Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН-БАНГЛАДЕШ 2:1


9-Майда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобундагы Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

9-май Жеңиш күнүнө карата спорттук бир катар мелдештер болду. Өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы Жеңиш күнүнө карата 3, 10 жана 21км аралыктарга жарыштарды өткөрүп, 100дөн ашуун жөө күлүктөр мелдешке катышты.

3 км аралыкта жарышта марага бишкектик Виталий Чегиминцев озуп, биринчи келди. Муса уулу Адилет экинчи орунду ээледи. 10 км аралыктагы жарышта баш байгени бишкектик Айбек Жанаркулов жеңип алды.

Кыздардан Анастасия Ротанова биринчи орунду ээледи.

Ал эми 21 км. жарым марафондук жарышта караколдук жөө күлүк Валерий Писарев марага биринчи келди.

Ошондой эле Бишкектеги Көк Жар футболдук борбордо өспүрүмдөр арасында “Дордой” ассоциациясынын байгесине эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 9-майда аныкталды.



Финалда Ташкенттин “Пахтакор” командасы Алматынын “Цесна” командасын 6:0 эсебинде утуп алды. Байгелүү үчүнчү орунду Бишкектик “Алга” командасы ээледи.

Ошондой эле 9-Майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковду эскерүүгө арналган салтка айланган лейлек күрөшү өтүп жатат.

9-Май жеңиш майрам күнү болгондуктан, “Спартак” стадионуна футбол күйөрмандары арбын келишти. Азия Футбол Федерациасынын Чакырык Кубогунун бул жолку беттешүүсүндө Кыргызстан менен Бангладеш өлкөлөрүнүн командалары беттешип, экинчи таймда эсепти бангладештик чабуулчу Хасан Жахит ачып, командасын алга сүрөдү. Кыргызстандык футболчулардын дембе-дем чабуулдарынан жыйынтык чыкпай жаткан.

Беттешүүнүн 70-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу, Бишкектин “Шер” командасынын мүчөсү Роман Корнилов эсепти теңеп, 1:1 болду.

Ошондой эле жергиликтүү футбол күйөрмандарынын сүрөөнгө алуусуна шыктанган “Дордой” футбол командасынын капитаны, жарым коргоочу Руслан Сыдыков көкөлөп учуп келаткан топту башы менен дарбазага таамай сүзүп киргизди.

Ошентип Кыргызстандын тандалма командасы 2:1 эсебинде Бангладештин футболчуларын утканы менен Азия Футбол Федерациясынын Чакырык Кубогунун финалдык тобуна кошулбай четке чыгып калды. “С” тобунда Кыргызстанды 1:0 эсеби менен уткан Ооганстандын футболчулары лидер катары финалдык оюндарга катышат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, “Шер” футбол клубунун президенти Айбек Осмоналиевдин пикиринде Кыргызстандын тандалма командасынын катарында Канттын “Абдышата” командасынын оюнчулары басымдуу болуп, өлкөдөгү мыкты футболчулар сыртта калгандыктан Ооганстанга жеңилген.

-Ошондуктан бул оюндан кийин жыйынтык чыгарып “Абдышата” командасын жана өлкөнүн башкы машыктыруучу болуп, эки тизгинде бирге алып келаткан Нематжан Закировдун ордуна жөндөмдүү адисти алып келүү зарыл. Ошондой эле Бангладеш менен ойногондо деле кыргызстандык футболчулар чеберчилигин көрсөтө алган жок. Далай ирет гол киргизүүчү ыңгайларды пайдалана алышпады, - деп кошумчалады Айбек Осмоналиев.

Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобунда Ооганстан, Бангладеш, Кыргызстан жана Лаос өлкөлөрүнүн тандалма командалары беттешмек. Тилекке каршы Лаостун футболчулары Бишкектеги беттешүүгө келбей, оюндун мурда белгиленген ирети бузулду. Мурда белгиленгендей бир күнү эки беттешүүнүн ордуна үч команда болгондуктан бирден гана оюн болду.

Чакырык кубогунун алгачкы беттешүүсүндө Ооганстан менен Бангладештин футболчулары эки жолу киргизген топторун калыстар жаратпай, эсеп ачылбай 0:0 боюнча тең чыкты деп эсептелип калган.

Бишкекте Чакырык кубогунун “С” тобунда жеңип чыккан Ооганстан өлкөсүнүн командасы эми 30-июлдан 10-августка чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтө турган финалдык таймашууга катышууга укук алды. Ал эми ушул Чакырык кубогун быйыл жана 2010-жылы уткан өлкөнүн футболчулары 2011-жылы Катарда өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG