Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Ө.ТЕКЕБАЕВ: “БИЙЛИК ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАДАН КАБАРСЫЗ”

  • Ырысбай Абдыраимов

“Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/FEEFD476-E9A3-46A3-9DC1-B06D2BAAE2B6.asp Жалалабатка келгенде кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимовдун бир нече суроолоруна жооп берди. Ө.Текебаев "Ар намыс” партиясынын төрагасы Ф.Куловдун президент менен иштеше башташканы тууралуу өз пикирин айтып, “Ата мекендин” өкүлдөрүнө кысым көрсөтүлүп жатканын токтолду. Мындан тышкары Ө.Текебаев Казакстандан алынчу 300 миң тонна буудайга төлөнчү каражаттарды кыргыз дыйкандарына төлөсө болмоктугун жана Каркыра жайлоосу Казакстанга берилгенде Кыргызстан Хантеңгри тоосуна барчу жолдон жана Ысыккөлгө куючу көптөгөн дарыя-суулардан айрылгандыгын айтты.

-Өмүрбек мырза, “Ар намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов жакында президент менен жолугушуп кызматташа баштаганына пикириңиз кандай?

-Cаясий жумушту алып баруунун ар кандай ыкмалары бар. Ар бир саясатчы партия өзүнө туура келген ыкманы тандап алганга толук укуктуу, биз ага түшүнүү менен мамиле жасашыбыз керек. Ал эми “Ар намыс” партиясы оппозициялык маанайда калып туруп, бийлик менен кызматташканга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал кызматташуу сырттан инвестиция алып келип реалдуу тигил, же бул объектилерди куруу багытында болмокчу. Бирок муну “Ар намыс” партиясы эмес, анын төрагасы жеке Кулов тарабынан болгону турат.

Бирок ар бир саясатчы, ар бир атуул өзү саясий тагдырын тандап алганга, бийлик менен иштешүүнүн методун тандап алганга укуктуу. Ал канчалык ушул тарыхый кырдаалда зарыл кадам болду - аны убакыт көрсөтөт. Менин билишимче бул дирекция мамлекеттен акча албастан өзү каржылана турган кызмат болуп отурат. Муну толук пландагы мамлекеттик кызмат деп айтуу деле мүмкүн эмес. Анткени мамлекеттен, өкмөттөн тыйын жана башка нерсе сураган жок. Долбоордун үстүнөн иштегенге аракет кылып атат.

Эмне үчүн зарылчыгылы бар эле? Бүгүн өлкөдө бир нерсе кылам десең сөзсүз уруксат алышың керек. Эгер сен бийлик менен мамилең жок болсо, инвестор дагы сени менен иштебейт, сенин жакын тууганың дагы салам бергенден коркуп айланып качат. Ушундай чоң инвестиция алып келип, ГЭСтерди курам дегенден кийин Кулов ушундай кадамга барып, чет элдеги инвесторлорго мына баары жайында, биз ГЭС курсак болот, куугунтуктабайт, тартып алып койбойт, бул жагы сүйлөшүлдү деп эл алдында ачык айтып, аларга көргөздү. Болбосо айлынып өтүп калат.

Мына “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү куугунтукталып атат. Тарапкерлери, жардам берген адамдар куугунтукталып атат. Бизди анча-мынча бизнеси бар адамдар айланып качып калышты. Баягы Акаевдин заманындагыдай жөнөкөй мугалим, кетмен чапкан дыйкан биздин партиянын негизин түзөт. Эгерде жеке бир тармакты, бир долбоорду күчөтөм десең салам айтып барып уруксат алмайынча, аны жасоо мүмкүн эмес. Ошондуктан биз башка жолду тандап алдык - келишкис оппозиция деген.

-Демек, азыркы бийлик менен кызматташуу оюңуз жок экен да?

-Мен жеке өзүм бир нече жолу айттым, Бакиевдин алдында, анын жанында, анын колунан алып бир кызматта иштейин деген оюм жок. “Ата мекен” партиясынан көптөгөн лидерлери ушундай ойду тутунат. Бирок биздин карапайым мүчөлөрүбүз ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштесе болот, аларга биз уруксат гана бермектен, жардам да беребиз. Анткени адамдар иштеш керек, өзүнүн талантын, мээнетин коом үчүн, өзү үчүн пайдаланыш керек. Ошондуктан майда-чүйдө бизнесмендер, майда-чүйдө мамлекеттик кызматта иштегендерди биздин саясатка каршы келбейт дейбиз.

Анткени алар мамлекеттин жалпы саясатын аныктаган кызматтар эмес, алар жөнөкөй катардагы техникалык кызматтар. Андай жерде биз иштегенге мүмкүндүк беребиз дагы, чоң саясий кызматтарды алып, Бакиев менен жоопкерчиликти тең бөлүшө турган статустагы кызматтарда иштебейбиз деген, баары эмес, бир топ партиянын өкүлдөрү бар.

“Өкмөт ойлонулбаган кадамдарга барып жатат”

-Бийликтин экономикалык-энергетикалык саясаты сизди канааттандырабы?

-Бийликте Кыргызстандын кызыкчылыгы жөнүндө таптакыр түшүнүк жок. Ошондуктан биздин өкмөт жүргүзгөн саясат Кыргызстандын экономикасына тескерисинче залакасын тийгизип жатат. Мына дүйнөдө азык-түлүк кризиси башталганы бир топ жылдан бери эле билинип калды. Ушундай бизге былтыр август айында келген, баа көтөрүлүп чаң-тополоң түшүп жатып калганбыз.

Ошол кезде “Ата мекен” партиясы аналитикалык тыянак жасап, мамлекетке бир топ сунуштарды киргизгенбиз. Мына ошондон бери Кыргызстанда реалдуу бул багытта эч иш жасалган жок. Муну жакында өкмөт башчы Чудинов айтты “биз эч иш кылбаптырбыз, буудай былтыркыдан көп эгилбептир” деп.

Президент Бакиев Казакстанга барып жаңы кымбат баада 300 миң тонна буудай сатып алам деди. Бул бизге керектүү буудайдын 30 пайызы. Бул деген минимум 150 миллион доллардан ашык акча казак дыйканынын дасторконуна кетип атат деген сөз. Бул Кыргызстандын айыл-чарбасын колдобостон, тескерисинче өлгөнгө көмгөн кыла турган кадам болду.

Мына ушуга окшогон ойлонулбаган кадамдар бул өкмөттүн даярдыгы жок экендигин, алар дүйнөлүк тенденциядан кабардар эмес экенин, алардын Кыргызстанга кандай таасири тие турганын аңдап, анализ бергенге жөндөмү жок экенин көргөздү. Мисалы, кечээ эле президент Бакиев “Ак жол” партиясынын үчүнчү съездинде газы, көмүрү бар өлкөгө сыймыктанбагыла, алар убактылуу, эртең аларга баа түшүп кетсе эмне болот деп алар үчүн кейиди.

Дүйнөдөгү энерго рынок, энергетиканын келечегин жөнөкөй карапайым адам да билип калды. Энергияны керектөө күндөн-күнгө көбөйүп атат. Энергетиканын ресурстарынын саны нефть менен газ күндөн-күнгө азайып атат. Жакынкы 10-15 жылдан кийин биз аны өндүрүп алуунун максимумуна жетип, андан ары ал кайрадан ылдый төмөндөп түшөт. Дүйнөдөгү запас түгөнөт. Баа дагы асмандайт. Бир барель нефть мурункудай болуп 17 долларга түшпөйт. Бүгүн 120 доллардан ашып 123кө жетти. Президент Бакиев арзандап түшүп кетсе алардын экономикасы талкаланат дегенден кийин дагы баа жогору көздөй 5 долларга секирди.

Дүйнөдөгү баа эсептелинген, качан түгөнөт, баа качан кандай болот - алдын ала аныкталган. Ушул кезде президенттин ушул билдирүүсү ал дүйнөлүк кырдаал менен, энергетиканын абалы менен жакшы тааныштыгы жок, ал абалдын Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизгенин аңдабай, жоопкерчиликсиз билдирүү болуп калды деп мен эсептейм. Мына ушул билдирүүнүн өзү дүйнө экономикасы кайда кетип атат, анын Кыргызстанга таасири кандай экендигин билбегендиги.

Мына билбегендигинин кесепетинен мамлекет бул жаман менчик ээси, ал башкара албайт, анын шайы ооду, шал болду, баарын биз жеке менчикке коммерциялык принцип менен берип салышыбыз керек деп, Бишкектин суу, жылуулук, энергетика, газ тармагын жеке менчикке өткөрүп коммерциялык принцип менен иштейм дегени бул дүйнөлүк саясатты, кырдаалды билбегендиги. Ал эми биздин энергия ресурстарды башкарууну башкаларга беребиз, же менчигине өткөрүп беребиз деген өкмөттүн аракети дагы бул дүйнөлүк абалды түшүнбөгөндүк, Кыргызстандын кызыкчылыгына карама-каршы иштегендиги.

“Мигранттардан келген акча Кыргызстанга жукпай жатат”

-Казакстандан буудай сатып албай эле, Кыргызстан азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү чечсе болот беле?

-Эң биринчи кезекте биздин мигранттар эң кыйын татаалда Кыргызстанга 2 млрд. доллардан ашык акча жөнөтүп жүрөт. Бир дагы Кыргызстандын президенти бир жылда 2 млрд. доллар алып келе алган жок. 15 жылда карызга алдык. Бул кайтарымсыз бизге келип аткан акча. Мына инвестиция. Бирок ошол акча бизге жукпай атат, бизге тамак болбой атат. Ал келип-келбестен туруп босогону аттабастан туруп, кайра артты көздөй Казакстан менен Орусияга жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кетип атат. Өкмөт ошол акча ушул жерде калып экономикага иштегенге шарт түзүшү керек. Кыргызстандан акча чыкпастан, товар чыкканга аракет кылышыбыз керек. Анын ордуна президент барып минимум 150 миң долларга кем эмес акчага 300 миң тонна Казакстандан буудай сатып алам дейт. Кыргызстан буудай менен өзүн камсыз кылып, ошол 150 миң доллар кыргыз дыйканынын чөнтөгүндө калышы керек эле.

Өкмөт биз суунун, энергетиканын үстүндө отурабыз, жарым миллиард киловатт электр энергияны Тажикстандан, Өзбекстандан, же Казакстандан сатып алам деп турат. Буга дагы миллиондогон акча кетип атат. Кыргызстан 100 млн. доллардан ашык акчаны көмүрдү импорттоп алып келгенге кетип атат. Биз көмүрдүн үстүндө отурабыз, биздин көмүрүбүз бүт Ортоазияга жетет. Тилекке каршы көрдүңүз, ушул үч эле статья боюнча жарым миллиарддан ашык доллар сыртка чыгып кетти. Мен калган майда-барат буюмдарды, суу майы, күйүүчү майлар жөнүндө сөз кылбай эле коеюн. Эгер алардын баарын эске ала турган болсок, бизге жук болбой аткан себеби ушул экен. Анткени ал акча экономикага иштебей эле, импорттолуп келген күндө керектөөчү зарыл товарларга кетип калып атат экен.

Өкмөт өз атамекендик өндүрүшүн коргоп, шахтыларды колдоп, 100 миллион доллар Кыргызстанда калгандай кылыш керек. Мына мамлекет былтыр, быйыл көмүр өндүрүү тармагына болгону 30 млн. сом гана бөлдү. Акаевдин убагында жылына 60 млн. сом бөлүнчү. Тилекке каршы бүгүнкү өкмөт атамекендик өндүрүштү колдобостон чет элдик өндүрүштү колдоп атат, алар алып-сатарлык менен иш алып барып калып атышат. Арзан казактын көмүрүн алып келдик, башты оорутпайлы деп атат.

ТЭЦти жана башкаларды казак бизнесмендерине сата турган болсок алар биздин көмүрдү албайт, зордоп да алдыра албайбыз. Биздин ресурс кыргыз элине иштегендей шарт түзүшүбүз керек эле. Тилекке каршы өкмөт чет элдик капиталдын жетегинде калды. Алардын биз энергобарандор деп айтып жүргөн топтуп таасири алдында Кыргызстандын кызыкчыгына каршы саясатты жүргүзүп жатат.

-Президенттин жарлыгы менен кыргыз-казак чегарасы бекитилгенден кийин Кыргызстан кайсы жагынан уттурду деп эсептейсиз?

-Каркыра биринчиден биздин тарыхый жер. Биз тарыхыбыздан айрылдык. Экинчиден, бул стратегилык жер. Анткени Хантеңгри үчкө бөлүнүп, Кытай тарабы Кыргызстан, Казактан тарап болуп Хантеңгриге чыга турган эң ыңгайлуу база түзүлгөн жол кыргыз тарабында болуп, ошол жол Кыргызстандын аймагынан өткөн экен. Мына биз ошол коммуникциялык мүмкүнчүлүктөн ажырадык. Ал жерден бир топ майда дарыялар Казактан тарапка агып кеткендер да болгон. Союз убагында ошол дарыяларды буруп Ысыккөлдүн суусун толуктайбыз деген долбоор болгон. Эми ошол долбоорду ишке ашырабыз демек дагы мүмкүн болбойт. Анткени ошол дарыялардын нуктарынын баары казак аймагында калды. Мына ошентип биз стартегиялык утулушка ээ болдук.

-Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG