Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

УЛУУ ЖЕҢИШТИН 63 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Бишкектеги Жеңиш аянтында бүгүн 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 63 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Ага президент Курманбек Бакиев катышып, согуштун жана ооруктун ардагерлерин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/4FF6518A-3ADC-4DC3-926D-8C5241303646.ASP Жениш майрамы менен куттуктады. Коргоо министрлиги тарабынан аянтка талаа ашканасы уюштурулуп, ардагерлерге аскердик сый тамак берилди.

Майрамдык салтанат түбөлүк отко гүлчамбарлар ды кою жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү мүнөтү менен башталды. Андан соң өлкө президенти Курманбек Бакиев ардагерлерди жеңиш күнү менен куттуктады:

-Адамзат тарыхындагы эркиндик жана Ата Мекендин көз каранды эместиги үчүн болгон улуу курмандыктар, ченеми жок айрылуулар жана азап чегүүлөр, элдин биримдиги жана чыдамкайлыгы душманды жеңүүгө мүмкүндүк берген. Аталар жана чоң аталар, агалар жана эжелер өз өмүрлөрүн курмандыкка чалып, бизге жана бүт дүйнөгө эркин жана көз карандысыз жашоо мүмкүнчүлүгүн тартуулашты. Биз муну унутпайбыз жана дайыма эсибизде болот. Согуш майданында шейит кеткендердин баарынын элесине ийилип таазим этебиз. Согуштан жеңиш менен кайтып, бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүүгө активдүү катышкан адрдагерлердин баарын жадыбызда сактайбыз. Кыргызстандын согуштан кийинки кубаттуу экономикалык потенциалы ошолордун колу менен жаралган,- деп белгиледи мамлекет башчысы.



Ошондой эле президент Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын кошкон үлүшү салмактуу болгонун, биздин республика фронтту ок дарылар, азык-түлүк, башка буюмдар менен, коргоо өнөр жайын – эң зарыл стратегиялык сырье менен камсыздагандыгын айтып өттү.

Президент согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чараларды караган жарлыкка кол койгонун, бул максатка 19 млн.сомго жакын акча жумшалаарын да кошумчалады.



Биз салтанатка келген согуш ардагерлерин айрымдарын сөзгө тарттык. Каракулжадан келген 84 жаштагы Зулпукор Жорокулов мамлекет тараптан көрсөтүлүп жаткан камкордукка ыраазы экенин айтат:

- Эми пенсиябызды берип атат, жылына бир жолу курортко жолдомо берет, жолго, электр кубатына, дары-дармектер үчүн да акча берип атат. Мамлекетке ушунусуна рахмат!

Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, 130 миңден ашуун адам согуштан кайтпай калган. Бүгүнкү күндө өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 22 миң 138 ардагери бар.

83 жаштагы соугш ардагери Токон Усубакунов согуштан аман кайтып келгендердин катары азыр күн санап азайып жатканына кейийт:

- Жыл сайын азайып баратабыз. Эң жашыбыз 80ден аштык. Минтип отурсак жакынкы жылдарда эч кимибиз калбай калабыз, эми турмуш өзү ушундай да. Эми биз көргөн күндү балдар көрбөсүн...



Сокулуктан келген Дүйшөгул Жусупов болсо согуш ардагерлерине көрүлүп жаткан камкордук өз деңгээлинде эместигин, жылдан жылга азайып бараткан бул адамдарга мындан жакшы камкордук көрүү зарылдыгын белгилейт:

- Азыр 80 жаштан ашып калган аталар, апалар баары согушка катышкан же оорукта иштегендер да. Булардын саны күндөн-күнгө азайып баратат. Эми күндөн-күнгө кымбатчылык болуп жаткан азыркы учурда чынында алардын жашоо-шарты начар. Буларга азыркы орто муун, жаштар колдон келишинче жардам беришибиз керек. Эми мамлекеттик деңгээлде согуш ардагерлерине жакшы эле жардам берилип атат, бирок өз деңгээлинде эмес.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 360 миңден ашуун кыргызстандыктардын 73ү Советтер Союзунун баатыры, жыйырмадан ашууну “Даңк” орденинин ээси болушкан. Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталган. 1945-жылдын 9-майында фашисттик Германиянын капитуляция болгону тууралуу келишимге кол коюлган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG