Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Орусиялык “Вектор” аттуу стратегиялык иликтөө институтунун Кыргызстандагы иликтөөлөрү жарыяланды. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысына саясатчы Топчубек Тургуналиев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/A72F662E-0D16-4511-94EB-D97259CD4A46.asp жооп берди.

-Орусиялык “Вектор” аттуу стратегиялык иликтөө институту Кыргызстан системдик кризстин алдында турат деген корутундусун жарыялаптыр. Бул канчалык чындыкка туура келет?

-Дегеле Советтер Союзу учурунда эле системдик кризис башталган. Ошондон бери Кыргызстан канча жолу Конституция кабыл алса дагы, канча аракет кылса дагы ошол системдик кризистен чыга албай келатат. Атүгүл системдик кризис менин оюмча мындан кийин күчөшү мүмкүн.

Себеби бул бир жагынан жалпы дүйнөлүк тенденция абдан жаман болуп атат, баалардын өсүшү, экономиканын эң күчтүү өлкөлөрдө азайышы, анан кийин Кыргызстандын өзүнүн дагы мамлекеттик башкаруу системасы өтө начар болуп атат. Ошондуктан эч ким айта албайт, бул дүйнөдө Кыргызстандын жок дегенде бир тармагы абдан жакшы өсүп атат деп. Ушул системдик кризис өтө жаман болбосо дагы, белгилүү бир деңгээлде турат.

-Демек бул уланып келаткан процесс деп айтса болот экен да. Андан биз чыга элекпиз, туурабы?

-Ооба, уланып келаткан процесс. 2005-жылдагы элдик революциядан кийин дагы жаңы жетекчилер Кыргызстанды өсүү жолуна сала алган жок. Сиситемдик кризис уланып атат.

-Ушул кризиске баалардын өсүшү, энергетика тармагын менчиктештирүү канчалык деңгээлде коомдо нааразычылыкты пайда кылып, системдик кризисти канчалык деңгээлде дагы күчөтө алат?

-Пайда кылып эмес, пайда кылды. Дегеле коомдо революцияда миллиондогон адамдар тигил, же бул деңгээлде катышкан, жүз миң дегендери көчөлөргө чыккан. 2005-жылдын 10-июлунда президентти шайлаганда 90 пайызга жакыны абдан ишенип, ушунчалык ыраазы болуп турду эле. Азыр бул бийликке нааразы болгондор күндөн күнгө күчөп атат.

Ал эми нааразы болгондордон дагы бул бийликке каршы күрөшкөндөр дагы көбөйүп атат. Ошондуктан 2005-жылдан кийин революция бир дагы тарыхый талабы аткарылган жок, же болбосо ошол талаптар башталган да жок. Мисалы, кадрлар саясатын, экономиканы абалы, социалдык, руханий турмушка дагы, сөз эркиндигин кыскан, же укук коргоочуларды уруп-сабап, соттоп, жаштарды, көчөгө чыккандарды да соттогон. Демек биз элдик революциянын талаптарын аткарган жокбуз.

- Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү асыресе Россиялык “Вектор” институтунун иликтөөсүн чагым катары баалап жатышат. Буга бир жагынан негиз бар да. Анткени Жогорку Кеңештин 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштү эскерүү датасын белгилөөсү Россиянын Тышкы иштер министрлигинин нааразылыгын пайда кылган. Ошондой эле Канттагы орус аскердик базасынын аскеринин кыргыз МАИ кызматкерлери тарабынан атылышы дагы жумшак айтканда эки өлкөнүн ортосун жылытып жиберген жок. Ошондуктан “Вектор” уюмунун корутундусу кыргыз бийлигине карата кандайдыр бир эскертүү катары эмеспи?

-Кыргыз билийгинин тышкы саясатында туруктуулугу жок. Менин эсимде, 1991-жылдын аягында АКШ, Европанын бир топ мамлекеттери бизди колдоп, мамлекет катары таанып, демократиянын башталышына абдан жардам берген. Бир жагынан Шанхай уюмуна кирип алып Кыргызстан байланып калды, экинчи жагынан Орусия менен түздөн-түз байланыш болду. Ошондуктан өз алдынча тышкы саясат көпчүлүк учурда жок болуп атат.

Ал эми Орусия болсо Советтер Союзу учурунда эки кош кабат империяда жашап келгенбиз. Орусия Советтер Союзу деген империядан ажырады, ал эми нечен кылымдан, акыркы 10 кылымдан берки чогулткан империясы азыр да турат. Ошол Орусия империясынын ичинде дагы абал ушунчалык начар. Мисалы тышкы саясатты алалы, Орусия жарадар болгон аюдай Украинага дагы, Грузияга дагы, Прибалтика өлкөлөрүнө дагы ушунчалык кээде чап салып, ушунчалык ачууланып атат. Мурдагы жылдын 27-октябрда голодомор, демек тукумкурут, геноцид боюнча мыйзам кабыл алган.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG