Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН КЫРГЫЗСТАНДЫК КОРГООЧУЛАРЫ (Сүрөт баян)


10-майда Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдындагы аянтта АКШнын “Манас” аба майданындагы аскер аба базасын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/D8519AF7-038F-40ED-BCBF-25F62F0CBEF5.asp колдогон пикет болду. Пикетти “Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмеси уюштуруп, анда «Орусиянын Кыргызстандагы төрт аскер базалары да ижара акысын төлөсүн», «Ысыккөлгө торпедолорун сынабасын», «Америка авиабазасы тынчтыктын, демократиянын кепилдиги» деген пикирлер айтылды. Өткөн айда айрым жергиликтүү коммунистер жана орусиячыл саясатчылар АКШнын аскердик аба базасын чыгаруу талабы менен пикетке чыккан эле.

“Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жана алардын тилектештери ишембиде (10-майда) уюштурган пикетке 20га жакын адам чыкты.

Пикетте алар колдоруна “«Гансиден» колуңду тарт!”, “Орусия, торпедоңду Ысыккөлдө эмес, Байкалда сына”, “Америка - Кыргызстандын чыныгы досу”, “Ганси - Кыргызстан экономикасына пайда гана алып келүүдө”, “Орусия, аскер полигондоруң үчүн ижара акы төлө” жана башка ушул сыяктуу жазуулары бар транспаранттарды кармап турушту.

Алар Орусияга карата нааразычылыктарын да билдирип, АШКнын «Манас» аба базасын, (мурдакы «Ганси» авиабазасын) колдоого алган пикирлерин «Азаттыкка» билдиришти.





“Ата Мекен Америка менен бирге” коомдук уюмунун жетекчиси Мадалбек Көчөрбаев “Азаттыктын “ кабарчысына «Кыргызстанда демократиянын орношуна АКШнын салымы чоң, ошондуктан биз “Манас» аба майданындагы Ганси” аба базасын колдойбуз», деген пикирин билдирип, буларды айтты:

-АКШ Кыргызстанда жайгашкан “Манас” аскерий аба базасы үчүн жыл сайын өлкөгө 18 млн доллардан ижара акысын төлөп, ар бир учкан учагы үчүн 10 миң доллар акы төлөп жатышат. Мындай өлчөмдөгү каражат өлкөнүн бюджети үчүн чоң киреше, ал эми Кыргызстан эгемен өлкө болгону АКШ ага 2 млрд. доллардан ашуун гуманитардык жардам, 1 млрд. доллардан ашуун жардам берген.

Ишембиде өткөрүлгөн антитеррордук күчтөрдүн аскерий “Манас” аба майданындагы базасын колдогон пикетте 10 талап коюлду. Анын бири Орусия Канттагы аба базасы, Чалдыбардагы байланыш полигону, Ысыккөлдөгү торпедо сыноочу жана Оштогу талаа полигону үчүн ижара акысын төлөөгө тийиш, деген талаптар коюлду.





Оппозициялык “Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеров дагы партиянын атынан пикетти колдоп келип, “өлкө өз аба мейкиндигин коргоого дарамети жок болгондуктан АКШнын да, Орусиянын дагы авиабазаларынын болушу тынчтыктын кепилдиги”, деген пикирин билдирди.

-Тынчтыктын кепилдиги үчүн чоң мамлекеттердин аба базалары Кыргызстанда турганы туура. Кыргызстан өзүнүн аба мейкиндигин коргой албайт, бул үчүн мүмкүнчүлүгү жок.

Табылды Акеров Орусияга Канттагы асердик аба базасын калыптандыруу жаатында бир катар жеңилдиктер берилгенин жана бул туура эмес кадам болуп калганын да кошумчалады.



Бишкектеги “Адам укугун коргоо демократиялык коому” бирикмесинин жооптуу катчысы Шамшидин Абдраим дагы АКШнын авиабазасы өлкөдөгү тынчтыктын жана демократиялык башталыштардын кепилдиги деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.



“Кыргызстан патриоттор” партиясынын мүчөсү Узак Мамытов АКШнын аба базасын колдогон пикет тууралуу өз пикирин “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, Орусия кыргыз элине билим, илим бергенин, Кыргызстандын аба мейкиндигин Орусиянын гана куралдуу күчтөрү коргой ала тургандыгын айтты:

-Баткенде болгон террордук актыга Орусия гана жардам берген. АКШ Кыргызстандагы аба базасы үчүн жылына болгону 18 миллион гана төлөп жатат, - деп кошумчалады Узак Мамытов.

Буга чейин “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” коомдук уюму Коммунисттер партиясы менен чогуу АКШнын аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талабын коюп келишкен. Бирок Кыргызстандын коомчулугунун басымдуу бөлүгү, Табылды Акеров сыяктуу жергиликтүү саясатчылардын пикиринде, Кошмо штаттардын аскердик аба базасынын Кыргызстанда кала беришине каршы эмес.

Расмий Бишкек да Ооганстандагы кырдаал турукташмайынча, АКШнын базасы “Манас” аба майданында кала берет деп байма-бай кайталап айтып келет. Ушул тапта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана 2001-жылдан бери АКШ жетектеген эл аралык антитеррордук ынтымактын аскер аба базасын өз аймагында жайгаштырууга ырааттуу түрдө мүмкүнчүлүк түзүп келет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG