Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Каарманбек Кулуев, Бишкек 7-майда соңку 8 жыл ичи Орусияны башкарып келген Владимир Путин Орусиянын президенти кызматын расмий түрдө Дмитрий Медведевге --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/3A130B05-6363-49CB-ABA5-6B6ACC33E178.asp өткөрүп берди. Кремлде өткөн ант берүү аземине, инаугурацияга, эки миңге жакын киши чакырылган. Алардын көпчүлүгү – бийик даражалуу мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, элчилер жана коомдук ишмерлер. Салтанаттуу азем Орусиянын баардык аймактарында жана орус телеканалдары жеткен айрым коңшу өлкөлөрдө түз эфир аркылуу чагылдырылды.

Медведевдин инаугурациясы Кыргызстанда да тарткан ОРТ жана РТР сыяктуу телеканалдардан түз эфир аркылуу чагылдырылды. Салтанаттуу аземдин негизги программасы Путиндин мурунку инаугурацияларын эле кайталады, бирок салтанаттуулугу жана шаңдуулугу боюнча Путиндикинен кыйла артта калды, дейт орусиялык тарыхчы Александр Стогов:

- Инаугурация салыштырмалуу жөнөкөй болду. Менин оюмча, бул аталган окуянын коомдук баркы аз экенин далилдейт. Коомчулукта бул окуянын баркы анча деле чоң эмес, анткени бул президентти шайлоого коомчулук катышкан деле жок. Бийликти өткөрүү тууралуу чечим бир топтун ичинде эле өз-ара макулдашылды.

Медведевди бийликке алып келген топтун башында бүгүндөн баштап “мурунку президент” деп аталчу Владимир Путин өзү турган. Башынан баштап эле Медведев анын мураскору деп эсептелгенин президент катары өзүнүн акыркы сөзүн сүйлөгөн Путин бүгүн да эскерте кетти. Анткен менен Владимир Путиндин маанайы чөгүп турганын жана анын бетинде сүйүнүчтүн изи жок экенин петербургдук саясий талдоочу Борис Вишневский белгилеп өттү:

- Ал өзү да, коноктор да, Медведев да түшүнүп турат – Орусия эми Путиндики эмес. Путин Медведевди өзү тандап, өзү өстүрүп, алдын ала атайын чектөөлөрдү даярдап койгону менен, өлкөдөгү жогорку бийлик эми Путин эмес, Медведевдин колунда болот.

Орусиянын чыныгы кожоюну эми ким болоору – көпчүлүктү кызыктырган суроо. Өлкө башчысы Медведев, Конституцияга ылайык, баардык күч органдарын түздөн түз башкарат жана премьер-министр анын алдында жооп берет. Бирок премьер-министрликке сунушталып жаткан В.Путин өкмөт структурасын өзгөртүп, премьер-министрдик кызматты көбүрөөк саясатташтырышы күтүлүп жатат, дейт Саясий маалымат борборунун башчысы Алексей Мухин.

Мухиндин пикиринде, аткаруу иши боюнча милдеттеринин көбү вице-премьер-министрлерге жүктөлүп, Путин үчүн, премьер-министр катары, чоң саясат менен алек болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, Путин Мамлекеттик Думада жана аймактардагы жергиликтүү Кеңештерде көпчүлүккө ээ болгон “Бирдиктүү Орусия” партиясы аркылуу өз бийлигин жүргүзөт. Орусиялык саясат таануучу Владимир Пребыловскийдин пикиринде, бийлик жакын арада Путиндин колунда эле калат.

- Орусиянын иш жүзүндөгү башчысы болуп, эң кеминде жакынкы жарым жыл же бир жыл ичинде, Путин калат. Ал Медведевдин мөөнөтүнүн аягына чейин да өлкөнү башкарып калышы мүмкүн. Медведев болсо бир мөөнөттөн ашык президент болбойт го. Балким, мөөнөтүнүн аягына чейин да чыкпайт. 1-2 жылдан кийин Медведев Путинге кайра орун бошотуп берет деген сүйлөшүү да болушу ажеп эмес. Азырынча бул өңдүү сүйлөшүү жүрбөсө да, кийинчерээк мындай зарылчылык пайда болуп калышы ыктымал.

Анткен менен, азырынча Орус Федерациясынын президенти - Владимир Анатольевич Медведев. 7-майда Кремлде өткөн инаугурация аземинде ал ант берип, өлкө президенти кызматына киришти.
XS
SM
MD
LG