Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Бүгүн Улуу Жеңиш майрамында “Азаттык” үналгысы Улуу Атамекендик согуштун ардагери, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевди --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2003/05/F0DF6EF7-83C5-4656-A16C-45079ABB8922.asp кепке тартты.

-Сооронбай аба, Жеңиш майрамыңыз менен куттуктайбыз!

-Чоң рахмат.

-Согушка кайсы мезгилде жана канча жашта кирдиңиз эле?

-Атамекендик согуш башталганда мен 16 жашта гана болчум. Армияга бизди алган жок, анан мен 18 жашка чыкканда армияга алды. 1943-жылдын апрель айында бизди Алматы шаарына алып барды. Ал жерден Москвага алып кетти. Анан ал жактан Панфилов дивизиясы орношкон жерге алып барды. Ошондо анан толуктоо катары Панфилов дивизиясында байланышчу-телефонист болуп кызмат өтөй баштагам. Жеңишке чейин 2 жыл согуштум. Эки жолу жарадар болуп госпиталда айыгып, кайра өзүбүздүн бөлүккө келип, 1945-жылы 9-Майды Латвиянын аймагында майрамдаганбыз.

-Согушка кирердин алдында силерди машыктыруудан өткөрүп, үйрөтүштү беле?

-Машыктыруу Алматыда өткөн. Алматыда мен “Максим” деген пулеметту үйрөнүп, мен пулеметчу болуп согушушум керек эле. Согушка баргандан кийин байланышчы кылып койду. Анан байланышчы болуп жүрүп, күн-түн дебей, ок астында согушуп жүрүп, өз милдетибизди ак аткарып, жарадар болуп дегендей, анан кайра келгенбиз.

Ошол согушта жүргөндө биринчи жолу 18 жашымда ыр жазып, ошону атактуу акыныбыз Жоомарт Бөкөнбаев “Советтик Кыргызстан”, азыркы “Ала-Тоо” журналынын редактору болуп турганда ошол кишиге жибергем. Анан ал жарыялаптыр. Ошентип менин чыгармачылык өмүр баяным 18 жашымда 1943-жылы башталган.

-Согуш талаасында башталган экен да?

-Ооба. Ошол жарыяланган ырымдын аты дагы “Алдыда жүргүн, кыргыздар” деген ыр. Кыргыз жоокерлерине арналган ыр болгон.

-Ошол кезде жаныңызда кыргыз жоокерлер көп беле?

-Көп болчу. Бизде Панфилов дивизиясында жалаң орустар, казактар, кыргыздар - негизине ушул үч улуттун өкүлдөрү катышкан. 18 жашымда баштап, азыр мына 83 жашка чыктым, ошого чейин колуман калем түшүрбөй ыр жазып келе жатам.

Согушта жүргөндө биринчи жолу “За отвагу” деген медал менен сыйлангам. Эң жогорку медал. 1944-жылы сыйлангам. Өткөн жылы биздин президентибиз “Ак Шумкар” деген өзгөчө белгини көкүрөгүмө таккан. Мен өзүмдүн тагдырыма ыраазымын.

-Маегиңизге ырахмат. “Азаттык” үналгысы бардык ардагерлерди Жеңиш майрамы менен куттуктап, денсоолук, узун өмүр каалайт.
XS
SM
MD
LG