Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Ата мекен согушунда 1942-жылы 6-августта эрдик көрсөтүп курман болгон Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин классташы, Карабуура районундагы Чимкент айылындагы Чолпонбай Түлөбердиевге арналган музейинин түптөөчүсү Ашыбек Шыйкынбаев тууралуу анын кызы Айчүрөк Шыйкынбаева “Азаттыкка” Таластан Уланбек Эсенгелди менен болгон маегинде атасынын жасаган иштери тууралуу айтып берди.

-Айчүрөк айым, Чолпонбай Түлөбердиевди атаңыз Ашымбек Шыйкынбаев кандай эскерчү эле?

-Атабыздын эскермелеринен билебиз, Чолпонбай жөнүндө айтканда, экөө кичинекей кезинен дос болушуп, ал убакта бир айылдан башка айылга жөө мектепке барышчу экен. Бир жолу Карабуура суусунан өтүп, ал суу шар агат да, анан атабыз ошол сууга түшүп кетип, сүзгөндү билбегендиктен агып баратканда, Чолпонбай эч ойлонбостон туруп боюн сууга таштап алып чыккан экен.

Атабыз, “бул кичинекей кезинен эле эрдик көрсөтө турган бала болчу, согушта да эрдик көрсөткөнү бекеринен эмес. Анткени өзү ошого ылайыктуу эр көкүрөк, кыйынчылык башка келгенде эч тайманбай турган жигит эле” дечү.

-Атаңыз Ашымбек Шыйкынбаев өзүнүн классташы Чолпонбай Түлөбердиевдин музейин түптөп, тургуза баштагандагы кыйынчылыктар тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

-Биздин атабыз 1968-жылы келген экен, ошол жылы Украинага Воронежге барып, ошол жерде музей бар экен, ал убакта “край таануу музейи” деп коет. Барса ошол жерде бир бурчунда биздин Чолпонбай Түлөбердиевдин бюсту турган экен. Барып эле музейинин жумушчуларына айтып бериптир, ушундай деп, алар абдан кубанышып, “биз ушул кишинин үйбүлөсү, жери жөнүндө байланышсакпы деп жүрдүк эле, абдан жакшы болду келгениңиз” деп, атабыз менен ошол жерден сүйлөшүп, ошондо алар сураптыр, “сиздерде Чолпонбайдын эмнеси бар?” деп. Ошондо атабыз абдан уялдым деп айткан. Чынында бизде ал кезде эч нерсе жок болчу.

Ошол жерден келип эле, өзү мектепте тарыхтан сабак берчү, мектепте “Чолпонбайдын бурчу” деп бурч ачкандан башталган бул иш. Ошондон уланып отуруп 1982-жылы расмий түрдө мемориалдык музей ачылып, ошондон бери Чолпонбай Түлөбердиевдин музейи болуп келатат. Атабыздын элибизге калтырган эң чоң салымы мен ойлойм ушул музей деп.

-Ушул музейдин алдында турган учакты сырттан алып келип койгондогу окуясы тууралуу эл оозунда бир топ сөздөр айтылып жүрөт. Ошол тууралуу кеп кылсаңыз?

-Ортоазиялык Түркстан согуш окуругу болгон, ошол жерге барып атабыз сураган экен, “экспонат музейге керек болуп атат” деп. Алар жүрүп турган боевой готовность танкты, анан учак беришиптир. Ошолорду Ташкенден товардык поездге жүктөп алып, Тараз шаарына чейин 10 күн дегенде келиптир. Эки жоокерди кайтартып бергендиктен, алар Жамбулдан Чолпонбайга чейин танкты дүңгүрөтүп айдатып келип атпайбы. Элдин баарынын жүрөгү түшүп, “эмне болуп кетти” деп. Көрсө жүрүп турган танкты чыгартып берген экен.

-Атаңыздын ишин улантып, музейди карап, оңдоп, түзөп, толуктап жатыптырсыздар. Бул иш оор болсо керек да. Азыркы бийлик башчыларынан эмнеден өтүнүп кетет элеңиз?

-Мурунку Советтер Союзу боюнча мындай музейлер үчөө-төртөө эле болчу. Азыр деле ошондой. Бул музейдин өзүнүн түзүлүшү боюнча, ичиндеги материалдары боюнча 3-4 музейдин бири болуп эсептелет. Бул музейди унуткарбай, мындан ары өркүндөтүү үчүн мен ойлойм жеке эле айыл өкмөт менен чектелип калбай, республикалык деңгээлде каралса, штаттар ачылса, Маданият министрлиги да караса. Ушундай музейлерди жок кылбай, тескерисинче өркүндөтүп, элибизге, жерибизге мындан ары дагы чоң-чоң маанидеги музейге айланса деген ой бар.

-Маегиңизге ырахмат.

Сүрөттө Чолпонбай Түлөбердиевге арналган музейдин түптөөчүсү Ашыбек Шыйкынбаев.
XS
SM
MD
LG