Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

12:17 Нааразылык акцияларды өткөрүүгө жаңы демилгелер тегерек үстөлдө талкууланды


Тегерек үстөлдүн уюштурулушуна “Тынч митингдерди чогултуу тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору түрткү болду. Долбоорду Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев иштеп чыккан. Депутаттын тегерек үстөлдө билдиргенине караганда, долбоорго нааразылык акцияларын стратегиялык обьектилерден окчун өткөрүү, жолдорду, трассаларды тоспоо өңдүү чектөөлөр бар. Тегерек үстөлдүн Динара Ошуракунова, Азиза Абдырасулова, Темир Сариев өңдүү катышуучулары мыйзамды жаңылоого негиз жок экендигин, долбоордогу чектөөлөр иштеп жаткан мыйзамда деле көрсөтүлгөндүгүн белгилешти. Алардын баамында бийлик мыйзамды өзүнүн ыңгайына жараша каалагандай пайдаланып келатат. Ушул эле тегерек үстөлдө нааразылык акцияларына чектөө киргизген Бишкек шаар мэриясынын токтомун Конституцияга каршы келген одоно мыйзам бузуу катары белгиленди. Талкууну Бишкек пресс-клубу уюштурду. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG