Америкалык аскерлердин маалыматы боюнча, акыркы эки күн ичинде Багдадда 25 согушкер өлтүрүлгөн. Багдаддын ныптасындагы Садр шаарында америкалык жоокерлер шийи имамы Муктада ас-Садрдын колдоочулары менен согушууда. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики ушул жылдын март айында шийи согушкерлерин кысмакка ала баштаган. Ошондон тарта АКШ күчтөрү менен шийи согушкерлеринин ортосунда курч кагылышуулар жүрүүдө. Эл аралык уюмдар Садрдагы элдин жашоочуларынын абалына кооптонушууда. Садр-ситиде 2 миллионго жакын адам жашайт.