Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

ТАЛАС: БАНКТАРДЫН ИШИНДЕ КЕМЧИЛИК КӨП


Таласта сырттан которулуп --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/D3B947F0-6F5E-45EC-B93C-88412FD30B12.asp келген акчаларды жергиликтүү тургундар банктардан өз учурунда алалбай келишүүдө. Мындай көрүнүш биринчи ирет болбогонун АКБ Кыргызстан банкынын кардарлары “Азаттыкка” билдиришүүдө. Ал эми АКБ Кыргызстан банктын жетекчиси мындай көрүнүштү Улуттук банкка шылташса, Улуттук банктын жетекчиси мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлерине шылтап келүүдө.

8-май күнү Жеңиш майрамынын алдында АКБ Кыргызстан банкы өз кардарларына акчаны өз учурунда бере албай калышты. Талас шаарынын тургуну Токтокан Чокойбаева эки жылдан бери неберелерин багып келет. Орусияда иштеп жаткан балдары жөнөткөн акчаны АКБ Кыргызстан банкы аркылуу дайыма бир топ кыйынчылык менен алат. Анын айтымында, мындай көрүнүш тез-тез кайталанууда:

- Менин балдарым Орусиядан акча салышат, алардын балдарын үйдөн багам. Келген сайын эле ушундай, акчаны 11-12де аласың. Айтор бир күн убактыбызды ушул жакка бөлөбүз.

Талас шаарында алыскы райондордон кайра-кайра келип акчаларын алалбай жаткандар да жок эмес. Гүлнара Жарманбаева Карабуура райондук ооруканада иштеп жумуштан убактылуу суранып келгенин айтып, банктын кызматкерлери акчаны кечиктирип бергени аз келгенсип, орой мамиле жасашат дейт:

- Бул жакка кайрылсак нормалдуу жооп бербейт, жаман мамиле кылышат бизге. Бүгүн бул жерде отурсак, баргыла ар жакка деп гана койду.

Акчанын кеч берилгендиги тууралуу алгач АКБ Кыргызстан банкынын Таластагы жетекчиси Бейшенбек Осмоновго кайрылганыбызда, ал Улуттук банкка шылтады:

- Биз акчаны алыш үчүн Улуттук банктан бекитүү болот. Бүгүн белгисиз себептер менен акча кечиктирилип 11 жарымда келди. Албетте бул жерде акча алуучулардын нааразычылыктары пайда болду.

Улуттук банктын Таластагы жетекчиси Хусейин Акимбеков акчаны банкка өз учурунда жеткире албагандарын айтып, мамилекеттик автоинспекциянын кызматкерлери Талас шаарынын борбордук аянтында Жеңиш күнүнө карата майрамдык салтанатка даярдык болуп жаткандыктан алардын автоунаасын өткөрбөй койду деп түшүндүрдү:

- Биздин инкассаторлор 10дон беш мүнөт өткөндө чыгып кеткен. Булар биринчиден АКБ Кыргызстанга, андан кийин Бакайата районуна акча жеткирмек. АКБ Кыргызстан банкы облустук администрациянын тегерегинде жайгашкан. Ал жерде иш-чара өтүп аткандыктан МАИ кызматкерлери биздин унааны ал жакка киргизбей коюптур. Алар акча алып бараткандан кийин митинг болуп аткан жерде көпкө турганга акылары жок экен. Ошондуктан түз эле Бакайата районуна кетиптир.

Акчаларды ташыган инкассатор Нурияахмед Алапев негизи аларды МАИ кызматкерлери токтотпош керектигин айтып, ага карабай өтүнүп суранганыбызда да бул жерде губернатор жүрөт деп өткөрбөй койгондоруна таңкалып, аларды тоскон МАИ кызматкерлеринин аттарын да жашырган жок:

- МАИ кызматерлери тосуп туруптур, өткөрбөй койду. Фамилиясын билбейм Максат аттуу жигит болчу, дагы бирөө бар болчу.

Аталган аянтты тосуп турган МАИ кызматкерлерине барып бул тууралуу сураганыбызда, Талас шаардык автоинспекциянын кызматкери Максат Нарынбаев акча ташыган андай автоунааны көрбөгөндүгүн, аталган жолдон өтпөгөнүн айтып, башка жолдор деле ачык турат дейт:

- Башынан эле бул жерге келген унааларды киргизбегиле деген тапшырма алганбыз. Бул жерде инкассаторлорду тоскон эмеспиз.

Бүгүнкү учурда бир эле банк күнүнө элүүдөн ашык кардарларды тейлешет. Талас облусу боюнча тогуз коммерциялык банктар иштеп келүүдө.

XS
SM
MD
LG