Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

7:30 Нарында нааразылык иш-чаралары уюштурулат


Мындай билдирүүнү “Ишенбай Кадырбековду коргоо” комитети менен “Бектемир Акунов” атындагы коомдук фонд таратты. Анда: жер-суу, энергетика секторунун менчиктештирилүүсү, пансионаттардын, Каркыранын коңшуларга берилиши мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирет. Бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы чыккан атуулдардын бири – Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы, өткөн жылы табышмактуу өлүм менен каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмүнүн эмгиче ачылбай жатышы бул иштер бийликтин көрсөтмөсү менен атайын жасалгандыгын көрсөтүп турат, деп айтылган. Билдирүү ээлери президент Курманбек Бакиевден 19-майда Нарынга болуучу иш сапарына чейин
Кадырбековду эркиндикке чыгаруу талабын коюшуп, эгер талабы аткарылбаса мамлекет башчы Нарынга барган күндөрү нааразылык акцияларын уюштурарын белгилешкен. Президенттик басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев май айында мамлекет башчынын Нарынга иш сапары болжолдонбогонун “Азаттыкка” кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG