Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

12:37 Т.Акеров: “Орусия, АКШ, Кытай менен бирдей мамиледе болушубуз керек”


“Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеров “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макештин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан АКШ, Орусия жана Кытай өңдүү ири державалар менен бирдей мамиледе болуш керек деген пикирин билдирди. “Тынчтыктын кепилдиги үчүн чоң державанын аба базасы Кыргызстанда турганы туура. Кыргызстан өзүнүн аба мейкиндигин коргой албайт, бул үчүн мүмкүнчүлүгү жок”, - деди Т.Акеров. “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Орусияга бир катар жеңилдиктер берилгенин жана бул туура эмес болуп калганын кошумчалады.

Бүгүн Бишкектеги Горький эстелигинин жанында “Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган митинг өттү. Акциянын катышуучулары АКШнын “Манас” аба базасын колдоп чыгышкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG