Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Кымбатчылык быйылкы жылдын башкы көйгөйүнө айланганы турат. Жаратылыш кырсыктарынын айынан дүйнөдөгү негизги буудай талааларынан түшүмдүн аз жыйналып жатканы, дан азыктарын нан үчүн гана эмес, эми отун катары пайдаланууга этанолдун өндүрүлүшү, Кытай, Индия өңдүү ири мамлекеттерде дан азыктарына муктаждыктын кескин өскөнү жана мунайдын баасынын жогорулашы азык-түлүктүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/82E57B10-F1C0-46D5-8668-66BC1318ED17.asp кымбатташына негизги себеп катары аталууда. Бириккен улуттар уюму жагдайды жөнгө салууга болоорун, бирок ал үчүн саясий эрк керектигин билдирип, адамдарды алдын ала дүрбөтпөөгө аракет кылды. Бирок жөнөкөй адамдарда эртең мүмкүн болуп кете турган “ачкачылык коркунучу” ага карабай күчөп баратат. Экономикасы чабал Кыргызстандагы элдерде кымбатчылык чыныгы коркунуч менен депрессияны жаратканы турат.

Адамзаттагы түрдүү корунучтарды изилдеп жүргөн психологдордун илимий иштери дагы кызыктуу ачылыштар, фактылар менен толтурулат өңдүү. Анткени дүйнө жүзүн 20-кылымдын башындагы “Улуу Депрессиядан” кийинки эң оор экономикалык жагдай күтүп турганы айтылууда. Мындай учурда жер жүзүндөгү адамдар ачарчылык коркунучунан улам эмнелерге бараары кызык.

Британиядагы “The Financial Times” басылмасынын жазганына караганда, былтыркы жыл ичи мунайдын баасы 80% жогорулаган. Ал эми Улуттар уюмунун баасында, буудай, жүгөрү жана күрүчтүн баасы жарым жыл ичинде эле 50% өстү. Гаитиде, Египетте жана Эфиопияда нааразылыктар күчөдү, Пакистан менен Тайланддагы азык-түлүк кампаларын эл талап кетпеси үчүн аскерлер кайтарып турушат. Көптөгөн мамлекеттер, алардын ичинде Казакстан, өздөрүндөгү буудайды чет-мамлекеттерге сатпай турган болушту.

Глобалдык экономикалык, азык-түлүк кризисин жөнөкөй кыргызстандыктар да күнүмдүк турмушунда сезе башташты. Ун, май, картөшкө, шекер, - иши кылып, баардык күнүмдүк тамак-аш азыктары кымбаттады. Мунун баары кымбатчылыктын башталышы гана, дешет айрым экономисттер. Алардын бири – Айылчы Сарыбаев.

- Чындап эле азык-түлүк дагы кымбаттайт. Мында эми шек жок. Маселе эми ал тенденцияга мамлекет кандай чаралары менен туруштук бере алаарында турат. Анын эл үчүн кесепети оор болбошу үчүн чаралар тезинен көрүлүшү абзел.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында кыргыз өкмөтү кандай иш-аракеттерге бараарын апрелдин акыркы күнүндө өкмөт башчы Игорь Чудинов депутаттарга айтып бергени бар. Анын негизги мааниси – абал үчүн негизги жоопкерчилик өкмөттүн өзүнө, ишкерлерге, өндүрүүчү ишканаларга жүктөлөт.

Бирок кризистен катуу жабыркап калбаш үчүн өкмөт сунуштап жаткан долбоор депутаттар арасында да, экономисттер арасында да анча ишеним жаратпай жаткан өңдүү. Социал-демократиялык фракциянын депутаттары ушул аптада атайын билдирүү жасап, анда өкмөттү азык-түлүк кризиси боюнча тезинен чара көрүүгө чакырышты.

Анын аралыгында, кымбатчылыктын азабын күнүмдүк турмушунда сезип жаткан жөнөкөй эл өкмөт абалды жөнгө салууга кандай аракет көрүп жатканын жакшы билбейт. Элде азыр ачкачылыкка калуу коркунучу күч.

Келечектеги экономист Нуриса:

- Чындап корком. Эгерде чын эле баары кымбаттап кетсе, айлык акы жетпей, адамдар эмне менен тамактанышат? Ачарчылык болобу? Өзгөчө акыркы мезгилдерде ушундай ойлор мени көп кыйнай турган болду.

Интернет-кафенин администратору Александр:

- Коркунуч бар, анткени айлык акы жогорулабай эле, баалар өсүп баратат. Эгерде ушиптип кете берсе, анда башка мамлекеттерге, региондорго кетем го.

Жаштар арасында эртеңки күнгө болгон ишенимдин жоктугу аларды башка мамлекеттерге кетүүгө мажбурлап жатканы да экономикалык абалдын туруксуздугунан болуп жатканы мурдатан эле айтылып жүргөн.

Философия илимдеринин доктору, социолог Кусеин Исаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Кыргызстанда азык-түлүктүн кымбаттап жатканы элде канчалык деңгээлде коркунучту жаратып жатканы жөнүндө жергиликтүү социологдор тарабынан эч кандай иликтөөлөр жүргүзүлө элек. Ошентсе да, “эртең нансыз калам” деген кооптонуу сезими адамдар арасында күчтүү, дейт К.Исаев.

Анын сөзүн улай экономист Айылчы Сарыбаев бул өңдүү көрүнүш өзү рынок экономикасына мүнөздүү экенин билдирди.

- Рынок системасында, өзгөчө биздикиндей “жапайы рынок” системасында, эртеңки күнгө, келечекке коркунуч күчтүү болот. Жалаң эле жаштарда эмес, улуу муундун өкүлдөрүндөгү коркунуч да ушул рынок шарттарынан улам калыптанууда. Социалдык коргоого негизделген мамлекеттерде адамдардагы дал ушул өңдүү психологиялык коркунучтарды жок кылуу аракети күч.

Анын аралыгында, Бишкектин көчөлөрүнүн биринде суу сатып турган аял кантип төрт миң айлык акы менен төрт баласын багууну ойлоп, кыжаалат...

- Менин төрт балам бар, төртөө тең мектеп окуучулары. Эми 1-июндан тарта транспортко акыны дагы кымбаттатканы жатышат – дагы түйшүк! Ошондо күнүнө төрт балага 20 сомдон болуп олтуруп, 80 сом жол акысы үчүн гана берүү мен үчүн чындап эле оор болот. Мен, мисалы, өзүм айына 4 миң сом айлык алам, ал жетпейт. Бир мүшөк унду эле 1300 сомго алам. Калган азыктарга акча жетпейт, бирок бир эле ун менен олтура бермек белем? Шекер, май алып беришим керек балдарыма. Кийим тууралуу айтпай эле коеюн, ал жөнүндө сөз кылуунун деле кереги жок. Азырынча кантип болсо да эптеп курсагын тойгузуп, билим берүү.

Эларалык Валюта кору азыркы глобалдык экономикалык кризисти 20-кылымдагы “Улуу Депрессия” менен салыштырды. Экономикадагы депрессиянын мизин кайтарууга ыкчам аракет болбосо, ал кийин эл маанайындагы анык депрессияны жаратаары деле айкын.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG