Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

ЧУУЛГАНДУУ САЯСАТЧЫЛАРДЫН ЧУБАЛГАН ИШТЕРИ


Өтүп бараткан аптада Ленин райондук соту мурдагы министр Ишенбай Кадырбековду --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/717D3E48-E6FD-4AF5-90D1-D9F423C24A3A.asp тергөө камагында отуруу мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Беш жылга эркинен ажыратылган Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаев облустук сотко арыз берди. Ал эми маммүлк фондунун мурдагы төрагасы Равшан Жээнбековго эл аралык издөө жарыяланганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Коррупцияга аралашты деп мамлекеттин доосуна кабылган бул саясатчылар бийликти саясий куугунтук жасап жатат деп айыптоодо. Таасирдүү саясатчынын камакка алынышын коомдук-саясий чөйрөнүн бир тарабы коррупцияга каршы күрөш катары бааланса, башка бөлүгү саясий куугунтуктун күчөшү деп баалап жатат.

Ишенбай Кадырбековго Каржы полициясы кызматынан кыянат пайдаланды, кызматынан аша чапты, бюджеттин акчасын мыйзамсыз пайдаланды деп айып тагып, 25-апрелде камакка алган. Каржы полициясынын мындай кадамы мыйзамга каршы келет деп эсептегендердин саясатчыга баш коргоо чараны өзгөртүү аракеттеринен майнап чыга элек.

Жогорку Кеңештин бир топ депутаттарынын каты, нарындык 700 чамалаш кишинин кайрылуусу, айыпталуучунун ден соолугунун начардыгын негиздеген Кардиологиялык институттун бүтүмү Ленин райондук соттун 6-майдагы чечимине таасир эте алган жок.

Жума күнү, 9-майда адвокаттар Кадырбековду дагы бир айга камаган райондук соттун чечимин жоккко чыгарууну сурап, Бишкек шаардык сотуна кайрылышты. Бирок андан каалагандай тыянак чыгары күмөн. Анткени Республикалык каржы полициясы Ишенбай Кадырбековго олуттуу айыптарды тагып, мамлекетке миллиондогон чыгаша алып келди деген божомолун айтууда. Өткөн аптада Каржы полициясы берген маалыматка караганда, ага учурда Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып тагылууда:

- 26-апрелде ага 304-берененин 2-бөлүмүнүн бир нече эпизоддору боюнча кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, 305-беренеси боюнча кызмат абалын ашыкча пайдаланган, 308-беренеси боюнча бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деген айыптар тагылды, - деп билдирди Каржы полициясынын тергөө башкармасынын башчысынын орун басары Ислам Боров.

Боровдун билдиргенине караганда, бул ишти териштирүүгө эки айдан бир жылга чейинки мөөнөт талап кылынчудай.

Бирок Каржы полициясынын доосун Ишенбай Кадырбеков саясий буюртма деп жатат. Мындай оюн саясатчы “Азаттыкка” камакты дагы бир айга узартуу жөнүндө сот чечими чыккандан кийин билдирди:

- Бул саясий заказ экени көрүнүп турат. Бир да далил жок.

Каржы полициясы болсо Кадырбековдун ишин мектеп курулуштарына байланыштуу аныкталган кадимки эле кылмыш иши катары баалап, саясаттын жыты да жок деди. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев дагы Кадырбековдун камалышына Акүйдүн эч кандай тиешеси жок экенин “Азаттыкка” өткөн аптада билдирген эле.


Ишенбай Кадырбеков

Кадырбеков советтик мезгилден бери чоң саясатта жүрөт. Ал Совет доорунда курулуш жана архитектура министри, соңунан Жогорку Советтин депутаты болгон. Эгемендик келгени Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон жана Акаевдин бийлигин кулатууга алып келген оппозициячыл күчтөрдүн ана башчыларынын бири катары таанылган.

Кадырбеков 24-марттан 25-мартка караган бир күнү президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткарып, тарыхта эң кыска мөөнөт мамлекет башында турган адам катары калган. Андан кийин транспорт жана байланыш министри – биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп, бул кызматка парламент кийин кайра бекитпей койгон. 2006-жылдын 26-окябрынан тарта Курулуш, архитектура агенттигин башкарып жүрүп, ушул жылдын январында кызматынан бошотулган.

Кадырбеков президент Бакиев баштаган бийликтен сүрүлүп калышын, анын ичинде акыркы кызматтан четтетилишин “Азаттыкка” мурдараак берген интервьюсунда президенттик шайлоонун жакындап келаткандыгы жана Архитектура, курулуш агенттигинде жүргүзгөн катаал саясаты менен байланыштырган:

- Эң негизгиси - менин аң-сезимимде өзүнчө бир революция болгону көрүнүп турат да. Иштеп жатканда эле ошондой болчу. Бирок дудук болуп жүргөнүм, бир командада болгондон кийин, сөз бергенден кийин иштейин деп аягына чейин иштеп жүрдүм. Бирок негизги менин аң-сезимим оппозиция болуп калды.

Менин оюмча мен жалгыз эмесмин. Бүгүн 70-80 пайыз эл ошондой болуп калды. Мына ушул күч - оппозиция. Учуру келет, эртең, же бир жылдан кийин келет, эл даяр болуп калса 24-марттагыдай болуп калат. Биздин кыйындыгыбыздан эмес, эл даяр болгону үчүн көчөгө чыкты. Демек эл өзүнүн аң-сезими менен бүгүнкү болуп жаткан саясатка макул болбой калган экен. Бүгүнкү элдин ички дүйнөсү күндөн-күнгө эмес, саат сайын, өзгөчө базардагы баа өскөн сайын өзгөрүп жатат. Өзүнүн шайлаган адамдары дудук болуп жатса...


Ишенбай Кадырбеков кылмыш козголгон ыңкалыпчы - саясатчылардын алгачкысы эмес. Өткөн аптада Ош облусунун мурдагы губернатору Кушбак Тезекбаевди сот коррупциялык ишке аралашты деп беш жылга эркинен ажыратты.


Равшан Жээнбеков

Ал эми мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы, ыңкылаптан кийин мэрдин милдетин аткарган, Малайзияда элчи болгон “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков эл аралык издөөдө жүрөт. Ага Каржы полициясы Кайыңды-Кант ишканасынын 10 процентин менчиктештирүүгө жол берген деп айып тагууда. Учурда АКШнын Массачусетс технологиялык университетинде окуп жаткан Равшан Жээнбеков өтүп бараткан аптада “Азаттыкка” берген интервьюсунда бийликтин аракеттерин саясаттан башка менен байлоого болбойт деди:

- Коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттер министрлери коррупцияга малынып атса, министр кезинде кармайт, пара алып атса пара алып атканда кармайт. Анан министрлер жумуштан кийин кармаса, алардын күнөөсү болсо дагы ал саясатка алып барып такайт. Муну Кыргызстандын элинин баары билет. Эми Кадырбековду анчалык кыйын болсо, кечээ министр болуп турганда камашпайт беле. Кечээ эле курултайга барып катышып койсо баса калышты ал байкушту. Менин министрликтен кеткениме беш жыл болду. Ошондон бери Каржы полициясы, прокуратура кыргызча айтканда “эшек такалап атыштыбы”?

Ал эми гумжардамды “жеп салды” деп кармалып, соттолгон Ош облус губернаторунун мурдагы орун басары Кушбак Тезекбаев өзүнүн сот жообуна тартылышын азыркы бийликке каяша сүйлөгөнүнөн көрөт:

- Тергөө амалдарында бир сомду да далилдей алышкан жок. Гумжардам алган бей-бечара, кары-картаңдар, үйүн сел баскан, жарылып кеткен адамдардын бардыгы боюнча факт бар. Жөн жерден эле мыйзамсыз, одоно чечим чыгарып салышты.


