Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

ИМПРЕССИОНИСТ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮН КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛДЫ


Гапар Айтиев атындагы Улуттук музейде 18-май музей күнүнө карата ХIX-XX кылымдардагы дүйнөлүк импрессионист сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү жүрүп жатат.

ХIX-XX кылымдардагы дүйнөлүк импрессионист сүрөтчүлөр Андре Берен, Огюст Ренуар, Квот Мане, Камиль Писарро, Утрилло Морис, Клод Оскар, Поль Сезан, Ван Гог жана Поль Гогендердин эмгектеринин факсимилдик көчүрмөсүнөн турган жаңы ачылган көргөзмөдө көрүүчүлөр көп. Айрыкча жаштар.

Кыргыз мамлекеттик курулуш университетинин студенттери Ксения менен Александр аталган көргөзмө тууралуу пикирлерин билдиришти:

Ксения: -Бул жерде баары живопись же болбосо көркөм эмгектер экен. Мисалы Ван Гог, Поль Гогендердин эмгектерин укчумун. Биринчи жолу ушул көргөзмөдөн көрүп жатам. Бул эмгектерде өткөн кылымдардагы улуу сүрөткерлердин кайталангыс көз-караштары жатат. Абдан эсте каларлык эмгектер экен.

Александр:-Бул сүрөтчүлөрдүн жөнөкөй адамдардын турмушу тууралуу эмгектери Кыргызстандын бүгүнкү турмушу менен да дал келип тургандыгы менен кызыктуу. Элдин турмушун чагылдыруу менен алар өздөрүнүн да жашоолорун көрсөтө алышкан. Кызыктуу эмгектер.

Аталган көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – сүрөт жаратуу тарыхында ХIX кылымдын аягында бурулуш жасаган француздук импрессионисттик багыттын өкүлдөрүнүн эмгектерин кыргыз көрөрмандарына тааныштыргандыгында.

“Импрессион” деген сөз француз тилинен которгондо “көз караш” деген маанини берет. Демек импрессионист сүрөтчүлөр жаңы көз караштагы сүрөткерлер болушкан. Мындай пикирин Улуттук музейдин директору, кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев билдирди:

-ХIX кылымдын аягында француз сүрөтчүлөрү Эдуард Манэ, Клод Манэлер реалисттик багытка карама-каршы багыттагы эмгектерин жаратышкан. Импрессионизм – бул мурдагы калыпка карама-каршы турган жаңы көз-карашта иштөө. Негизи импрессионисттик багыттагы сүрөткерлер – ички туюм менен, жандүйнө мейкиндиги менен эмгектерди жаратышкан.

Дүйнөлүк импрессионист сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө Улуттук музейдин көркөм өнөр бөлүмү тарабынан уюштурулду. Мына ушул бөлүмдүн жетекчиси Валентин Иванова буларга токтолду:

-Биздин Улуттук музей – мына ушундай уникалдуу эмгектерди сактоочу жай. ХIX кылымдын аягы ХХ кылымдын башындагы батыш-европалык сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин факсимилдик көчүрмөлөрүнүн биздин музейде сакталып турушу – бул чоң баалуулук. Француз сүрөтчүсү Фернан Лужеге турмушка чыккан орус кызы Надежда Луже – мына ушул уникалдуу эмгектердин факсимилдик көчүрмөсүн атайын Луврдан жасатып, биздин музейге белек кылган. Негизи биздин музейде дүйнөлүк импрессионист сүрөтчүлөрдүн 60 эмгегинин факсимилдик көчүрмөсү сакталып турат. Бүгүнкү көргөзмөгө болсо, 47 эмгек коюлду.

Ал эми “Кыргызстанда дүйнөлүк импрессионист сүрөтчүлөрдүн багытын улагандар барбы?” - деген суроо менен Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевге кайрылдык:

-Мына ошол импрессионисттердин көз-караштарын улантуучулар болуп Сабырбек Акылбеков, Игнатьев, Сапар Төрөбековдор жана бир топ жаш сүрөтчүлөр саналышат. Азыркы бир топ жаш сүрөтчүлөрүбүз кыргыздын нукура улуттук жаратылышына ошол импрессионисттик багытты салып эмгектерди жаратып жатышат.
XS
SM
MD
LG