Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

17:05 Ош облгубернатордун мурдагы орунбасары Жалалабат облсотуна доо арыз жөнөттү


Кушбак Тезекбаев облсоттон Жалалабат шаар сотунун өкүмүн жокко чыгарууну өтүндү. Анын белгилешинче сотто ага коюлган айыптардын бири да аныкталган жок. Орусиядан келген кайрымдуулук жардамдын бир сомун да алган эмес. Күнөөсү жоктугунан Бишкек жана Ош шаардык соттору анын ишин кароодон баш тартышкан. Тезекбаев маалымат каражаттарына да билдирүү таратып, анда үйбүлөлүк башкарууга, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы чыкканы үчүн жалган жалаа менен айыпталганын, кокус өмүрү кыйылса, аны президенттин инисинен көрүү керектиги тууралуу жар салган. Жалалабат шаардык соту 23-апрелде аны кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Күчөтүлгөн тартипте 5 жылга түрмөгө кесип, бир миллион сом айып пул төлөө жана үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу өкүмүн чыгарган. Ишке катышкан мамлекеттик айыптоочу Талант Аккозуев Тезекбаевге байланыштуу кылмыш ишинде саясий буюртма жок экендигин билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG