Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Былтыр шаардык кеңеш тарабынан жыйын, пикет --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/D147C5D7-4707-49D6-A810-679782DD5D7A.asp сыяктуу нааразылык акцияларын өткөрүүнүн жаңы тартиби бекитилген. Ал жарандык коом жана оппозиция тарбынан катуу сынга алынган. Айрым укук коргоочулар шаар бийлигинин бул токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине да кайрылган. Ошол эле маалда парламентте Исхак Масалиевдин демилгеси менен жаңы мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Ал кечээ, 8-майда депутаттардын, аткаруу бийлигинин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан тегерек үстөл жыйынында талкууга алынды.

Адилет министри Марат Кайыповдун айтымында, тынч митингдерди, нааразылык чараларын өткөрүү - бул Конституцияда каралган ар бир жарандын Кудайдан берилген укугу. Министрдин белгилешинче, “Тынч митингдерди өткөрүү тартиби” жөнүндө мыйзамда ар бир топтун кызыкчылыгына шек келтирбей турган, ошону менен катар өлкөнүн биримдигине, коопсуздугуна коркунуч алып келбеген нормалар так жазылышы керек:

- Биз саясый пикет, саясый жөө жүрүш менен башка маселелер менен чыккан пикеттерди мыйзамда так аныктап алышыбыз керек.

Ал эми “Тынч митингдерди өткөрүү тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоордун демилгечиси, парламент депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, жарандардын бир тобу өздөрүнүн укугун коргойбуз деп калган жарандардын укугун бузганы туура эмес.Ушундан улам депутат бир катар чектөөлөр киргизилгенин белгиледи:

-Киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө токтолсом, анда жергиликтүү администрация органдарына митинг жана коомдук иш чараларды өткөрүүгө уруксат бербеш үчүн сотко кайрылуу укугун берип жатабыз. Мындан тышкары митинг, пикеттер президенттин резиденциясынан, Жогорку Кеңештин имаратынан, окуу жайлардан, аскерий мекемелерден, соттордон, кооптуу делинген объектилерден жана башка ушул сыяктуу жайлардан 30-50 метрден алыс жерде өтүшү керек.

Мындай чектөөлөрдүн тизмесин коомдук демонстрациялар эртең мененки тогуздан кечки саат сегизге чейин өткөрүлсүн жана чатырларды тигүүгө тыюу салынсын деген сунуштар толуктады.

Депутаттын белгилешинче, мындай чектөөлөр мамлекеттүүлүктү сактап калуу масатында киргизилүүдө.

Өз кезегинде акыйкатчы Т. Акун депутат И. Масалиев иштеп чыккан бул мыйзам долбоорун демократиядан артка чегинүү катары баалады:

- Мен дароо эле айтам, бул мыйзам долбоору демократиядан артка кетүү деп. Бул мызам долбоорду иштеп чыгып жатканда жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын, укук коргоочулардын пикирлери да көңүлгө алынышы керек эле.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун белгилешинче, башка постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жыйындарды өткөрүү боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар либералдуу болуп саналат. “Эми, - дейт акыйкатчы - республика көп жылдардан бери чоң күрөш аркылуу ээ болгон жетишкендиктерден арылып калуу коркунучу алдында турат”.

Тегерек үстөлдүн Темир Сариев, Динара Ошуракунова, Азиза Абдырасулова өңдүү катышуучулары мыйзамды жаңылоого негиз жок экендигин, долбоордогу чектөөлөр учурдагы мыйзамда деле көрсөтүлгөндүгүн белгилешти. Укук коргоочулардын сынына кабылган жагдай, бийлик мыйзамды өзүнүн ыңгайына жараша каалагандай пайдаланып келатканы болду.

2007-жылы 30-ноябрда Бишкек шаар кеңеши көчө жыйындарды, нааразылык билдирүүлөрдү өткөрүүнүн жаңы тартибин бекиткен. Ага ылайык башкалаадагы нааразылык иш-чаралары Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы аянтта, М.Горький эстелигинин жанында, ошондой эле Жаш Гвардия, Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жаштык” шаар багында гана өтүшү керек. Мындан 7 жыл илгери Бишкек шаар кеңеши нааразылык билдирүү аракетин чектеген ушуга окшош эле чечимин кабыл алган, аны кийин - 2004-жылы Конституциялык сот жокко чыгарган.

Азиза Абдырасулова: “Саясатчылар бийликте калыш үчүн мыйзамдарды ойлоп табууда”

Экс-депутат, Коомдук парламенттин мүчөсү Темир Сариев адамдарды, саясый топторду нааразылыкка митингдерине, демонстрацияларга чыгууга бийлик өзүнүн ушуга окшогон туура эмес кадамдары менен түртүп жатат деген көз карашта:

- Митинг деген эмне? Бул - жарандардын кайсы бир бөлүгүнүн бийликке өз мүдөө-көйгөйлөрүнө көңүл бурдуртуунун бир жолу. Эгерде ал кайсы бир чечим менен макул болбой, же аны эч ким укпаса, ал Конституцияда көрсөтүлгөн пикет, митингге чыгуу укугун пайдалаганынын эмнеси жаман? Албетте кандайдыр бир чектөөлөр болушу керек. Мени таң калдырганы, учурда бийликте, парламентте отургандардын көбү ошол эле 2002-2003-жылдары бул маселе боюнча такыр башкача сүйлөп келишкен да. Бул кайсы бир маселе боюнча аларда принциптин жоктугун көрсөтүп турат.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова митинг, жыйындарды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу саясатчылардын саясий оюндарынан улам бузулуп жатат деп эсептейт:

-Биздин саясатчылар өздөрүнүн кир саясый оюндары менен жарандардын жыйындарды өткөрүү укугунун бузулушуна алып келди. Муну дал ошол саясатчылар бийлик талашып жасашты. Алар бийликтен кетириш үчүн, бийликте калыш үчүн ар кандай шылтоолор менен чектөөлөрдү, мыйзамдарды ойлоп таап жатышат. Бүгүн бийликтин адам укуктарына каршы колдонуп жаткан куралы эртең айланып барып өздөрүнүн башына тиет.

Талкуу-жыйындын соңунда укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү парламент депутаты И. Масалиевге мыйзам долбоорун иштеп чыгууда укуктук, кеңеш жагынан жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
XS
SM
MD
LG