Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Муса Мураталиев, Москва Кийинки учурда малымат каражатарында Орусиянын мурдагы президенти Владимир Путиндин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/BF9EE59D-0166-463A-92F7-560DE1997CDD.asp белгилүү спортчу Алина Кабаевага үйлөнөт экен деген имиш сөздөн улам элдин көңүлүнө Борборазиялык биринчи айымдар түшүп жатканы туурасында «Эркин Европа жана Азатыктын» кабарчысы Фарингиз Нажибулло жазат. Өз баянында Ф.Нажибулло байкоочулар менен тарыхчылар айтканына шилтеме берип, анда демейде Борбор Азия лидерлеринин саясий тепкич менен өйдөлөөсүнө алардын орус улутундагы жубайларынын салымы чоң деген ой айтылат.

Советтик кезде көптөгөн саясий лидерлердин орус улутундагы аялга үйлөнүүлөрү адат көрүнүш болгон. Өз элинин жана улуттун таламын талашкан Тажикстандын эр азаматы Бобожон Гафуровдун жубайы орус улутунан болгон. Аны менен замандаш кыргыз эли жеринен сыйлап, кадырлаган Исхак Раззаковдун аялы татар улутунан болгон.

Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун дагы, кыргыз лидери Курманбек Бакиевдин жубайы дагы орус улутунан экенин белгилүү.



Елецкий мамлекеттик университетинин саясий байкоочусу А. Скиперскийдин айтымында, мурдагы Советтер Союзуна кирген, кийин эгемендүүлүк алган жаңы өлкөлөрдө бийлик талашуу үйбүлөдө күчтүү жүрө баштаган. Маселен, Казакстандын президенти аз жерден кызы менен так талашпай калды.

- Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин жубайы профессор Майрам Акаева шайлоо учурунда президентик орунду талашмак болгон. Ошондо, Акаев, алдын ала кам жеп, саясий реформа жүргүзгөн. Анын каршысында, кезегинде ал бийликке опозицияда турган «Кыргызстандын элдик кыймылынын» лидери Курманбек Бакиевдин жубайы эми күйөөсүнө орус тилдүү калкты тарып, колдоо көргөздүрүп, анын саясий укугун ырастоодо чоң бел болууда.

Советтик доордо эле жогору кызматтарда иштеп келген Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун жубайы дагы, Советтик Өзбекстандын мурдагы башчылары Акмал Икрамов менен Усман Юсуповдун жубайлары дагы орус улутунан болгону маалым.

Айрыкча Борбор Азиядагы өлкө лидерлери үчүн башка журттун кызын - украин, татар, көбүнчө орус улутунан жубай алуу адат дешет. Анын себебин байкоочулар «өз элинде так талашуудан улам» дешсе, экинчилери – «Москванын алдында алар өзүнө ишеним арттыруу үчүн атайын үйлөнүшөт» дешет.

Ташкендик байкоочу Абдулла Абдукадыр-улынын баамында, мындай кадамдын артында - андай лидерлердин Москва алдында өзүнүн чын дилден берилгендигин көрсөтүү жатат. Себеби алгач Кремль үчүн ал жерде ишеним арттыруу абдан керек, ошол үчүн Орусиядан саясий колдоо табайын деген киши муну эске алат дейт Абдукадыр-улы:

- Мунун тегинде бийликке умтулуу аракети байкалат. Алгач жогорку бийликке жетип, ырасмий иш алып, ал жактан колдоо табуу максаты турат. Этибар алып артыбызды карасак Москва өнтөлөп коюлган кыйла жетекчилердин аялдары орус улутунан болгонун көрөбүз. Алардын аялдарынын орус улутунан болушуна мына ушундай себеп бар.

Бирок кандай болгондо да Москва бийлиги үчүн башка мамлекеттин жетекчилеринин жубайлары орус улутунан болушу чоң ролду ойнойт дешет.
XS
SM
MD
LG