Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Осмон Артыкбаев “Азаттыктын” таңкы уктурууларына катышып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Социал-демократиялык фракция азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү чараларды көрбөй жатат деп өкмөт саясатын сынга алып жатасыздар. Сиздин оюңузча, өкмөттүн ишмердиги бул маселеде кайсыл жагынан өксүп жатат?

- Бул жерде маселе азык-түлүк гана эмес жалпы бардык нерсеге баалардын жогорулашы менен байланыштуу. Ошондой эле бул маселеде ички факторлордун дагы, сырткы факторлордун дагы таасири бар. Ошонун баарын талдап чыгып, башкарып калуу өкмөттүн чоң милдети. Ошондой эле акча саясатын башкарган Улуттук банктын дагы жоопкерчилиги чоң. Бирок булардын бааларды кармап калуу боюнча азыркы жүргүзүп жаткан иш-аракети бул маселени чечпей турган жол менен кетип атат.


- Өкмөт саясатында Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жагына басым жасап жатышат. Ошол эле учурда атка минерлердин армиясын кармоого кеткен каражатттарды кыскартуу жагынан сөз болбой жатат. Социал-демократтар ушул маселени козгошту эле учурунда.

- Башкаруу системасынын санын азайтып, сапатын арттыруу туура жол болмок. Бул боюнча жарытылуу иш жүрбөй жатат. Атка минерлердин саны көбөйүп, сапаты жакшыра элек. Бирок бааларды кармап калуу саясаты башка кеп. Бул акча саясаты. Бул жагынан Улуттук банк туура эмес жол менен кетип жатат. Бизге товар-продукциялар көбүнчө сырттан келет да. Ошого жараша да инфляция импорт менен байланыштуу болот. Ал үчүн Өкмөт башкача жол менен барыш керек эле. Мисалы, алдын-ала акча бөлүп, элге керектүү негизги продукцияларды өндүрүүгө, унга, буудайга болгон акчаны азыр топтоп, дыйкандар менен азыртан иш жүргүзүп, белгилүү бир деңгээлдеги баада келишим түзүп, күздө продукцияны ошол баа менен алып туруп, кайра элге алып чыкканда баанын көтөрүлүп кетишине чоң бөгөт болмок.


- Бюджеттен бөлүнгөн 320 миллион сом бул үчүн жетишсизби?

- Менин оюмча ушул 320 миллион сомду тиякка берип, биякка берип койгон жарабайт. Аны максаттуу түрдө закупка үчүн жумшап, бааны ушул убакытта кармап, келишим түзсө туура болмок. Экинчиден, инфляцияны кармоонун дагы бир туура жолу – 10-12 пайызга биздин сомдун курсун түшүргөнгө жол бериш керек. Ошондо доллардын курсу өсүп, өндүрүшчүлөрдүн чыгарган продукциялары экспортко кеткенге жол ачылат эле. Анын эсебинен акча көбөйүп, бул жерден дагы бир утушка ээ болмокпуз. Бирок ушуну да жасабай жатышат. Жанагы күйүүчү майга болгон бааны кармап туруунун дагы өзүнчө жолу бар. Түз келишимдер менен алып келип, багыттуу иш жүргүзсөк, бул дагы ошол бааны кармап туруунун жакшы механизми болуп калмак.

Маектешкен Айданбек Акмат уулу
XS
SM
MD
LG