Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

ЖАЛАЛАБАТ: “СЕНТЯБРЬ” ТЕЛЕКАНАЛЫ КАЧАН ИШКЕ КИРЕРИ БЕЛГИСИЗ


Оппозициянын иш-аракеттерин кеңири чагылдырып келген облустагы «Сентябрь» --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/03/0F8822E9-5BC5-40D6-BD73-86A35DE389B1.asp телеканалы 20-марттан бери обого чыга элек. Анын көрсөтүүлөрүн токтотуусуна Жалалабат райондор аралык жана административдик-экономикалык маселелер боюнча облустук соттордун сыналгынын мунарасына байланыштуу чечимдери себеп болгон. Телеканал жетекчилиги ал чечимдерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен 28-мартта Жогорку сотко тиешелүү иш-кагаздарын жиберген. Жогорку соттон жетекчиликке доо арызды алгандыгы тууралуу 28-апрелде жооп келген жана иш жогорку сотто качан каралаары белгисиз.

«Сентябрь» телеканалы оппозициянын акциялары менен бирге жергиликтүү окуяларды да байма-бай чагылдырып, орусиялык телеканалдардын көрсөтүүлөрүн кечке көрсөтүп, таңкысын «Азаттык» үналгысынын эки сааттык берүүлөрүн Жалалабат жана Ош облустарынын чектелүү аймактарына уктуруп турган.

Облустук прокуратуранын доо арызын караган райондор аралык, кийин облустук сот анын мунарасына ажыратылган жерди майзамсыз деп тапкандан кийин сыналгы жетекчиси Асылбек Текебаев ал чечимдерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко 28-мартта документтерди жиберген. Анын аймактарды кыдырып жүргөндө телефон аркылуу билдиришинче сот 28-апрелде доо арызды кабыл алгандыгын билдиргени менен ал маселе качан каралаары белгисиз болууда. Ал соттон бир жактуу чечим чыкканча көрсөтүүлөрдү токтото туруу чечимине келгендигин айтты.

Төраганын орунбасары Тинатин Жусупованын айтымында, соттор көчүрүү чечимин чыгарган соң, мунараны башка жакка көчүрүү үчүн жер изделүүдө:

- Телемунара жайгашкан Топуракбел ашуусундагы 6 сотик таштак жеринин талашка түшкөндүгү болуп жатат. Бул жер мыйзам чегинде алынган болсо дагы азыр бийлик тараптан мыйзамсыз алынган деп сотто ишибиз каралып, ушул жер алынсын деп мыйзамсыз чечим чыгарылган. Облусттук сотко кайрылып анын жыйынтыгында дагы 17-мартта райондор аралык соттун чечимин өз күчүндө калтырды. Азыркы учурда биз Жогорку сотко атайын кассациялык арыз менен кайрылып, жыйынтыгын күтүп атабыз, буюрса жакын арада чыгып калабыз деген ойдобуз.

Асылбек Текебаевдин алгачкы доо арызы боюнча 17-мартта өз бүтүмүн чыгарган облустук соттун төрага орунбасары Камил Осмоналиев микрофонго сүйлөөдөн баш тартуу менен мунарага жер берүүдө райондук бийликтен уруксат алынбаганын жана мунара жайгашкар карта туура эмес чийилгенин билдирди.

Жалалабат райондор аралык соттун судьясы Арстанбай Айжигитовдун Текебаевден 455 миң сом өндүрүү талабын койгон облпрокуратуранын доо арызы четке кагылып, мунарага жер ажыраткан буйруктар туура эмес чыгарылганын айтты:

- Караалама токой чарбасынын жана Сузак токой бөлүмүнүн буйруктары жараксыз деп табылган. Токой чарбасы менен Текебаевдин ортосундагы келишим жараксыз деп табылган. Текебаев Асылбек ээлеп отурган жерден мунара жана инженердик имаратын бузуу жолу менен көчүрүлсүн деп чыккан чечим.

Адам укугун коргоочу Молдосалы Ибраимовдун пикири боюнча телеканалдын чыкпай калуусу менен жарандардын эркин маалымат алуу укугу чектелди:

- Эгерде ошондой эркин телевидение болгондо эл өзүнүн пикирин толук түрдө айтууга мүмкүнчүлүк алмак. Телевидениенин жалпы массага чыкпай калышы сөз эркиндигинин муунтулушу деп айта албайм, кандайдыр бир түрдө мен үчүн вакуум сыяктуу сезилет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG