Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Кийинки кездери эркин басма сөздү ооздуктоо Кыргызстанда күчөп баратканы көп айтыла баштады. Электрондук маалымдоо каражаттарын өз ыгына көндүрүп алган азыркы бийликтин укуругу эми азыноолок эркин гезиттерге салынууда. Мындай пикирин “Азаттык” радиосунун кабарчысы Бекташ Шамшиев менен болгон маегинде “Де Факто” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/03/095300E0-07A3-4C6D-9622-E7474AB04F80.asp гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди.

Бекташ Шамшиев: - Чолпон айым, кийинки кездери Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап кетти деген пикирлер көп айтыла баштады. Сиздин оюңузча, андай пикирдин айтылышына негиз барбы?

Чолпон Орозобекова: - Март ыңкылабына чейинки жана андан кийинки абалды салыштырсак, мен абал бир кыйла начар деп айта алам. Революциядан кийинки жаңы бийлик маалымат каражаттарын бир колго топтоо ишин баштаган жана аны ийгиликтүү ишке ашырып келатат.

Ошонун натыйжасында бүгүн Кыргызстанда бир да эркин телеканал жок. Ал эми бизге окшогон бирин-экин гезиттерди туш тараптан кысымга алып, тоскоолдуктар көрсөтүп жатышат. Эгер конкрет мисал десеңиз мен аны айта алам.

Мына, жакынкы эки айдын ичинде биздин гезитти “Кыргызбасмасөздүн” күркөлөрүндө сатууга тыюу салынды. Ал эми басма сөз жетекчилери болсо бизге улам бир куру шылтоолорду айтып жатышат. Шылтоолору улам башкача чыгууда. Биз эки ай күттүк. Эки айдан кийин бул жерде саясий себеп бардыгына ишендик. Оппозициялык маанайдагы гезитти саттырбоо тууралуу жогору жактан буйрук түшкөнүнө мен бүгүн ишенип олтурам.

Бекташ Шамшиев: - Билесиз, 2005-жылкы бийлик алмашусунан кийин коомдук телекөрсөтүү түзүү, өкмөт колундагы гезиттерди жеке колго өткөрүү жөнүндө демилге көтөрүлгөн эле. Бирок анын баары ушу кезде токтолуп калды. Мунун себеби сиздин оюңузча, эмнеге байланыштуу болуп калды?

Чолпон Орозобекова: - Революциядан кийин ушул эле азыркы президент, анын чөйрөсү элдин көңүлүн алыш үчүн көптөгөн убадаларды берген. Ошол эле КТРди коомдук телекөрсөтүүгө айлантабыз, “президентти апендинин кызындай мактаган андай телканалдын бизге кереги жок”, - деп Адахан Мадумаровдун өзүнүн бир нече жолу айтканы бар.

Бирок бүгүн КТРди тескерисинче күчтөнтүп, Акүйдүн телеканалына айлантып жатышат. Ал эми өкмөттүк гезиттерди кое берип эркиндикке чыгарыштын ордуна ошол эле мамлекеттик маалымат каражаттарын күчтөндүрүш үчүн мынакей, бүгүнкү Интернет булактарын карасаңыздар “Слово Кыргызстана”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо” гезиттеринин ар бирине мамлекеттик бюджеттен 7 миллион сом бөлүнгөнүн жазып жатышат. Бул эмнени түшүндүрөт?

Бүгүнкү бийлик элден корунуш үчүн, элге жалган маалымат жеткириш үчүн өкмөттүк гезиттерди күчтөндүрүп жатат. Анан А.Мадумаровдун бир сөзү менин күлкүмдү келтирди. “Объективдүү маалыматты элге жеткириш үчүн биз мамлекеттик гезиттерди колдошубуз керек” дейт.

Акүйдү, “Ак жол” отурган Көкүйдү өкмөттүк гезиттер бир тараптуy мактап-жактап жатса кайдагы объективдүү маалымат? Аларды баары бир эл окубайт. Анын баарын эл билет. Ошол элди күчкө салып, айлыгынан кыркып алып жаздырышат. Ага карабастан эл бизге окшогон эркин гезиттерди издеп жүрүп таап окуп жатышат.

Бийликтин бул кадамын мен бизге окшогон эркин гезиттерге моралдык сокку деп түшүнөм. Себеби бизди кысмакка алып жатат да, тескерисинче мамлекеттик гезиттерди, бир тараптуу президентти апендинин кызындай мактаган мамлекеттик гезиттерди күчтөндүрүү саясаты бекер жеринен болуп жаткан жок. Бул 2010-жылкы шайлоого карата даярдык, элдин башын айлантуу деп түшүнөм.

Бекташ Шамшиев: - Чолпон айым, сиздин гезит менен президенттин бир тууган инисинин уулунун ортосунда соттошуу жүрүп жатат. Ал тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Чолпон Орозобекова: - Азыр иш экспертизада. Биз лингвистикалык экспертизага берүүгө мажбур болдук. Биздин өтүнүч менен сот экспертизага жөнөттү. Буга кыргызча гезит сотунун орусча өтүшү себеп болду.

Жаныш Бакиев жөнөткөн эки адвокат кыргыз тилин түшүнбөйт. Аларга биз эжелеп түшүндүрөбүз. Алар болсо өзүнүн котормосун алып келет. Ал котормосу болсо биздин текстке дал келбейт. Ошентип отуруп ушунча убакыт өттү. Аягында биз лингвистикалык экспертизаны сурандык. Экспертиза келгенден кийин сот кандай уланарын бара көрөбүз.

Бекташ Шамшиев: - Бирин-экин оппозициялык гезиттерди кысмакка алуунун артында кандай кызыкчылыктар жатат? Сиз электрондук маалымдоо каражаттары түгөлү менен бир таасирдүү колго өткөнүн айтып жатасыз. Эми ошондой эле аракет басма сөзгө карата жасалып жатат деп айта аласызбы?

Чолпон Орозобекова: - Мына турмуш өзү далилдеп жатпайбы. “Агым” гезитин карагыла. Элдин үнүн жеткирген кандай жакшы гезит эле. Басылма колдон-колго өткөндөн кийин саясатын өзгөрттү. Булар, албетте, маалымат айдыңына талдоо жүргүзүп турат. Кантип колго алуунун, кантип үнүн басуунун жолдорун бийлик дайым иликтеп турат деп ойлойм.

Мен жана сөз башында маалымдоо каражаттарын бир колго топтоо ийгиликтүү жүрүп жатканын айтпадымбы. Гезиттер деле мындан четте калышпайт. Ал эми биздин гезит жөнүндө айтсам, биз мындай ишке кабылбайт деп ойлойм. Себеби биздин артыбызда кайсы бир саясатчы же олигарх жок. Гезит ээси менен башкы редактору бир киши болгон биздин гезиттей басылма Кыргызстанда жок болуш керек. Мен өзүммүн, корко турган бизнесим же кыңыр иштерим жок. Эгерде катуу кысымдар башталса мен бул гезитти бөтөн колго өткөрбөй эле жаап коем.

Бекташ Шамшиев: - Сөз эркиндиги абалынын начарлап кетиши, мамлекеттик кысымдын күчөп кетиши эмнеге байланыштуу болууда? Мунун артында экономикалык-саясий кызыкчылык барбы же болбосо коңшулардын шарпасы тийип жатабы?

Чолопон Орозобекова: - Бизде Акүйгө жагымпоз бийликчил эксперттер бар. Ошолор бизди Өзбекстанга салыштырууну модага айлантып алышкан. Биз эч качан Өзбекстанды үлгү кылбашыбыз керек. Биз артка кылчактабай, алга карай умтулуп, өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында жашашыбыз керек.

Ал эми сөз эркиндигине карата кысым бул бийликтин элге туура маалымат жеткирбөө, элдин башын айлантып туруп бизде баары жакшы деген жасалма маалыматтарды жеткирип туруу үчүн көргөн камы деп ойлойм.

Бекташ Шамшиев: -Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG