Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Быйыл дүйнөдө 650 миллион ашуун тонна кызыл дан өндүрүлүп алыш мүмкүндүгү болжолдонууда. Былтыр бул көрсөткүч 600 миллиондон бираз ашкан. Ошол себептүү айрым адистер нан тартыштыгы айрым бир кедей өлкөлөргө эле жайылбаса, калгандары тамак-аш таңкыстыгына кабылышы күмөндүү экенин белгилешүүдө. Кыргызстанда быйыл дан эгиндери --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/F987C33B-503F-4288-BC9C-6525DF57400D.asp былтыркыга караганда 53 миң гектир жерге арбын себилди. Бирок да анын да кыйласын эрте жаздагы үшүк алып, эчен эмгек, кыйла мээнет талаага кетти.

Эларалык дан азыктары кеңешинин быйыл жалпы дүйнө боюнча 650 миллион тоннага жакын кызыл дан жыйналып калышы мүмкүндүгүн ырастаган токпейил божомолуна карабастан, жыл башынан бери азык-түлүктүн баасы жогорулагандын үстүндө эле келатат.

Каатчылыктын азарын дагы деле кедей өлкөлөр, дан жагынан башкаларга көз каранды мамлекеттер тартканы турат. Мурдагы жылдарда артыкбаш эгин өндүрүүнү тыйып келаткан Европа биримдиги дыйкандарга бу жылы чектөө койгон жок.

Экономикалык маселелер боюнча эксперт Олаф Хейделбахтын ырасташынча, биримдикти ойлонтчу маселе данга байланыштуу эмес.

- Европалык фермерлер жалаң эле өз базары эмес, дүйнөлүк базарга сата турган эгинди өндүрүшөт. Менин оюмча, европалык фермерлердин болушунча эгин өндүрүүгө буямасы жетет. Европа биримдиги өзүнө жетишерлик азык-түлүктү өндүрүп, эларалык базарды колдоп турууга кызыкдар. Бирок да биримдик энергетикалык ресурстарды башка жактардан алып келишке мажбур.

Энергетикалык ресурстар, айрыкча күйүүчү майлардын баасынын көкөлөшү деле артынан азык-түлүктүн кымбатташын ээрчите келери турган иш.

- Албетте, бул экономикалык өнүгүштүн жайлашына азык-түлүк менен энергетика баасынын көтөрүлүп кетиши өзүнүн таасирин көрсөтөт. Ошондой эле ал Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу аракетине да салакасын тийгизет. Кризистин кээрин жону жука калк өзгөчө тартат,- дейт Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Рожер Робинсон.

Р.Робинсон Кыргызстан ачык экономикалык саясат жүргүзөт. Ошол себептүү дүйнөлүк азык-түлүк базарындагы баалардын өйдө-төмөн оош-кыйыштары бул жерде өз салакасын тийгизет деген пикирде. Ушул эле ойду Бишкек шаар тургуну Гүлнура да ырастайт.

- Себеби мурда 500 сомго же болбосо 1000 сомго биртоп эле продукт келген болсо азыр 1000 сомго чындап келгенде бир мүшөк ун дагы келбейт. Ундун баасын 1200 сом деп айтып жатышат. Ошондой алып жатабыз. Анан да күнүмдүк керектелчү буудай азыктары: кесмелер, макарондор, булардын баасы кескин көтөрүлдү. Мурда бир кило кесменин баасы 17 сом болсо азыркы баасы 36 сом.

“Талас менен Чүй облустарында 101 миң гектир жерди үшүк алып кетти”

Өткөн жылы Кыргызстан айыл чарбасындагы өнүгүү 1,4% араң чыгып, азык-түлүк бааларынын кескин көтөрүлүшүнүн айынан инфляция деңгээли 20% ашып кетти. Айрым адистердин ырасташынча, инфляция деңгээли расмий статистикалык көрсөткүчтөн кыйла жогору болду.

Өткөн жылдын сабактарын эске алган Кыргызстан дыйкандары бу жылы 53 миң гектир жерге дан эгиндерин мурдагысынан арбын себишкенин Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү министринин орунбасары Байымбет Мураталиев маалымдады.

- Мына былтыркы эле баалардын көтөрүлгөнүнөн быйыл элдер буудай себүү жагына аябай көңүл буруп жатышат. Анан сиз айтып жаткан кечээки 17-19-апрелдеги үшүк. Бул үшүк чынында аябай чоң зыян келтирип кетти. Мына сандарга кайрылсак, 101 миң гектир жерди үшүк алып, жабыркады. Бул эми айрыкча Талас менен Чүй облустарында.

Кыргызстан айыл чарбасын каптаган кризистик абалдан чыгуунун бир амалы катары өкмөт жергиликтүү дыйкандардан базар баасында 300 миң тоннага чейин буyдай сатып алууну көздөөдө. Айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министрлиги Агроөнөржай корпорациясын түзүү сунушун билдирүүдө.

Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги “Буудай”, “Жүгөрү” программаларын ишке киргизүүнү туура көрүүдө. Дыйкан-малчылар болсо өкмөттүн алдагыдай аракетине анчалык ишенбей, табият келтирген зыяндын ордун кантип толтуруу, күйүүчү май, үрөн, химиялык жер семирткичтерди кайдан табуу аргасы менен алек.
XS
SM
MD
LG