Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

МЯНМА: БОРООНДОН АМАН КАЛГАНДАРДЫ АЧАРЧЫЛЫК ТООРУШУ МҮМКҮН


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Эл аралык гуманитардык уюмдар Мянманын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/E7AD6338-988F-447C-B84E-C41C94D9124E.ASP катуу бороондон аман калган тургундары эми ачарчылыкка, оору-сыркоого тушугушу ыктымал деп эскертти. Акыркы маалыматтарга караганда кырсыктан жыйырма эки жарым миңден ашуун адам курман болгон. Кырк бир миңге чукул адам дайынсыз жоголууда. Бир миллиондой эл үй-жайсыз тентип калды. Бороондон тирүү калгандардын өмүрүн сактап калууда ар бир мүнөт алтынга тете болуп турган шартта Мянманын аскердик бийлиги жардам көрсөтүүгө ашыккан эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө виза алууну татаалдантып, өлкөгө киргенге жолтоо болуп жатат.

Маалыматтарга караганда катуу бороондон аман калган он миңдеген адамдар, кишинин, жан-жаныбарлардын сөөгү кошо аккан селди кечип, айыл-кыштактардан шаарды көздөй агылууда. Алар үй-жайсыз калды жана өсөрө ачка.

Негизинен күрүч өндүрүү менен жан баккан бул өлкөдө жекшембиде катуу бороон болгон. Бирок өлкөнүн аскердик жетекчилери эл аралык жардам топторго өлкөгө тоскоолдуксуз кирүүгө уруксат бербей жатат. 7-майда гана Улуттар Уюмунун 25 тоннадай жардамы жүктөлгөн учагы Мянмага конду.

Эл аралык гуманитардык уюмдар эгер Мянма өкмөтү тезинен виза алууну жеңилдетип, өлкөнү эл аралык жардам үчүн ачпаса, тирүү калган миңдеген адамдар ачарчылыкка кабылып, оору-сыркоого басылаарын айтып тынчсызданып жатышат.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш 6-майда Мянманын башкаруучуларын чет өлкөлүк жардамдан баш тарпоого чакырган:

- Биз америкалык деңиз аскерлерин каза тапкандарды көмүшкөнгө, жоголгондорду издегенге жана өлкөнү турукташтырууга көмөктөшкөнгө жөнөтө алабыз. Бирок ал үчүн аскерий хунта биздин топко кырсык баскан өлкөгө кирүүгө уруксат бериши керек. Аскердик башкаруучуларга “Кошмо Штаттарына сиздерге жардам берүүсүнө уруксат бергиле” демекчимин.

Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл-чарба агенттигинин билдиришинче бороондон эң запкы жеген аймактарда өлкөдө өндүрүлгөн күрүчтүн экиден үч бөлүгү айдалат.

Эми өлкө алына турган түшүмдүн көбүнөн кол жууду. Мянма дүйнөлүк базардан күрүч сатып алууга мажбур болот, күрүч баасы болсо барган сайын кымбаттоодо.

Аскери бийлик бороонго байланыштуу азыркы саясатын бир аз өзгөртүшү ыктымыл. Куралдуу күчтөр жабыркаган аймактардан башка жерлерде жашагандарды 10-майда жаңы Конституция боюнча референдумга катышууга чакырууда.

Оппозициялык Бирдиктүү Бирма улуттук кеңешинин өкүлү Сү Ауң Таиланда маалымат жыйын куруп, мындай кыйын кысталыш чакта добуш берүүнү кийинкиге жылдырууга эл аралык коомчулук аракет кылаар деген ишенимин билдирди:

- Биз эл аралык коомчулукка Мянмадагы аскердик режимге кысым көрсөтүп, референдумду жылдыртсын деп кайрылабыз. Тирүү калгандардын муктаждыктары жоюлгандан кийин, өкмөт эркин, калыс шартта, эл аралык байкоочулардын катышуусунда референдумду уланта берсе болот.

Хунта бүткүл элдик добушка коюлуп жаткан Башмыйзам 2010-жылдагы демократиялык шайлоого жол ачат деп билдирген. Эгер мындай Конституция кабыл алынса оппозиция лидери, Нобель сыйлыгынын ээси Ауң Сан Су Чжи шайлоого катыша албай калаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG