Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Алдыдагы жекшембиде Сербияда парламенттик шайлоо болот. Бул өнөктүк Косовонун Митровица шаарындагы калктын да саясий бүйүрүн кызытты. Калаадагы серб жамааты Косовонун эгемендигин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/F8FCE56A-2E73-4FC4-9C32-84A8105C5CCA.asp дале тааный элек. Алар 11-майда Сербиянын парламентин шайлоого катышып, өздөрү колдогон партиялар менен талапкерлерге добуш бергиси келишет. Шаардын албан жамааты буга каршылыгын билдирүүдө.

Митровица иш жүзүндө экиге бөлүнүп алды. Калктын бир жааты – албандар өздөрүн көз карандысыз жаңы мамлекеттин – Косовонун жараны эсептешет. Серб жааты болсо Приштинанын бийлигин тааныбайт. Алар Митровицаны серб жана албан анклавдарына ажыратып, экиге бөлүп алууну каалашат.

Бул планды жактаган жергиликтүү сербдердин бири жаңы мамлекет жөнүндөгү кептерди укканда куйкасы курушуп кетерин жашырбады. “Мунун мага эч кандай тиешеси жок, -дейт ал. - Менин бүт тамырым ушу жерде, ата-жотом ушерде өткөн, бала-бакырам, тууган-уруктарым – баары Митровицада. Андыктан бу жерден эч качан кетпейбиз”.

Ырасмий Белград да Митровицаны серб улутунун “бешиги” деп эсептейт жана анын Сербиянын курамында калышын каалайт. Буга жергиликтүү албандар караманча каршы. “Мен аларга айткым келет: Митровица бөлүнбөйт, Косовонун чек арасын Евросоюздун миссиясы аныктаган, ага ылайык бу жердин баары Косовонун өкмөтүнө карайт. Бу жерде эми биз мамлекетпиз, баары биз айткандай болушу керек”, - дейт шаардык албандардын бири.

Быйыл июнда Косовонун конституциясы ырасмий түрдө күчүнө кирет. Ошондон соң бул жерди көзөмөлдөгөнгө Приштина өкмөтүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт дешет. Мындан тышкары Митровица проблемасынын чечилишине Сербиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы да чоң таасирин тийгизе алат. Эгер улутчулдар партиясы утуп чыкса, анда Митровицада кырдаал кыйындайт. А кокус европачыл күчтөр – президент Тадичтин тарапкерлери жеңсе, анда маселенин чечилиши жеңилдеши мүмкүн.

Митровицалык сербдердин бири абалды курчутпай,мунасалуу чечим табуу керектигин моюнга алды. “Бирок баары бир биз Сербия менен байланышта калышыбыз зарыл, бул жерде серб мамлекетинин бийлик органдары болууга тийиш. Менимче, мындан өткөн реалдуу жол жок”,-дейт ал.

Албан тарабындагыларга бу план жакпайт. Алардын бири өмүр бою эгемендикти эңсеп жүрүп, жашы улгайган кезде ага жеткенин айтып, акырындап баары өз ордуна келерине, жаңы мамлекеттин амири бардык жерде тааныларына бекем ишенерин билдирди.
XS
SM
MD
LG