Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда Конституция менен улуттук валюта сомдун киргизилгендин 15 жылдыгы белгиленди. Ошондой эле “Тынч митингдерди өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор тегерек столдо талкууланды. Бишкекте АКШнын “Манас” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/10C5D68A-68AD-4987-AE35-147CC3633F1F.ASP аба базасын колдоо акциясы өттү.

Кыргызстан бул аптада эгемендүүлүк доорунда кабыл алынган Конституциянын 15 жылдыгын белгиледи. 15-жылдын ичинде таанылгыс болуп өзгөрүлгөн Конституция 1993-жылы “легендарлуу парламент” тарабынан кабыл алынган эле. Андан бери Конституция 15 жылдын ичинде кеминде 7 жолу өзгөргөн. Мына ошондой көп өзгөрүүлөргө карабай азыркы Конституцияны дагы өзгөртүү талаптары коюулуп, жаңы Башмыйзамдын кемчиликтери белгиленүүдө.

Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун конституциялык өзгөрүүлөргө мындай пикирин “Азаттыка” билдирди:

-Биринчиден, Акаевдин убагында референдум аркылуу Конституция кол жоолук катары пайдаланылды. Ал Конституцияны өзү каалагандай өзгөртө берди. Айрыкча, 2003-жылы 2-февралда кабыл алынган Конституция эң жаман болгон. Анткени анда чечим конституциялык кеңешмени тебелеп, мыйзамды бузуу менен кабыл алынган. Андан кийин 2006-жылы ноябрда жакшы Конституция кабыл алынган. Анан декабрда ал бузулду. 2007-жылы апрелде демонстрация күч менен таркатылды. Алмазбек Атамбаевдин конституциялык долбоору жокко чыгарылды. Анан акыры өткөн жылы азыркы Конституция кабыл алынды. Бирок азыркы Конституция эл аралык стандартка жол бербейт. Венеция комиссиясынан ушул кезге чейин корутунду ала албай келатат. Авторитардык жагы көп. Кыскача айтканда, кемчилиги да, артыкчылыгы да бар. Жакшы жагы аялдардын, жаштардын, улуттук азчылыктардын парламентке келишине мыйзамдык кепилдик түзүлгөнү болду. Эң негизгиси партиялык тизме кирип, партиялардын ролу чоңойду. Бул жагынан оң жолго түштүк. Бирок бир партиянын монополиясы болуп калганы туура эмес.



Оппозициялык саясатчылар азыркы Конституцияны кескин сынга алып, ал өзгөртүүгө муктаж экенин белгилөөдө. Ал эми президент Курманбек Бакиев Конституциянын 15 жылдыгы белгилеген салтанаттуу жыйында 24-мартта ыңкылапта бийликке келген саясий күч конституциялык реформа боюнча убадасын аткарганын билдирди:

-Конституциялык реформа боюнча биздин убадалар аткарылды деп эсептеймин. Ыйгарым-укуктар так бөлүндү. Эң башкысы президенттен баштаган баарынын жоопкерчилиги, партиялык негизде парламенттин жана өкмөттүн түзүлүшү, адам укуктарына артыкчылык берилиши эч качан авторитаризмге кайтуу болбосуна кепилдик берет.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бийликтин убаданы аткардык деген сөзүнө карата мындай пикирин айтат:

-Негизинен караганда формалдуу түрдө аткарылды десек болот. Бирок мазмунуна келгенде өзгөрүүлөр бир аз жакшы болбой калды. Мисалы үчүн парламентти ала турган болсок, парламент мыйзамга таянып түптөлгөн менен легитимдүү жагы начар болуп калды. Себеби дегенде шайлоо таза болгон жок. Ошон үчүн убада аткарылды деп айтылган менен негизги максат ишке ашпай калды.



Тынч митингдерди чектөө аракети

Конституцияны реформалоо талаптары 2006 жана 2007-жылдары саясий күрөштүн, митингдердин негизги урааны, себеби болуп келген. Азыркы кезде айрым депутаттар мына ошол митингдерди өткөрүүнүн тартибин аныктоо, аны чектөө боюнча аракеттерди көрүп жатат. 8-майда Бишкекте тегерек стол жыйын болуп, анда мына ошол депутаттардын демилгеси талкууга алынды.

Митингдерди тартипке салуу боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси Исхак Масалиевдин айтымында, анын долбоору боюнча окуу жайлардын, аскерий мекемелердин, өкмөт жана парламенттин имаратынын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле чоң жолдордо да митинг өткөрүлбөш керек. Жалпысынан башка адамдардын укуктары бузулбаш керек.

Өкмөттүк эмес уюмдар Исхак Масалиевдин долбоорун кескин сынга алып, мурунку мыйзамды өзгөртүүсүз калтырууну талап кылышууда. Пикир келишпеген тараптардын орток пикирге келүүсү, анын натыйжасында жакында парламентке сунуштала турган мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү мүмкүнбү? Буга долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев минтип жооп берди:

-Негизи маселе комитетте каралгандан кийин, Жогорку Кеңешке жеткенге чейин айрым өзгөртүүлөр киргизүү мүмкүн. Биз комитетте талкуу уюштурганда өкмөттүк эмес уюмдар катышкан. Ошондо мен айтканмын “сунуштарыңар болсо айткыла, долбоор болгондон кийин айрым өзгөртүүлөр киргизгенге мүмкүнчүлүктөр бар” деп. Себеби Жогорку Кеңештин күн тартибине кире электе айрым сунуштарды карап, туура болсо кабыл алсак болот. Мисалы үчүн мен сунуштап жатпаймынбы, митингдер Жогорку Кеңеш, өкмөт үйү, президенттик резиденциядан 50 метрден жакын болбош керек деп. Ал эми оппоненттер бул демократияга тоскоолдук деп жатат. Менин оюм боюнча, ал тоскоолдук эмес. Экинчиден, сот системасына укук берилип жатат. Эгерде митинг өткөрүүгө уруксат бербөөнү жергиликтүү бийлик кааласа, анда сотко кайрылып, митинг өткөрүүгө мүмкүн эмес деген чечим чыгартып алыш керек. Ар бир жергиликтүү администрация митингдин демилгечилери менен макул болбосо, анда аларга сот аркылуу маселени чечүүгө укук берип жатабыз.



”Гансиден” кийин, Канттагы базага каршы пикет

10-майда Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта “Атамекен Америка менен бирге” аттуу уюмдун акциясы болуп өттү. Анын катышуучулары “Манас” аба майданындагы АКШнын аскердик базасына колдоо көрсөтүштү. Пикеттин уюштуруучусу, “Атамекен Америка менен бирге” уюмунун лидери Мадалбек Көчөрбаев өз акцияларынын максаты тууралуу буларды билдирди:

-АКШ Кыргызстанда жайгашкан “Манас” аскерий аба базасы үчүн жыл сайын өлкөгө 18 млн доллардан ижара акысын төлөп, ар бир учкан учагы үчүн 10 миң доллар төлөп жатат. Мындай өлчөмдөгү каражат өлкөнүн бюджети үчүн чоң киреше, ал эми Кыргызстан эгемен өлкө болгону АКШ ага 2 млрд. доллардан ашуун гуманитардык жардам, 1 млрд. доллардан ашуун грант берген.

Жыйырмага чукул адам катышкан пикетте Москвага каршы багытталган бир катар талаптар коюлду. Анда Орусия Канттагы аба базасы, Чалдыбардагы байланыш түйүнү, Ысыккөлдөгү торпедо сыноочу жайлары үчүн ижара акысын төлөө талаптары айтылды.

Буга чейин Бишкекте “Манас” базасына каршы пикеттер уюштурулуп келген эле. Аны Сергей Трофимов жетектеген “Сергий Радонежский жана айкөл Манас” фонду уюштуруп келген. Аларга Коммунисттик партиянын мүчөлөрү да катышкан жери бар.



Мына эми АКШны колдогон тараптар акция өткөрүштү. Аз сандагы киши катышкан бул пикеттердин артында кайсы күчтөр турат? Мына ушул жана башка суроолорубузга белгилүү дипломат жана саясатчы Ишенбай Абдуразаков мындай жоопторун берди:

И.Абдуразаков: -Мунун артында албетте кайсы бир күчтөр турат. Ал айдан ачык. Бирок аны бул жасап жатат деп атап айта албаймын. “Гансиге” каршы чыккандардын бири орус фамилиясы менен ачык чыкпадыбы. Ошондой болсо да аны баланча өлкө уюштурду деп ачык айта албаймын. Бирок кайсы өлкө экени ачык эле болуп калбадыбы. Анан ошого жооп катары, андай болсо мынакей деп, Кантка каршы чыгарып жатканы да бекеринен эмес.

Эми “Гансиге” байланыштуу кызык эле болуп жатат. Бир жагынан Ооганстанда окуялар болгондо коалициянын күчтөрү талиптерге, “ал-Каидага” каршы операция баштаганда биздин коңшулаш эки өлкө, орустар да, кытайлар да өздөрүнүн макулдугун берген. Терроризмге каршы күрөшүш керек деп, макулдугун берип алып, эми азыр мунун кереги барбы, жокпу дегендей сөздөрдү таратып жатышат.

Бул түбөлүк база эмес да. Бул өзүнүн мандаты менен келген. Анын турушу канчага созулаары Ооганстандагы кырдаалга жараша болот.

“Азаттык”: -Ушул пикеттердин максаты маалыматтык фон түзүүбү, же башка түпкү максаты барбы? Маселен, Россия менен АКШнын Кыргызстан үчүн жаңы күрөшүнүн башталышыбы?

И.Абдуразаков: -Кандайча жаңы күрөш?

“Азаттык”: -Себеби дегенде АКШ акыркы кезде Кыргызстандагы окуяларга анчалык активдүү катышпай калган. Бул мүмкүн Ирактагы окуяларга байланыштуудур. Бирок мына ушул пикет менен (АКШ кайра) келип, Кыргызстандагы саясий окуяларга катышып, өзүнүн кызыкчылыгын коргоого кириштиби деген ой болуп жатат?

И.Абдуразаков: -Эми чындыгында АКШ мурдагыдай батыл киришпей калды. Себеби алар мындай бир жыйынтыкка келди окшойт, булар жаңы деңгээлге жетип, нукура демократиянын жолуна түшүшкө буларга эрте окшойт, булар ичинен бышып жетилсин, демократияга эволюциялык жол менен келишет деген жыйынтыкка келишти окшойт. Ошондуктан АКШнын активдүү киришпей жатканынын себеби ошол.

Өтө эле батыл киришсе, анда АКШга каршы күчтөр, биздин коңшу өлкөлөр, биздин өнөктөштөр “Манас” базасына каршы аракетти күчөтөт деген коопсуздануу да болуп жатат. Ошон үчүн АКШнын дипломатиясы биздин кырдаалга чукул киришип кетпей, акырын байкап туралы деген жыйынтыкка келишти деп ойлоп жүрөм.



“Азаттык”: -Кыргызстандын тышкы саясатына акыркы кезде бир топ сындар айтыла баштады. Тышкы саясатта туруктуу саясат жок деген. Бирок буга чейин көп вектордуу саясат тандалып алынып, ошондой концепция кабыл алынган. Ал концепция Аликбек Жекшенкулов ТИМдин башында турганда иштелип чыккан эле. Азыр Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ошол концепциянын негизинде көп вектордуу саясат жүргүзүп, туура багытта баратабы, же чын эле биздин тышкы саясатта туруктуулук жокпу?

И.Абдуразаков: -Эми көп вектордуу концепцияны Жекшенкулов иштеп чыккан менен, ал өзү министрликти башкарып турганда деле иштемек эмес. Себеби бизде негизинен мамлекеттик саясаттын концепциясы жакшы болбой атат. Мамлекеттин тышкы саясаты деген эмне? Ал ички саясатынын уландысы.

Экинчиден, эл аралык нормаларга жана абалга жараша иш жүргүзүлүш керек. Менин оюмча биз азыр көп өлкөлөр менен байланыш түзүп жаткандан кийин, бир эле өлкөнүн көзүн карабай, баарын өзүбүздүн кызыкчылыктын элегинен чыгарып, мүмкүн болушунча бизге кайсы өлкөдөн азыр пайда болуш керек деген иш болбой жатат.

Чет өлкөгө жиберилип жаткан өкүлдөрдөн деле баамдаса болот да. Азыр элчиликтерге профессионалдык деңгээлде иштей турган кишилер эмес, кокусунан келген кишилерди дайындап, боло берет деп жиберип жатат. Анан булар эң жаман ынанымга кирип алышты, биз көз карандыбыз деген. Ооба туура көз карандыбыз. Бирок биз бардык жагынан эле көз каранды эмеспиз да. Биздин дагы өзүбүздүн таасирибиз бар. Биз да регионалдык чегарада турган өлкөбүз.

Мынабу суу, энергетика боюнча ачкычыбыз бар десек болот. Ошолордун баарын бириктирип туруп, азыркы заманда практикалык жагын карап, кайсы жактан эмне келет, ошондон пайда ала тургандай саясат жүргүзүш керек. Азыркы эл аралык абалда тааныштык, достук, жакшы көрүп, жаман көрүп деген принциптер менен саясат жасалбаш керек. Саясат деген элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, мына ошого таянып жасалыш керек. Ошол жагынан көп эле кемчиликтер болуп жатат.

“Азаттык”: -Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG