Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

Эгемендик жылдары элибиздин өткөн учуруна кызыгуу күч алды. Илимий талапка кадыресе жооп берген изилдөөлөрдүн катарында тарыхый окуяларды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2007/09/C6C722AE-284E-4769-9FD1-F73F1420ED00.asp үстүрт сыпаттаган, көбүнесе ойдон чыгарылган апыртма баяндамалар да арбын чыгууда. “Бетме-бет” талкуусунун катышуучулары тарых илиминин доктору Акылбек Жуманалиев менен профессор Анварбек Мокеев тарыхый апыртуунун чоо-жайы тууралуу пикирлерин бөлүштү.

Бекташ Шамшиев: - Бул темага кайрылып калышыбыздын себебин мен сиздерге бираз чечмелей кетейин. Кийинки кездери кыргыз тарыхын көкөлөтүү, тарыхый фактыга таянылбаган, ойдон чыгарылган жоромолдорго толтура. Мен ошондон улам биздин тарыхыбыз өз ордуна келдиби же ал мурдагысындай эле советтик усулдан чыга албай келатабы, деген суроо менен талкууну баштасамбы деп турам. Акылбек мырза, кепти сиз баштап берсеңиз.

Акылбек Жуманалиев: - Эгемендик мезгилинде дүйнөгө, тарыхка, жашоого көз караш түп-тамырынан бери өзгөрүлүп жатпайбы. Тарыхты кайра кароо зарылчылыгы бар. Өзгөчө 20-кылымдагы тарых кайра кароого өзгөчө муктаж. Мына мисалы, 1916-жылкы көтөрүлүш Кеңеш мезгилинде улуттук-боштондук күрөш катары сыпатталып келген. Муну да кайрадан кароо зарылдыгы пайда болууда. Мен айтар элем, бул көтөрүлүш даярдыксыз башталган. Жетекчиси да жок, кокусунан башталган десек да болот. Көтөрүлүш сөзсүз жеңилери билинип турган. Анын сабактары жүз миңдеген кишилердин набыт болушу менен коштолуп, ага бүгүнкү күнгө чейин өкүнүп келе жатабыз.



Бекташ Шамшиев: -Анварбек мырза, кыргызда “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген жакшы сөз бар. Мурдагы президент күтүп отуруп тарыхчылардан шек-шоорат чыкпаган соң өзү тарых китебин жазууга отурганын айткан жайы бар. Андан кийин “күтүп отуруп” жазгандардын катары көбөйдү. Андай үйрөнчүк деңгээлдеги китептердин көп чыгышы, кыргыз тарыхынын байыркы доордон баштап чоң талашка түшүп жатышынын себеби эмнеде?

Анварбек Мокеев: -Биз азыр талкуулап аткан маселе – тарыхтагы миф же миф жаратуу маселеси. Тарыхтa миф жаратуy байыртан бери болуп келаткан нерсе. Мына кечээки Совет мезгилинде да өзүнчө мифтер бар болчу. Бир нерсени көкөлөтүү, бир нерсени апыртып айтуу. Мисалы, тап күрөшү. Ансыз болбой калган. Алгачкы общиналык коомдон да тап күрөшүн таап чыккан окумуштууну көкөлөтө мактачубуз, “мынакей азамат, бул марксистик нукта изилдеп жатат”, дечүбүз.

Совет доорунда кыргыздардын тарыхын изилдөөдө өйдө-ылдый жактары болгону баарыбызга маалым. Мисалы, Совет мезгилинин алгачкы жылдарында, аркы Орусия императорлугу тушунда Москва, Ленинград, жергиликтүү окумуштууларда кыргыз элинин келип чыгыш маселесин бир жактуу кароо аракети болгон. Ал бир жактуу аракет 19-кылымдан бери келаткан кыргыздарды тетигил Енисейден бери көчүрүп келип ушул жерде жайгаштыруу.

Качан, кандайча көчүп келип жайгашты? Кантип эл болду? Мына ушул гана маселенин тегерегинде чыр болуп келген. Ал эми жергиликтүү компоненттин, ушул Орто Азияда байыртадан бери жашап келген элдердин, тетигил енисейлик кыргыздар жарала элек мезгилде ушул жерде жашап турган элдердин, уруулардын кыргыз элинин калыптанышына кандайча салымы бар? Бул маселе көп убакка чейин көз жаздымда келген.

1956-жылкы конференциядан кийин гана бул маселени изилдөө иши жолго коюла баштаган. Ошентип жолго коюла баштаганда 1980-жылдарга чейин ушул жергиликтүү компоненттин ролун кеңири ачып берүү аракети көрүлгөн. Бирок кайра куруy мезгили башталганда ошол жергиликтүү компоненттерди ачып берүү аракетин жасаган окумуштуларды күнөөлөп, “силер биздин тарыхыбызды бурмалап жатасыңар, енисейлик доорду эсиңерден чыгарып койдуңар” деп, аларды кинелеп, енисейлик доорду көкөлөтүү модасы чыкты. Ал мода А.Акаевдин жанагы популярдуу китептеринен башталды.

Ошол китептердин шарданы менен ондогон, керек болсо жүздөгөн китепчелерден тарта калың китептерге чейин жазылды. Ичи толтура миф. Профессионал тарыхчылар аны жазган жок. Илимпоз тарыхчы ийне менен кудук казгандай фактыларды таап, ошолордун анализин гана берет.

Ал эми тарыхка тиешеси жок адамдар: жазуучулар, журналисттер, маданият ишмерлери тарыхка тиешелүү бирин-экин китептерди алып, ошолорду жалпак тилге салып эл көңүлүн бура башташты. Эми мен ушул тарыхтагы миф боюнча белгилүү окумуштуу, тарых философиясын мыкты билген Л.Гумилевдун пикирин келтире кетейин.

Л.Гумилев илимдеги негизги максат фактыларды топтоп, аларды анализдеп жыйынтыктоо дейт. Адабиятта болсо ойдон чыгаруу. Миф чыгаруу, миф жаратуу ошол ойдон чыгарылган нерсени кадимки болгондой кылып берүү дейт. Мынакей миф жаратунун негизги жолу. Азыркы кетип бараткан тарых сымал, жалган тарых деп койсок да болот. Ошолордун баары кеңири окуучулар катмарына ылайыкташкан, ошолорго эсептелинип, чындык катары берилип жаткан нерселер миф болуп жатат.

Миф эми буга чейин боло келген, мындан кийин да болот, ушу азыр да бар. Маселе аны мектепте анан жогорку окуу жайынан алыстатыш керектигинде. Мифке толгон бир катар эмгектер Агартуу министрлигинин белгиси менен окуу куралы катары тарап кетти. Мында биздин тарыхчылардын да күнөөсү бар. Ошол мифке толгон китептердин таралышына биздин да тиешебиз бар. Себеби биз илимий, тар чөйрөгө гана таралчу эмгектерди жаратып, ал эми кеңири элге жете турган түшүнүктүү тилде китептерди жаза албай жатабыз.



Бекташ Шамшиев: - Акылбек мырза, кыргыз тарыхынын мифтештирилиши, апыртмаланып кетиши жаныбызда жашаган казак кесиптештерден улам болдубу же бул өзү мыйзамченемдүү көрүнүшпү? Себеп дегенде, тарых илиминин ушундай “балалык оорусунан” сөзсүз өтүшүбүз керекпи?

Акылбек Жуманалиев: -Кыргызстан тарыхы болобу, башкалары болобу, ар ким өзүнүн ой-пикирин айта беришсин. Таанып-билүү ишинде мындайдан зыян тартпайбыз. Кеп мында Анварбек мырза айтып кеткендей, окуу жайларында, илимий мекемелерде туура тарыхый аң-сезимди түзүшүбүз керек. Антпесек жалган фантастикалык, мифологиялык ой-пикирлердин аркасында кете берсек, эртең тарыхсыз калабыз.

