Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Сербияда кечээ өлкө үчүн тагдыр чечээр жана багыт аныктар шайлоо өттү. Мөөнөтсүз болгон бул парламенттик шайлоонун жыйынтыгы өлкө Еврошаркетке интеграцияланууну көздөй кадам таштаарын же кайрадан обочодо каларын көргөзмөкчү. Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы тыянактары президент Борис Тадичтин батышчыл альянсы менен серб улутчулдарынын Радикалдык партиясынын калк арасындагы колдоочуларынын саны тең экенин ишара кылган эле. Шайлоонун баштапкы бейрасмий жыйынтыгына караганда, президент Борис Тадичтин партиясы жана анын өнөктөштөрү бул шайлоодо да радикалдарды ишенимдүү жеңе алды.

Сербияда парламенттик шайлоонун мөөнөтсүз өтүшүнө быйыл мартта коалициялык өкмөттүн ыдырашы алып келди. Ал эми өкмөттүн ыдырашына 17-февралда Сербиядан көз карандысыздыгын жарыяланган Косово боюнча мындан ары кандай багытты кармануу маселесинде коалициялык өнөктөштөрдүн ич ара ыркка келе албай калганы түрткү болгон эле. Еврошаркеттин өлкөлөрү Косовонун кадамына колдоо көргөзгөнүнө кыжырданган улутчул күчтөр Брюссель менен алаканы токтотуп, Орусияга ыктоону көздөшсө, батышчыл партиялар да Еврошаркетти айыптаганы менен өлкө экономикалык жүйөөдөн улам да аны менен тыгыз алакасын улантыш керек деп чыгышкан. Андыктан кечээги шайлоо бир жагынан Сербиянын Европадагы болочок ролу боюнча референдум катары да бааланды.

Бул олуттуу саясий өнөктүк алдында калктын маанайын көтөрүү, батышчыл багыттагы саясий күчтөрдүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үмүтүндө Еврошаркет да өз тарабынан айрым бир кадамдарды жасады. Европанын Шенген зонасына кирген 17 өлкөсү шайлоонун утурлай Сербиянын жарандарына визаны бекер берүүнүн сунуш кылды. Анын алдында Еврошаркет Сербия менен Стабилдүүлүк жана кызматташтык деп аталган келишимге кол койду. Бул документ Сербия үчүн Еврошаркеттин мүчөлүгүн көздөй биринчи кадам катары каралууда.

Кечээ Белградда добуш берген соң президент Борис Тадич мекендештери Европага интеграцияны тандап жатканына ишеним билдирди:

-Мен Сербиянын калкы европалык келечек үчүн добуш берген жатат деген толук ишенимдемин жана ошондой эле Косово боюнча биздин мыйзамдык укукубузду, аймактык бүтүндүгүбүз менен суверенитетибизди коргоо жөндөмүбүзгө да салым кошушууда.

Ал эми шайлоого калк арасындагы бедели жагынан президент Борич Тадичтин Демократиялык партиясы менен тең келген Радикалдык партия Еврошаркетти сербдер батышчыл күчтөрдү колдоосу үчүн жалган убада бергени үчүн айыптаган эле. Аталган партиянын төрага орун басары Томислав Николич үч ай мурдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Демократиялык партиянын лидери, батышчыл Борис Тадичке 100 миңдей добуш менен уттуруп койгон болчу. Кечээ ал добуш берген соң буларды айтты:

-Биз Еврошаркетке ачыкпыз. Бирок Сербия – чек арасы Улуттар уюму тарабынан таанылган бүтүн өлкө. Еврошаркет акыр-аягында муну моюнга алышы керек.

Радикалдык партиянын лидери Воислав Шешелдин иши азыр Гаага трибуналында каралууда. Ал аскерий кылмыштары үчүн айыпталган. Шешель кокус алар бийлике келип калса, аскер кылмыштары үчүн шектелгендердин бирин да өткөрбөй турганын, Еврошаркетке караганда Орусия менен тыгыз алакага артыкчылык берерин ачык билдирген.

Еврошаркет менен жакындашуу боюнча келишим түзүлүүсүн атүгүл президент Борис Тадичтин партиясынын коалиция боюнча мурунку өнөктөшү, премьер- министрдин милдетин аткаруучу Воислав Коштуница да Сербиянын Косово боюнча милдеттемесинин эсебинен добуш сатып алуу азгырыгы катары баалап, сынга алган. Ал добуш берген соң буларга токтолду:

-Менимче шайлоодон кийин мамлекеттин биримдиги сакталышы, Сербиянын стабилдүүлүк жана прогресс үчүн өкмөттүн тез куралганы абдан маанилүү.

Коштуницанын Сербия Демократиялык партиясы үчүнчү орун алышы мүмкүн.

Косовону али өзүнүн бир бөлүгү катары эсептеген Сербия ал жердеги албан өкмөтүн жана БУУнун миссиясын жээрип, сербдер үчүн парламенттик жана жергиликтүү шайлоону анын аймагында да уюштурду. Улуттар уюмунун миссиясы ал шайлоонун жыйынтыгы таанылбасын билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG