Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

КЫРГЫЗСТАН АБА МАЙДАНЫНДА ЭСКИ УЧАКТАРДЫ УЧУРБАЙТ


Премьер-министр Игорь Чудинов --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/414C73A5-BE51-47CF-B68E-47FC5020B3D7.asp өлкөдөгү аба майданындагы учактарды кайрадан каттого алуу тууралуу токтомго кол койду. Токтомдо заводдон чыкканына 30 жылдан ашкан өлкөдөгү учактар учур талабына жооп бербестигин текшерүүдөн өтүп, учуусуна тыюу салынаары айтылган. Себеби Европа Биримдиги Кыргызстанда катталган 27 авиакомпанияга өз аймагынан учуп өтүүгө тыюу салганы ушундай кадамга барууга аргасыз кылгандыгын адистер айтышууда.

Адистердин айтымында, өкмөт мындай чарага баруусуна өткөн жылы Каракужурда кыйроого учураган ЯК-40 учагы, Кыргызстандагы аты бар, бирок заты жок авиакомпаниялардын көптүгү себеп болгон. Калктын коопсуздугун сактоого арналган өкмөттүн бул токтомунда заводдон чыкканына 30 жылдан ашкан учактарды учууга тыюу салынаары айтылган.

Өлкөнүн граждандык авиация департаментинин директорунун орун басары Алымбай Абакировдун пикиринде, чет мамлекеттерден келип Кыргызстанда катталган авиакомпаниялардын учактары да пайдаланылганына 25 жылдан ашуун болбошу зарыл.

-Ал эми 2010-жылдан баштап чет өлкөлүк эски учактары бар авиакомпанияларды каттоого албоо тууралуу өкмөттүн чечими чыкты.

Өлкөнүн граждандык авиация департаментинин директорунун орун басары Алымбай Абакировдун маалыматына караганда өкмөттүн бул токтому менен жарандык авиация тармагында реформалоо жана жаңылануу болмокчу.

Парламентте дагы бул маселе көп ирет талкууга алынганын, өкмөт акыры туура чечим кабыл алганын “Ак жол” фракциясынан Жогорку кеңештин депутаты “Эсен-эйр” авиакомпаниясынын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуев айтып, чет өлкөлүк авиакомпанияларды Кыргызстанда каттого каршы экендигин, алар казынага бир тыйын да салык төлөбөй, алардын жел каттоодогу учактары Кыргызстанга бир да жолу келбегендигин билдирди.

-Биз өзүбүз аивацияда бир топ жылдан бери эле иштеп жүрөбүз. Биз апрель айында ачылганбыз, бирок буга чейин көп жылдан бери даярданып жүрчүбүз. Бул өтө чоң жетишкендик деп деле ойлобойбуз, азыр биздин тегерегибиздеги коңшулар өзбек, түркмөн, казактар мурунтан эле өзүлөрүнүн авиапарктарын жаңылап “Боинг” учактарына өткөн болчу. Бизде ушуга убакыт келип жетти, ушул долбоорду ишке ашырганга аракеттенип, буюрса азыр жол ачылганы калды.

Өлкөдө 28 авиакомпания бар. Кыргызстан өзү кичинекей мамлекет болгондон кийин, абада жүрүү рыногу да аябай тар, ошого карабай 28 авиа компания бар. Өкмөт өзүнүн саясатын менин оюмча түп тамырынан өзгөртүш керек. Себеби, 28 авиакомпаниянын ичинен кыргыз капиталына түзүлгөн 2-3 эле компания бар. Калганынын бардыгы сырттан келген коноктор.

Биздин шарттарыбызга ылайыктуу келип, өз кызыкчылыктарын ойлоп, биздин чиновниктерге пара берип, бул жерде регистрацияга туруп алышкан. Алардын Кыргызстандыкы деген аты гана бар, бирок заты боюнча башка элдин авиакомпаниялары. Алар биздин өлкөнүн казынасына бир тыйын да салык төлөбөйт. Ошон үчүн, мен ойлойм, Кыргызстанга конкуренция болуш үчүн 4-5 эле компания жетет. Чет өлкөлүк авиакомпанияларды каттоого алып, Кыргызстанга киргизбөө керек.


Түркиянын “ASM” авиакомпаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү Жума Абдуллаевдин айтымында, Түркиянын жана Европадагы ири авиазаводдордун жаңы учактарын лизинг менен сатуу келүү үчүн өкмөт кепилдик берүүгө жарабай жатат. Өкмөт мындай учактардын жашын чектөө менен өздөрүнүн авиопаркын түзүү максатын көздөп, аба мейкиндигине өз монополиясын орнотууну көздөп жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG