Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

МЕДВЕДЕВ БИЙЛИККЕ КЕЛДИ, ПУТИН ӨЛКӨНҮН ЛИДЕРИ БОЙДОН КАЛДЫ


Россиянын үчүнчү президенти Дмитрий Медведев кечээ Кремлде ант берип --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/D173F353-05DA-4064-9A7E-927CFDE5F6DB.ASP , ырасмий түрдө кызматына киришти. Салтанатка россиялык жана чет элдик эки миңдей конок катышты. Ошол эле күнү Медведев премьер-министрлик кызматка Владимир Путинди сунуш кылды. Бул маселени орус думасы бүгүн караганы жатат.

Жаңы президент Медведев жалпы элге кайрылган сөзүндө дүйнөдөгү эң мыкты өлкөлөрдүн бири болуп калганга Россиянын удулу келип турганын, бул үчүн бекем негиз түзүлгөнүн белгиледи, соңку сегиз жылдагы бардык жетишкендиктерди бекемдегенге, калктын коопсуздугун камсыз кылганга убада берди. Жарандык жана экономикалык эркиндиктерди андан ары өнүктүрүүнү жаңы президент өзүнүн башкы маанидеги милдети деп атады.

Ушуну менен Россия акыркы он жети жылдык жаңы тарыхында мамлекет башчысын бешинчи ирет кызматка олтургузуу жөрөлгөсүн өткөрдү. Елциндин тушундагы эки салтанат азыркыдан бир топ жупуну болгон. Ал эми Путиндин биринчи мөөнөтү башталганда орус падышаларын такка отургузуу каадасынын кээ бир салттары колдонулган.

Биринчи ирет ант бергенде Путин Елцинден айрымаланып “демократия” деген сөзгө да саал башкачараак аңыт берген. Эркин коомго өтүү жөнөкөй жана жеңил болбогонун, бул жолдо кайгылуу да, жаркын да барактар болгонун, демократиялык мамлекетти куруу иши бүтө электигин, бирок көп нерселер жасалганын эскерткен. “Ошол жетишкендиктерди сактап калганга, демократияны коргогонго жана өнүктүргөнгө, эл шайлаган бийликти элдин таламдары үчүн иштегидей кылганга милдеткербиз”,-деп көрсөткөн Путин.

Экинчи ирет 2004-жылы кийинки мөөнөткө кызматка киришип жатканда болсо Путин демократия менен эркиндикке кыйыр түрдө гана ишаара кылып, негизинен саясий стабилдүүлүккө жана экономикалык өнүгүүгө чоң басым жасаган. Россиянын миң жылдык тарыхына кайрылып, илгерки муун өкүлдөрү - көрүнүктүү уул-кыздар, мээнеткеч жумушчулар, жаратман эл – азыркы урпактарга эбегейсиз, улуу мамлекетти мураска калтырганын эске салган. “Өткөндөгү тарыхыбыз бизге күч-кубат берери талашсыз, - деп айткан Путин. - Бирок эң даңазалуу тарых деле өзүнөн өзү элге жакшы турмушту камсыз кылып бере албайт”.

Елцинден мураска калган Россия ал кезде, албетте, чабал эле, чачыранды эле. Экинчи президент өз мураскерине өткөрүп берген азыркы Россия андай эмес. Ошол себептен үчүнчү президенттин кызматка олтуруу каадасы мурунку салтанаттардан бир жагынан өзгөчөлүү болду: Путин бийликтен кетти, бирок ал баштагыдай эле өлкөнүн башкы лидери бойдон калды.

Медведев кызматына киришкен күнү эле Путинди премьер-министрликке дайындоо тууралуу сунушун Думага киргизди. Депутаттар аны бүгүн эле өкмөт башчылыгына бекиткени жатышат.

XS
SM
MD
LG