Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

15-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1918-жылдын 15-майында Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитети облус жана уезддик комиссарлар Кеңешин куруу чечимин кабыл алган. 1919-жылдын бу күнү Нарын уезддик партиялык коонференциясы ишин баштады.

Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитети 1918-жылдын 15-майында область жана уезддик комиссарлар Кеңешин куруу чечимин кабыл алды. Ошондой эле, ал Кеңештерге караштуу улуттук секциялар түзүлүп, анда айыл, кыштактарда бийлик органдарын уюштуруу жана бай, манаптарга каршы күрөш жүргүзүү сыяктуу маселелер чечилген.

Нарын уезддик партиялык I Уюштуруу конференциясы 1919-жылдын бу күнү ишин баштады. I Уюштуруу конференцияда партиянын шаардык катчысын шайлоо маселеси каралды.

Түркстан ишчи аялдарынын I курултайы 1920-жылдын бу күнү Ташкент шаарында ишин баштады. Курултайда Түркстан фронтунун башкы командачысы М. В. Фрунзе сөз сүйлөп, экономикалык жаңылануу, жаңы коом куруу үчүн эмгекчилердин козголушу жана чыгыш аялдарынын ачылып, коомдук ишке тартылыш маселесин кабыргасынан койгон.

Кытай Элдик Республикасы 1995-жылдын бу күнү атом бомбасынын кезектеги жардыруу сыноосун өткөрдү. Жардыруу Такла Макан чөлүндө жасалып, адистердин айтымында, кытайлыктар шамал Орто Азияга соккон маалга тушташ сыноону башташкан жана мындан Кыргызстандын экологиясы жабыр тарткан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сыноону айыптап атайын билдирүү кабыл алды. Билдирүүдө Кыргызстандын табиятына, адамдардын денсоолугуна залака келгени айтылат.

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 1992-жылдын 15-майында Ташкент шаарында Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюшту. Келишим Бириккен улуттар уюмунун уставында каралган аймактык коопсуздук боюнча аскердик уюмдашуусуна дал келген жана айрым Шериктештик өлкөлөрүнүн аскердик коргонуу концепциясына жооп берген.

Мамлекет башчысынын 1996-жылдын 15-майдагы жардыгына ылайык, Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында «Кыргыз мамлекеттүүлгүнүн түптөөчүлөрүнө арналган аллея» ачылды.

Советтик аскерлер 1988-жылдын 15-май күнү Афганистандан чыгарыла баштаган. Бу күнү, 1919-жылы теңдешкиз актриса Даркүл Күйүкова, 1925-жылы айтылуу акын Сооронбай Жусуев, 1940-жылы атактуу жазуучу Михаил Булгаков, 1933-жылы таанымал тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Маанаев, 1933-жылы акын Өмүркул Кулумбаев, 1936-жылы акын жана адабият таанычу Камбаралы Бобулов, 1937-жылы таанымал саясатчы Мадлен Олбрайт, 1949-жылы акын Роза Мукашева жарык дүйнөгө келсе, 1944-жылы Улуу Атамекендик согушта таанымал жазуучу Мукай Элебаев дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG