Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Багдаддагы Садр чөлкөмүндө ок атышпоо жөнүндөгү келишим бүгүн күчүнө кирүүдө


Бир нече аптадан бери шаарчада радикал шиийлердин лидери Муктада ас-Садрдын согушчандары менен өкмөттүк жана америкалык аскерлер урушуп келишти. Кармаштарда жүздөгөн киши набыт болду. Бирок бир катар кабарчылар келишим зомбулукка чекит кое албайт деп эсептешет. Алардын айтымында, буга чейинки кармашууларга Садрдын август айындагы буйругуна баш ийбеген майда топтор катышып келди. Мосул шаарында болсо Ирактын куралдуу күчтөрү «ал-Каиданын» согушкерлерине каршы операция башташты.

XS
SM
MD
LG