Кушбак Тезекбаев

Мамлекеттик жооптуу кызматкерлерге карата көрүлүп жаткан чараларга коомчулукта бир кылка көз караш жок. Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков, маселен, Кушбак Тезекбаевдин коррупцияга тиешеси жок экендигине терең ишенет, анын жаңылыштыгы айрым таасирдүү адамдарга каяша сүйлөп койгондугунда дейт. Ошол эле мезгилде СДП депутатынын пикиринде Кыргызстанда Кадырбеков менен Жээнбековго окшогон коррупциячыл мамлекеттик ишмерлер өтө көп:

- Ош губернаторунун орун басарыныкы коррупция эмес. Ал эми Жээнбеков менен Кадырбековго анча деле жакшы пикирим жок. Улам бир тарапка ооп, алар кабыл албаса башка жакка өтүп келатышат. Алар - Кыргызстанга күйгөндөр эмес. Алар өз жаны үчүн күйгөндөр. Дагы көбүнө козгош керек эле ишти. Булар болгону гүлдүн жалбыракчалары. Дагы көбүнө козгош керек.


Мирослав Ниязов

Бирок бийликтин коррупцияга каршы минтип күрөшүүсү нап бербейт дегендер да аз болгон жери жок. Алардын бири - коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов билдирди. Ниязов бийлик тарабынан жасалып жаткан камоолордун, кармоолордун төркүнүн башкадан көрүүдө:

- Кыргызстанда коррупция кенен жайылып, тамырын терең кое бергенин баары эле билет. Бүгүн жоопкерчиликке тартылган адамдар Кыргызстанга белгилүү. Булар да бийликке баш көтөрүп, каршылык билдирип сүйлөшкөн чыгаар. Мүмкүн бийликте алардын коррупцияга малынган фактылары бардыр. Мен аны билбейт экемин. Бирок мындай жол аркылуу бийлик коррупция менен эч качан күрөшө албайт. Буларда эки эле максат бар. Биринчиси – бийликке баш көтөргөндү коркутуш. Экинчиси – бийлик коррупцияга каршы чара көрүп жатабыз деп айтканга жакшы. Бирок эң негизгиси оркоюп эле көрүнүп турат, бийликке каршы чыккандарды басып, коркутуп-үркүтүп, унчукпасын деген саясат жүрүп атат.


Токтогул Какчекеев

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев камоолордо саясий өңүт бар деген көз карашты жокко чыгарбайт. Анын баамында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатат:

- Президенттин бийликке келгенине үч жыл болду. Бирок коррупцияга толтуруп алган Акаевдин арабасы дагы эле кылдырап кетип баратат. Ошонун алкагында бүгүнкү айып тагууларды, күнөө оодарууларды менчикти дагы бөлүштүрүү катары карап атам. Мурун менчиктештиргендер, мурунку бийлик учурунда байыган адамдарды бүгүнкү ачка, ачышып келген бийлик өз кызыкчылыгынан пайдаланып, мурунку менчик ээлерин мурунку милицияны күчкө салуу менен камап атат.

Талдоочу мындай аракеттерди бийликтин президенттик шайлоо алдында тирикарак саясатчылардан жолду тазалоо максаты катары баалайт:

-Демократиянын мыйзамдарын кабыл албаган жапайы диктатурада келечектеги атаандаштарын ушундай жолдор аркылуу жоготушат. Менчиктештирүү деген кылмыш менен жаңы саясаттын ортосунда турган нерсе.

Какчекеевдин оюнда коррупциячы деп, бийлик кызматтан кеткендерге тап бере берсе, акыры жакшылыкка алып барбайт. Ыңкылап аркылуу келген бийлик чындап эле коррупцияга каршы күрөшүүнү каалап жатса, ишти мурдагы президент Аскар Акаевдин коррупциялык аракеттерин териштирүүдөн башташы керек, дейт талдоочу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG