Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

17:34 Кушбак Тезекбаев: Мени кысып атышат, өмүрүм коркунучта...


Ош облусунун мурдагы губернатору Кушбак Тезекбаев “Азаттыкка” маалымдаганындай, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев аны биротоло кысып, күн көрсөтпөй, эркин майтарууга аракет кылып жатат. “Мени жалган жалаа менен айыпташып, бир сом далилдебей туруп 5 жыл күчөтүлгөн режим берип атышат. Мунун бардыгын Жаныш Бакиев уюштуруп атат. Ал бардык күч органдарын тейлейт. Анын кадрларынын бардыгынан мен губернатордун орун басары болуп турганда жакшы иштегиле деп талап кылып койгом. Жаныш Бакиевге өлкөнү бир эле адам башкарсын деп да айтып койгом. Эми ошого кысым көрсөтүп атышат. Мен облустук соттун чечимин күтөм. Түндүк-түштүктү чабыштырганга багытталган Бакиевдердин кылыктарынын бардыгын билем, далилдей алам. Бирок азыр аларды айта албайм, анткени өмүрүм коркунучта”,- деди К.Тезекбаев. Азырынча дарегине айыптоолор айтылган Жаныш Бакиев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Ош облусунун мурдагы губернатору Кушбак Тезекбаевге кызмат абалынан пайдаланган, мамлекеттик мүлккө зыян келтирген деген айып тагылып, 5 жылга күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген эле. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG