Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

11:37 Үрүмчүдө Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген бейтаптар үчүн улуттук ооруканада амбулатордук кабылдама ачылды


Кытайдын Синьцзян автономиялык районундагы улуттук госпиталда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын улуту боюнча казак дарыгер кабыл алып, бейтаптарды зарыл болгон адистерге жөнөтүп турмакчы. Өткөн жылы Синьцзянга 400дөн ашык чет өлкөлүк жарандар келген. Ушул жылдын май айына чейин эле бул жерге болжол менен эки жүз бейтап кайрылып, алардын жарымын Казакстан жана Кыргызстандын жарандары түзгөн. Кытайдын “Синьхуа” агенттигинин кабарына ылайык, Кытайда даарылануунун баасы Орусия же Израилге салыштырмалуу 5 эсе арзанга турат. Андыктан аларга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү үчүн улуттук оорукананын администрациясы өз алдынча амбулатордук кабылдама ачуу чечимин кабыл алган. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG