. Эми буларды колдон чыгарбай тез арада жогорку деңгээлде колдонуп калсаңыздар дурус болот.

Кыргызстан ишкерлер кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков азыркы тапта өкмөт дагы инвестициянын келиши, ишкердиктин жакшырышы жаатында бир топ мыйзамдарды кабыл алганын айтып өттү:

- Бир катар акыркы мыйзамдар бул - ишкерликтин өнүгүшү, инвесторлордун келиши үчүн көрүлгөн камкордук болуп жатат. Муну айтып атканыбыздын себеби, чет жерден келген ишкерлерге бул жакшы кадамдарды көрсөтүп, Кыргызстанда ишкерлер үчүн шарттар жакшырып атканын айткыбыз келип атат.

Ошентсе да бир катар ишкерлер бүгүнкү көптөгөн өзгөрүүлөр дүйнөлөшүүнүн шарданы менен гана ишке ашып баратканын баса белгилешип, негизги максат ошол дүйнөлөшүү алып келип аткан мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу болушу керектигин айтышат.

“Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтымында, азыркы тапта өкмөт мүчөлөрү адамдарды үмүттөндүргөн сөздөрдү айтып атышат, бирок алар ишке ашабы же сөз боюнча калабы мезгил көрсөтөт:

- Салыштырып айтсак, ишкерлердин шарттары өкмөттүн кылган иштерине, кетирген кемчиликтерине карабай эле өнүгүү жолунда. Анткени, дүйнөлөшүү болуп, дүйнөлүк соодалык кыймылдар Кыргызстанды да каптап келип атат. Кыргызстан эч нерсе кылбаса деле кээ бир нерселер дүйнө жүзүндөгү кыймылдардын аркасынан өзгөрүп кете берет. Кеп – биз элибиз, жерибиз, өлкөбүз үчүн ошол шарттарды туура пайдалана алабызбы же жокпу, мына ушунда.
XS
SM
MD
LG