Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

“Талант тагдыры” түрмөгүнүн жаңы саны кыргыздын тунгуч хор дирижеру (хормейстери), композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, профессор Султан Юсуповдун туулган күнүнүн 90 жана чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналды. Залкар хор дирижерунун (хормейстердин) жаркын элесине, чыгармачылык тагдырына арналган баянды кабарчыбыз Балбай Алагушов даярдады.

1998-жыл. 30-октябрь. Күркүрөгөн күз айы. Кыргыздын тунгуч хор дирижеру (хормейстери), Республиканын эл артисти, профессор, композиторлор Союзунун мүчөсү Султан Юсупов катуу ооруп “жаңыдан эле ооруканадан чыгыптыр” деген кабарды угуп, кадырлуу карыя кесиптешимдин ал-акыбалын билип коеюн деп атайын үйүнө бардым. 80 жаштагы агайым ооруканадан чыкканына бир-эки күн болсо да, көптөн бери көрүшпөгөндүктөнбү жаадырай жайнай кучак жая тосуп алды. Ал-жайды сураштык.

Агайым карылык деген өңдү, түстү, эс акылды, күч кубатты алган өзүнчө бир айыкпаган оору экенин мункана да, сыймыктана да айтып отурду. Анан бүгүнкү өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба сынган турмуш, күнүмдүк жашоо, азыркы баш-аягы жок кендирди кескен заман кимдердики экенин айтты. Ошентип, аркы-беркини айтыштык.

Үн жазуучу аппаратым жанымда болгондуктан “не бар, не жок” деп, агайдан кыргыз музыкасынын эртеңки келечеги, бүгүнкү абалы, өзүнүн музыка дүйнөсүнө кандайча аралашканы, чыгармачылык тагдыры, замандаштары жөнүндө собол таштап тасмага жаза баштадым. Кыргыз музыкасынын эртеңки келечеги жөнүндө Султан агай:

- Кыргыз музыкасынын келечеги жок деп айтышка болбойт. Келечек бар. Анткени музыка эч качан жоголбойт. Музыканын келечеги актерлордун, артисттердин, ырчылардын, композиторлордун, музыканттардын колунда. Анткени, ырчылар, музыканттар болбосо, аткарылбаса музыка да жок. Бизде ырларды аткара турган ырчыларыбыз, чыгармаларды ойной турган музыканттарыбыз бар. Маселен Болот Миңжылкыевдей ырчылар болобу, болбойбу ал Кудай тааланын колунда. Балким болуп да калышы мүмкүн. Бирок эл болгондон кийин кыргыз музыкасынын келечеги жок деп айтууга мүмкүн да эмес.

“Шырылдаң”

Конок тоого бүткөндө,
Кошо чыккан шырылдаң,
Таруу ташка бүткөндө,
Талаша чыккан шырылдаң,
Жылкычы менен коюндаш
Жанаша чыккан шырылдаң.
Шырылдаң биздин шыйкыбыз,
Түндө келет уйкубуз.

Аман болсо жылкыбыз,
Эртең канар уйкубуз,
Шырылдаң айтып жүргөндө
Конок менен тарууну
Жеп кетпесин жылкыбыз.

Ана султан шырылдаң,
Мына султан шырылдаң,
Шып-шырылдаң шыр экен
Жылкычынын ыры экен.


Султан агай кыргыз опера жана балет театрдын босогосун кандайча аттаганы жөнүндө:

- Менин театрга иштеп калышым жемиштүү болду деп эсептейм. 1935-1938-жылдары ордо калаадагы курулуш техникумунда окуп калдым. Эки жыл даярдоо курсунда окуп, үчүнчү жылы студент болдум. Бир күнү Эраалы Имакеев деген жолдошум экөбүз опера жана балет театрына барып калсак, балетте бийлей турган улан-кыздарды алып жатыптыр. Азыр фамилиясы эсимде жок, бир балетмейстр улан-кыздарды ары-бери бастырып, бийлетип, жарагандарын театрга алып жатыптыр. Жолдошум экөөбүз “таш түш таалайыңдан көр” дегендей эмне болсо да сынактан өтүп көрөлү деп бийлеп калдык. Мен сынактан өтүп кеттим. Ошентип, директордун 1938-жылдын 3-мартындагы буйругу менен театрга бийчи катары кабыл алындым. Бирок ошол эле жылдын июнь айында театрдын хоруна которулдум. 1939-жылы хор жамааты менен Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катыштым. 1940-жылы А.Малдыбаев, С.Кийизбаева, М.Махутова ж.б. менен Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториядан окуганы бардым. Окуп жатканыбызда 1941-жылы Улуу Ата мекендик согуш башталганда Кыргызстанга келип театрда иштей баштадым, - деген эле Султан Юсупов.

Улуу Ата мекендик согуш бүтөөрү менен 1945-жылы Султан Юсупов Москва консерваториясынан өзүнүн кесиби боюнча окуусун улантат. 1950-жылы окуусун бүтүп келери менен азыркы А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында башкы хормейстер болуп иштейт. А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференн “Айчүрөк”, “Манас”, “Токтогул”, П.Чайковскийдин “Евгений Онегин”, Ж.Вердинин “Аида”, Ж.Пучиннинин “Чио-чио сан”, М.Мусоргскийдин “Борис Годунов” аттуу ж.б. операларды коюуга жандуу катышат. Дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун хорлорун сахнага алып чыгат.

1970-75-жылдары опера жана балет театрынын директору болуп иштейт. Ал жетекчилик кызматта иштөө менен бирге кесибин таштабайт. 1967-жылдан тартып Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, улуттук консерваторияда, театрдын алдындагы студияда мугалим болуп иштейт. Ондогон таланттуу жаштардын бактысын музыка дүйнөсүнөн ачат. Султан Юсуповдон таалим тарбия алган шакирттеринин бири СССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиев Султан агайы жөнүндө:

- Султан Юсупович кыргыздын биринчи профессионал хормейстери эле. Бул Москвадан П.Чайковский атындагы консерваториядан бүткөн. Менин өмүрүмө чоң таасир эткени 1956-жылы опера жана балет театрынын алдындагы студияга мени Сукем (Султан агай) алды эле. Мен агайдын кол алдында беш жарым жыл хордун артисти болуп иштедим. Абдан аң-сезимдүү, өтө билимдүү, көп сүйлөбөгөн өткөрө маданияттуу инсан эле. Атиң ай, дүйнөдөн ал агайыбыз да өтүп кетти. Аны дагы ойлоп, эскерүү кечесин өткөрүшүбүз керек эле.

“Ырдайлы, достор ырдайлы”

Сөзү Ж.Сыдыковдуку. Обону М.Абдыраевдики

Буралып гүлү жайнаган,
Булбулу бакта сайраган,
Алатоо кыргыз жергеси,
Артыкка сайган саймадан.


Кайырма:

Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы,
Ынтымак, достук бизде бар
Ырдайлы, достор ырдайлы.

Жарашып тынчтык шартына,
Фестиваль майрым жалпыга,
Кулагын тосот Алатоо
Ырдаган дыйкан малчыга.


Кайырма.

Жектейбиз согуш кыргынын,
Билебиз тынчтык чындыгын
Баалайбыз сүйкүм мекендин
Байлыкка тунган ой-кырын.


Кайырма.

Баса, бул хор Юсупов жетектеген В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун хор жамааты 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл союздук жаштар менен студенттердин фестивалында лауреат болушкан. Султан агай опералардагы хорлорду сахнага алып чыгууда композиторлордун чыгармаларын дирижерлоо менен бирге угуучулардын руханий жан дүйнөлөрүн асылданткан “Кыздын ыры”, “Кыргыз студенттеринин маршы”, “Мекеним”, “Сагыныч ыры”, “Тумаржан”, “Ырда жүрөк”, ”Кыз бала экен жылкычы”, “Табалы жүрөк дабасын”, “Унут мени” аттуу ж.б. ондогон ашыктык, патриоттук ырларды, хорлорду жазды. Булар да кыргыздын профессионалдык ыр, хор жанрына баалуу салым кошту.

Көлдөй көлкөйгөн, акылы терең, пейили кенен, ар дайым таза кийинип таза жүргөн, көп сүйлөбөгөн, өткөрө маданияттуу, өзгөчө кичипейил, сылык сөздүү, кекирейип бой көтөрбөгөн, өзгөчө жөнөкөй, өз кесибинин мыкты устаты маркум Султан агай тирүү болгондо үстүбүздөгү жылы 90 жашка чыкмак.

Чыгармачылыгына 70 жыл толот. Бирок ушундай төрт тарабы төп келген залкар инсандын маданий коомчулуктун алдында эскерүү кечесин өткөрүп коюу А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын, Маданият жана маалымат министрлигинин жетекчилери билишсе да билмексенге салышып келүүдө. Улуу акын Жеңижоктун “Өлгөндөрдүн даңкы болбой тирүүлөрдүн баркы болбойт” деп айткан акылман сөзүн эстен чыгарбасак.
XS
SM
MD
LG