Ошон үчүн тарыхчыларды, илимпоздорду туура жолго салыштын аракетин жасашыбыз керек. Өзүбүздүн тарыхыбызды ыкыр-чикирлерден арылтышыбыз керек. Кайсыл илим болбосун даңазалоонун кереги жок. Болгон окуяларга илимий концепциянын негизинде гана сыпаттама беришибиз керек.

Анан да казак туугандардын жолуна түшүп алып кыргыздарды те атамзаманга чейин, Нойдун мезгилине чейин, топонсууга дейре алып барып, тияк-биягын жаза берсек биз илимий жолдон адашып калышыбыз мүмкүн.

Бекташ Шамшиев: -Тарыхты көркөмдөө, аны сулуулап кооздоо өз элинин баркын, анын башкалардын катарында көкөлөтүү мүмкүн ошол улуттун өзүн-өзү аңдоосуна жакшы таасир берип, элдин жаратмандык кудуретинин ичтен көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүп жүрбөсүн? Сиз айтып жаткан “үйрөнчүк” тарыхчылардын аракети мүмкүн ушундай ойдон чыгып жүргөндүр?

Анварбек Мокеев: - Кеп тарыхчылардын жеке каалоосунда эмес. Мурун көп маселелердин көз жаздымда калтырылып келгендигинен болуп жатат. Анан кийин Совет мезгили тушунда баары тең эле бурмаланып калган.

Өткөндө бир телеберүүгө тартуу учурунда абройлуу эле бир киши “орус тарыхчыларына гана шилтеме берүүнү токтотуш керек” деп жатпайбы. Эми биздин тарыхыбызды изилдеп, баштап илимий жолго салып кеткен ошол адамдар болсо, В.Бартольд, Б.Аристов, С.Абрамзон жана башкалардын эмгектерин пайдаланбай, илим жаратуу, эмгек жазуу мүмкүн эмес. Ал эми тарыхты көркөмдөп койгондон, сулуулап койгондон элибиздин руху көтөрүлүп кетеби же чөгүп кетеби? Бул таптакыр башка маселе.

Акылбек мырза айткандай тарыхты көкөлөтүүнүн да, басуунун да зарылчылыгы жок. Болгонун болгондой объективдүү беришибиз керек. Тарыхты изилдөөнүн “балалык оорусу” менен биз азыр ооруп жатабыз. Ошол оорудан канчалык тез кутулсак, ошончолук өзүбүзгө жакшы.



Бекташ Шамшиев: - Акылбек мырза, сизге бир суроо. Кийинки кездери өзүн тарых иликтөөдө сынап көрүүгө кызыккандар көбөйүүдө. Алардын жүйөөсү: ”мен күттүм эле. Тарыхчылар жазбай койгондон бул ишке кирдим”. Тарыхка кызыгуучулуктун артында кандай максат-мүдөө жатат?

Акылбек Жуманалиев: - Биздин ата-бабаларыбыз ким болгон, биз кайдан чыкканбыз? Бул кимди болбосун кызыктырчу суроо. Бул өзү объективдүү нерсе. Атамзаманда өтүп кеткен бабаларынын турмушун билүү, аларга өзүнүн үнүн жеткирип калуу аракети бул жакшы нерсе, терең маселенин бири. Ошон үчүн биз тарыхка кызыккандарды кагып-силкип токтотуп койбошубуз керек. Жаза берсин! Мифлогиялык болобу. Кеп анда эмес.

Биз тарыхчылар аларды иргеп, окуу китептерин, илимий эмгектерди жазууда талдап, баарын туура жолго салуунун аракетин жасашыбыз зарыл. Бүгүн тарых менен элдин кайсы бир проблемасын чечсек, эртең кайсы бир проблемасы кайра эле калкып чыгат. Чыкпай койбойт. Деги тарых илими проблемасыз жашай албайт.

Бекташ Шамшиев: - Анварбек мырза, сизге деле ушул сурооону узаткым келип турат.

Анварбек Мокеев: - Тарыхка кызыгуунун өзү Акылбек мырза айткандай, жакшы эле көрүнүш. Кеп ошол тарыхка кызыгууга кандайча жооп берүү, кандай деңгээлде жооп берүүдө. Жооп берүү дегеним, биздин канчалык деңгээлде проблеманы ачып, эл мүдөөсүнө жооп бере алышыбызга байланыштуу.

Жазуучулар, искусство адамдары, маданият ишмерлери билектерин түрүнүп тарыхка кирип жатышат. Аны карап ойлонуп мен мындай бүтүмгө келип жатам. Биринчиден, маданият, өнөр адамдары улуттун сыймыгын көтөрүү милдетин аткарып келишкен. Совет өкмөтү кулагандан кийин адамдардын өзүн-өзү аңдоосу, өзүн-өзү таануусу мындай талаптарды күчөтүп, алар өз ишинде мурдагыдай болбой калгандан кийин тарыхка кирип жатышат.

Экинчи жагынан мунун коммерциялык кызыкчылыгын көрүп жатабыз. Он миңдеген, жүз миңдеген нуска менен ошондой китептер тарап кетип жатат. Үчүнчүдөн, айрым адамдар өздөрүнүн саясий аброюн, кадыр-баркын арттырыш үчүн тарыхты алып, “муну тарыхчылар билбейт, мен аны билем” деген таризде сүйлөп жаткандары да бар. Тарыхка кызыгуунун жолу ар башка.



Бекташ Шамшиев: - Эми кебибизди жыйынтыктасак. Акылбек мырза, тарыхты көкөлөтүүнүн, жөнү жок жасалмалоонун салакасы, натыйжасы кандай болорун жакшы айттыңыз. Минтип тарыхка жапырт кызыгуунун аягы сууйбу же ал дагыле күчөй береби?

Акылбек Жуманалиев: - Жаңы муун келатат. Алар да жаңы фактыларды таап, тарыхты изилдөө, тарыхый таанып-билүү мындан ары дөлө өнүгө берет.

Бекташ Шамшиев: -Анварбек мырза, сиздин оюңуз кандай?

Анварбек Мокеев: - Албетте, кызыгуунун уланыш-уланбашы ал дагы өзүнчө бир маселе. Биз ошол тереңдеген кызыкчылыкка илимий багытта туyра жооп беришибиз керек. Деңгээлибиз ошого жетеби же жетпейби? Жетет! Илимий дареметибиз бар. Жасап жатабыз, жаратып жатабыз. Жакында ошондой эмгектер жарыяланат. Алар илимий фактыларга таянган. Миф таптакыр башка нерсе. Ал ойдон чыгарылат. Ал эми илимий тарых бул фактыларга таянган нерсе. Биз ошолордун бардыгын топтошубуз керек.

Маселен, тарыхый фактыларды топтоонун булактары бар. Жазуу булактары бар. Этнографиялык булактар бар. Кыргыз тилинин өзү чоң тарыхый булак. Археологиялык даректер бар. Мындан башка толгон нерселер бар. Ошолорду комплекстүү чогултуп алып келип, ошолордун комплекстүү анализинин натыйжасында гана жыйынтык чыгарсаң ошондо накта илимий тарых болот. Анан келип алып эле “кыргыздардын келип чыкканына баланча миллион жыл болду, баланча миң жыл болду. Анан кыргыздын атасынын аты Кыргызбай” деп койгон туура эмес.

Бекташ Шамшиев: - Талкууга катышып бергениңиздер үчүн сиздерге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG