Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

АКШ: АТААНДАШТАР БИРИ ЭКИНЧИСИНЕН АЛЫСКА АША АЛБАЙ ЖАТАТ


Кошмо Штаттарда Демократиялык партиянын президенттикке талапкерин аныктоо боюнча баштапкы шайлоонун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/86AFF53B-60E7-43D2-8F11-92159E7167EA.asp соңкуларынын бири кечээ Түндүк Каролина жана Индиана штаттарында өттү. Түндүк Каролинада сенатор Барак Обама атаандашы, сенатор Хиллари Клинтонду ишенимдүү жеңсе, ал эми Индианада Клинтон Обамадан бир аз гана артыкчылык менен озуп чыкты. Муну менен Ак үй үчүн жарыштын сабында кайрадан эки талапкер тең калды.

Түндүк Каролина менен Индиана Демократиялык партиянын президенттикке талапкерин аныктоого жардам бере алат деген калктуу штаттардын акыркылары эле. Бул штаттардагы добуш берүү сенатор Барак Обама үчүн оор мезгилден кийин өткөнү менен анын ындыкаралардан президенттикке туңгуч талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир кадамга алга жылдырды.

Обаманын ындыкара мурдагы диний насаатчысынын провакациялык сөздөрүн өткөн айда да дагы бир ирээт кайталашы анын беделин булгабай койгон жок. Ал эми сенатор Хилари Клинтон азыркы добуш берүүгө Ак үй үчүн жарыштан чыкпайм деген ишенимде келген эле.

Натыйжада Обама Түндүк Каролинада көбүрөөк артыкчылык менен жеңип чыкты. Бул жерде добуш бергендердин 56%ы Обаманы, 42%ы Клинтонду колдогон. Ал эми Индианада Клинтон бир аз гана артыкчылыкка ээ болуп, 51%, Обама 49%добуш алды. Хилари Клинтон Индианадагы жеңишин добуштар толук саналып бүтө электе эле жарыялап, күрөштү улантарын убада кылды.

- Жакында эле менин атаандашым Пенсильвания менен Түндүк Каролинада жеңерин божомолдоп, Индиана иштин аякташы экенин айткан. Биз бул түйүндү чечип, силердин жардамыңар менен Ак үйдү көздөй толук ылдамдыкта кетип жатабыз.

Бирок эсептей келгенде азыр кырдаал Клинтондун пайдасында эмес. Ал партиянын жалпы улуттук курултайына келүчү делегаттарынын саны боюнча Обаманы кууп жете элек. Обама өтө чоң эмес артыкчылыгын сактоодо.

Эми алдыда баштапкы шайлоо өтүүчү алты штат калды. Эгер эки талапкердин бири да парткурултайда колдоо алгыдай делегатты жетиштүү санда топтой албай калса, түйүндүн ачкычы партиянын 800гө жакын "суперделегатынын" колунда калчудай. Партиялык жана шайланган расмий адамдардан турган ал делегаттар курултайда өз тандоосун эркин жасай алат.

Айрым аналитиктердин пикиринде баштапкы шайлоолордун акыркыларынын жыйынтыгы, Хиллари Клинтон эки апта мурда Пенсильванияда жеңишке жетишкен эле, анын суперделегаттарды өз тарабына оодуруу үмүтүн кайра жандандырды.

Суперделегаттарды ынандыруу милдети Барак Обаманын алдында да турат. Түндүк Каролинадагы жеңишинен кийин сүйлөгөн сөзүндө ал Демократиялык партиянын биримдикке чакырды:

-Албетте эки тараптан тең үмүт чоң болду. Албетте эки тарап тең өз талапкери жеңишин жандалбастык менен көздөөдө. Бирок акыркы аягында бул - Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын же Жон МакКейндин ортосундагы күрөш эмес. Бул – силердин, Америка жарандарынын, шайлоосу.

Демократтардын саясий атаандашы - республикачылардын президенттикке талапкери буга чейин эле аныкталган. Ал - сенатор Жон МакКейн, жашы 72ге келип калган ардагер саясатчы.

Демократтардын айрымдары алардын узакка созулган ич ара күрөшү, ноябрдагы шайлоодо бийликти алуу мүмкүнчүлүгүнө шек келтирет деп кооптонушат.

Андыктан Хиллари Клинтон партиянын кызыкчылыгынан улам жарыштан чыгуусу үчүн кысымга кабылышы мүмкүн. Бирок эки атаандаш тең баштапкы шайлоонун июнда өтүүчү акыркы бөлүгүнө чейин калган күндө да, аналитиктердин айтымында, супперделегаттар өз тандоосун ушундан кийин жасай алышат.

Алдыда Демократиялык партиянын талапкерди бекитүүчү жалпы улуттук курултайы августа өткөнгө чейин эки ай убакыт калат. Ал эми баштапкы шайлоонун келеркиси 13-майда Батыш Виржиния, акыркысы 3-июнда Түштүк Дакота штатында өтөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG