Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

14:25 Кыргыз балбандары Римге жөнөп кетишти


Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Бээжинге жолдомо алуу үчүн эл аралык гран-при мелдеши өтүп жаткан Италиянын борбору Рим шаарына жөнөп кетишти. Алардын катарында 6 балбан, машыктыруучу жана спорт федерацияларынын жетекчилери бар. Бээжинге жолдомо алуу үчүн Рим калаасында Азиянын эки жолку чемпиондору Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, жаштар арасында дүйнө чемпиондору Азиз Бейшалиев, Жанарбек Кенжеев сыяктуу балбандар күрөшүшөт. Бул тууралуу өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбеков “Азаттыкка” билдирди. Азыркы тапта грек-рим күрөшүнөн жакында эле Түштүк Кореяда Азия чемпиону болгон Руслан Түмөнбаевдин Бээжинге жолдомосу бар. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG