Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:19

Акаевдин китепканасы түндүгүнөн ажырады


Мурдагы кыргыз президенти Аскар Акаев

Мурдагы кыргыз президенти Аскар Акаев

Мындан 3 жыл мурда экс-президент Аскар Акаевдин китепканасына --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2005/03/4e0eb7ff-1149-432f-9082-428cbaca7d69.asp карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок ал аягына чыга электе эле, Бишкектин райондор аралык соту китепкананы ээлеген имаратынан жана жайгашкан жер участогунан ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Ошондой эле сот өз кезегинде китепканага демөөрчүлүк жардам көрсөткөн мекемелердин пайдасына 7,5 миллион сом өндүрүү жөнүндө да бүтүм кылды.

“Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин китепканасы” коомдук фондунун жетекчиси Санат Жамакееванын айтымында, фонд кимдир бирөөнүн саясый оюндарынын курмандыгы болуп атат. Сот чечим чыгарып атып, саясый тапшырманы аткарды, дейт Санат Жамакеева:

- Үч жылдан бери биздин фондду прокуратура, Эсеп палатасы текшерип фонддун күнөөсүн далилдей албай келген. Ошондуктан соттун бул чечими саясый чечим болду. Албетте биз бул чечим менен макул эмеспиз, аппеляциялык арыз менен кийинки инстанцияга кайрылабыз.

Санат Жамакееванын белгилешинче, фондго каршы 3 жылдан бери жүргүзүлүп жаткан кысымды токтотуу жана фондду колдоого алуу өтүнүчү менен бир катар илимий жана маданий ишмерлер президентке кайрылышкан, бирок ушул күнгө чейин жооп боло элек. Ушундан улам фонддун жетекчиси эки жыйынтыкка келген. Биринчиси - фонд саясый куугундун курманы болду, же болбосо кимдир бирөө китепкананын имаратына кызыгып калган болуш керек.

Бишкектин так чок ортосунда жайгашкан бул фонддун аймагында 3 имарат бар. Алардын бирин коомдук фондго 2001-жылы белгилүү доктор Жеңишбек Назаралиев белек катары берген. Ал эми экинчи имарат мурунку президенттин өзүнө таандык жарым жартылай курулган үй болчу, аны ал фондго 2003-жылы өткөрүп берген.

Аталган имараттар эскилиги жеткендиктен аны оңдоо иштери 2005-жылга чейин уланып, бирок 24-марттагы окуядан кийин фонддун ишмердүүлүгү баштала элек жатып токтоп калат. Мына ошондон тартып өлкөнүн Башкы прокуратурасы коомдук фонддун имаратын курууда жана жабдууда бюджет каражаттары мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон.

Фонддун кызыкчылыгын коргоп келген адвокат Галина Скрипкина фонддун мыйзамсыз аракеттерге баргандыгы тууралуу Башкы прокуратурада тыңгылыктуу далил жок экенин айтат:

- Эсеп палатасы сотко берген маалымат боюнча, жер фонддун наамына катталган эмес. Сот жер фонддон алынсын деген чечим чыгарып жатат, бирок суроо туулат - аны кимден алат? Кыскасы, мыйзамдуулук жагынан бир кынтыгы жок жайды күч менен ар кандай шылтоо менен алып койгону жатышат. Жер кодексинде жер кандай учурларда кайра алынаары так жазылып турат. Ал эми фондго карата андай учурларды байлай турган эч бир негиз жок.

Фондго мамлекеттик, акционердик жана коомдук уюмдар болуп баш аягы 27 уюм демөөрчүлүк кылып, жардам көрсөткөн. Мындай уюмдардын катарында “Кыргызтемиржолу”, “Кыргызнефтегаз” акционердик коомдору, “Манас” эл аралык аэропорту жана башкалар бар.

Башкы прокуратуранын пикиринде, аталган уюмдар фондго каражатты өз эрки менен эмес, мажбурлоонун негизинде которгон. Сот ишин караган райондор аралык соттун экономикалык кылмыштар боюнча судьясы Элмира Байтикова да фондго каршы кылмыш иши алгач жарандык доо арыздын негизинде козголгонун белгиледи. Анын айтымында, уюмдун өкүлдөрү ошол кезде которгон акчаларын кайра кайтарып алуу үчүн сотко кайрылышкан, ал эми Башкы прокуратура алардын кызыкчылыгын коргоочу катары чыгууда. Ал бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Чечим мыйзам чегинде чыгарылды, эч кандай саясый тапшырма болгон эмес, бизге эч ким кысым көрсөткөн жок. Алардын күнөөсүн далилдеген тиешелүү органдардын документтери бар, биз деле жөн жерден чечим чыгарбайбыз да.

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бул эски жана жаңы бийлик өкүлдөрү ортосундагы менчикти талашуусу деп эсептейт:

- Муну илимдер академиясына же бир окуу жайга ылайыкташтырып берип койсо, ошондой чечим чыгарса анда бир жөн эле. Ал эми менчикке кетип калса, анда сөз башка. Эми мунун артында ким тургандыгы акырында имарат кимге өткөндө гана белилүү болот. Мен ойлойм бул жерде менчикти талашуу уланып жатат. Ал эми фондго өз эрки менен бюджеттик мекеме кайдан берсин, кандайдыр бир деңгээлде мажбурлоо болгон. Балким бирөөлөрү бийликке жагалданып өз эрки менен бергендир.

Фонд 2001-жылы мурунку президент Аскар Акаевдин кызы Бермет, уулу Айдар жана академик Аскар Какеевдин демилгелери менен түзүлгөн.

Сүрөт delo.to.kg интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG