Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА ДООР: “ЖАНЫБАРЫМ ГҮЛСАРЫМ”


Кыргыз, казак, орус жана башка улуттагы композиторлор Чыңгыз Айтматовдун сахналаштырылган оюндарына, экрандаштырылган көркөм фильмдерине ар кандай жанрдагы музыкаларды жазышты жана жазышууда. Ошондой эле кыргыз, казак обончулары да залкар жазуучунун чыгармаларынын баш каарамандарынын тагдырларына, автордун өзүнө арнап обондорду жаратышууда. Алсак, көрүнүктүү обончу, эл артисти Калыйбек Тагаев Айтматовдун “Гүлсарат” аттуу повестинин каарманына жана авторго арнап “Жаныбарым Гүлсарым” аттуу обонду чыгарган.

- Калыйбек мырза, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Гүлсарат» аттуу повести үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына ээ болгонун жакшы билесиң. Өзү жашап жаткан турмушка өзгөчө берилген, ак ниеттүү элдин мүлкүн көзүнүн карегиндей сакталан туубаса таза, кошоматчылар, мансапкорлор, эки жүздүү “эт менен челдин” ортосунда жүргөндөрдүн келишпес душманы болгон повесттин баш каарманы Танабайдын канаты болгон Гүлсаранын жел жетпеген күлүктүгүн сыпаттаган “Жаныбарым Гүлсарым” аттуу обонду чыгардың. Деги Калыйбек мырза, бул ырыңды Чыңгыз Айтматовго, же Гүлсаратка арнадың беле? Обондун жазылышына ким себепчи болду эле?

- “Жаныбарым Гүлсарым” аттуу обонумдун чыгышы, жаралышы мындайча болгон эле. Ал кезде Нарын областтык музыкалуу драма театрында артист болуп иштөөчүмүн. Кезектеги гастролдо элек. Казакстындын Кызылордосунда гастролдо жүрүп “Жаныбарым Гүлсарым” аттуу обонумду чыгардым. Театрдын режиссеру Эрменбек Токтогулов “Чыңгыз Айтматовго арнап бир обон жазбайлыбы”, деп калды. Ошондо мен: - Ой, Чыңгыз ким, биз кимбиз, койсоңчу, - десем, “Чыкем да, мен да Шекреден болобуз. Чогуу окуганбыз”, - деп калды. Андай болсо макул дедим да, гастролдо жүрүп “Жаныбарым Гүлсарымды” жаздым.

Суусамырдан үч бригаданын артисттери жолкутук. Ошондо биринчи жолу Сагыйпа Чечейбаева көркүнө чыгара ырдады. Анан Өзбекстанда Кыргызстандын декадасы болуп калды. Ошондо да Сагыйпа ырдаганда өзбектер кадимкидей кол чаап жакшы кабыл алышты. Ал эми Ташкендеги театралдык институтундагы жолугушууда Сагыйпа ырдап чыкканда Чыңгыз агайыбыз аябай кубанып ырахматын айткан эле.

-Ырыхмат, Калыйбек мырза.

“Жаныбарым Гүлсарым”

Сөзү Э.Токтогуловдуку. Обону К.Тагаевдики

Деп, ошондо кыргызымдын тулпары,
Күлүктөрдөн күлүк чыккан Гүлсары,
Ак маңдайга алтын нуру төгүлүп,
Дүбүртүңдөн дүнгүрөдү жер шары.

Тери кургап билбеди басканы,
Тең узады текирени, таскагы,
Кылым билет ат жалына келгенде,
Кыйын келет кыргыздардын чапканы.

Эр Манастын куласындай чуркасын,
Жаныбарым, жаныбарым Гүлсарым,
Жел жетпеген учкул канат боло көр,
Темингенде тегеренип жер шарын.
XS
SM
MD
LG