Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:23

Амирбек Усманов, Прага 11-майда Сербияда өтчү парламенттик шайлоо өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү. Себеби серб коому европачылдар жана улутчул-россиячылар болуп эки жаатка бөлүнүп турат. Коом руханий жактан тазалануу үчүн Сербиянын азыркы жетекчилиги Слободан Милошевичтин бийлиги 1992-95-жылдары босниялыктарга --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/11/97BA7732-53FA-406D-9720-1CAA5574AAD5.asp каршы жүргүзгөн согушту сындап, ал үчүн кечирим сурашы зарыл деп эсептейт белгилүү серб жазуучусу Яня Бич-Ньюман айым. Илимпоз-жазуучу менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Жордана Кнезевич маектешкен эле.

Яня Бич-Ньюман, өзү айткандай, патриархалдык үйбүлөдө, эркектер коомунда чоңойгон илимпоз-жазуучу. Анын «Чак түштөгү түн: Согуш кылмышы, геноцид жана акыл тутуму» деген китеби 2005-жылы Нобель сыйылыгына көрсөтүлгөн. Бул китепти жазуучу эрте көз жумган кызы Сарага арнаган. Яня Бич-Ньюман «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген интервьюда Сара жана китептин жазылышы жөнүндө мындай дейт:

-Менин китебим кызым Сара Тахировичке арналган. Мен анын биологиялык апасы эмесмин. Күйөөм экөөбүз Сарага 1993-жылы Словенияда босниялык качкындардын лагеринде кездештик. 18 жаштагы Сара 6-12 жаш курагындагы 10 балага баш-көз болуп жүрүптүр. Сара ошентип биздин согуштан тапкан кызыбыз. Ал согуштан кийин Боснияга кайра барып, мыкты студент болду жана 2006-жылдын 1-июнунда эки күн ооруп жаткандан кийин көз жумду. Ошондон бир нече ай өткөн соң: «Сара, мен бул китепти жазам», деп чечтим.

Яня-Бич-Ньюманды Гаагадагы эларалык трибунал согуш кылмышкери деп тапкан Вожислав Шешелдин Сербиядагы таасирлүү саясатчыга айланганы өтө тынчсыздантат. Шешель, маалыматтарга караганда, премьер-министр Воислав Коштуница жана Томислав Николич башындагы оңчулдардын Серб радикалдык партиясынын улутчул блокту түзүүсүнө арачылык кылган.

-Шешелге окшогон согуш кылмышкери деп таанылган адамды көкөлөтүп идолго айлантуу акылсыздык деп ойлом. Анын согушта жасаган кылымыштарын тастыктаган далилдер бар. Ал баса Сербиядан эмес, Босния-Герцеговинадан. Бул шумдук өзү.

Илимпоз-жазуучу геноцидди танууну - геноциддин акыркы чеги деп санайт. «Сербия азыр геноциддин акыркы чегинде турабы?» Бул суроого кайсы бир күнү Сербиянын жетекчилиги босниялыктарга каршы 1992-95-жылдары жүргүзгөн саясаты үчүн ырасмий түрдө кечирим сурайт деген ишенимин билдирди Яня Беч-Ньюман:

-Түркия ырасмий түрдө армяндарга каршы геноцид болгон эмес деп айтып келет. Көпчүлүк эл согуш учурунда адамдар эзелтен эле бирин-бири өлтүрөт дешет. Сербия да калп айтып, танып жүрөт. Бул жаман көрүнүш. Себеби, калп бүтүндөй регионду мунжу кылууда. Ошентсе да, Сербия мындай абалынан чыгып: «Эмне болгонун билебиз», деп айтарына кичине болсо да үмүт бар. Андан кийин: «Биз уят болдук» десе, акыр соңунда «Бизди кечирип койгула» деп айтышат.

Яня Беч-Ньюмандын айтышынча, серб коомчулугу президент Милошевич башындагы мурдакы бийликтин канкорчул саясаты тууралуу ачык сөз кылбай, жоопкерчиликти бүтүндөй элге жүктөөдө жана анысы менен чыныгы кылмышкерлерди жашырууда.
XS
SM
MD
LG