Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

14-майда Израиль --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/75D43F68-278E-4BBA-B4A5-F392DEA88923.asp мамлекет болуп түптөлгөндүгүнүн алтымыш жылдыгын белгилейт. Улуттар Уюмунун чечими менен 1947-жылы Палестина – жөөттөр жана арабдар ээлик кылган эки мамлекетке бөлүнгөн. Алтымыш жыл ичинде Израилдин калкынын саны 7 миллиондон ашкан. Жарым кылымдан ашуун убакытта Израиль мамлекеттүлүгүн сактоодо, өз аймагын кеңейтүүдө, калкын тышкы коркунучтардан коргоодо каардуу зордук-зомбулук менен коштолгон кандуу кармаштарга дуушар болуп келе жатканы белгилүү.



1947-жылы 29-ноябрда Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Освальдо Аранха Паслестинанын экиге бөлүү туралуу БУУнун атайын Комиссиясынын резолюциясына добуш берүүнүн жайынтыгын жарыялаган:

“Палестина маселеси боюнча Комиссиянын резолюциясы 33 добуш менен кабыл алынды. 13 каршы жана 10 калыс”.

Андан алты ай өткөндөн кийин 1948-жылы 14-майда Израилдин биринчи премьер-министри Давид Бен Гурион Тель Авивде Израиль мамлекетинин түзүлүшүн жарылаган:

“Биз, Элдик Кеңештин мүчөлөрү, “Эрец Исраэль” жөөт жааматынын жана Сионисттердин өкүлдөрү – Британиянын башкаруусу бүткөндүгүнө байланыштуу, өзүбүздүн эч ким ажыраткыс укугубузга таянып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына ылайык Израиль мамлекетинин түзүлүшүн жарыялайбыз”.

Израиль мамалекетинин түзүлүшү жөөттөрдүн өз тарыхый мекенине кайтып келүү үчүн эки миң жылдан ашуун күрөшүнүн жеңиши эле. Бирок алардын ата-бабасы жашаган жерге эми арабдар ээлик кылып калышкан. Жөөттөрдүн байыркы Атажуртуна кайтып келиши жүздөгөн-миңдеген палестиналыктарды жер которууга мажбурлаган. Бул – бүгүнкүгө чейин созулган Араб-Израиль жаңжалдарына негиз болгону жалпыга маалим.

Айрыкча кандуу жаңжалдардын бири болуп 1967-жылдагы “Алты күндүк Араб-Израиль согушу” эсептелеп. Египеттин президенти Насер Суец каналын улутташтырып, жөөттөргө каршы араб өлдөлөрүн биригип сокку урууга чакырганы согуш отун тутанткан. Ал эми Израил тарап аба күчтөрүн жеке эле Египетке эмес Иордания, Сирияны талкалоого пайдаланган. Алты күндүк согушта Израиль жеңип, Синай кысыгын, Газа тилкесин, Иордан дарыясынын батыш жээгин, Гоан чокуларын жана Иерусалимди ээлеген.



Согуш аяктаар менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан 242- резолюция кабыл алган. Документ Израилди басып алган жерлерден баш тартууга чакырган. Бирок Израиль бул чакырыкты четке кагып, жөөттөрдү басып алган аймактарга отурукташтыра баштаган.

1973-жылы кайрадан согуш жанданган. Бул ирет Египет жөөттөрдүн ыйык “Йом Киппур” (Кечиримдүүлүк) күнүндө Израилге кол салган. Согуш күтүлбөгөн жерден башталса дагы, Израиль каршылашына чечкиндүү сокку урган. Арийне, “Йом Киппур” согушунан кийин эки тарап тең “күчкө-күч” табылаарын сезип, жаңжалдашууну токтотуу аракеттерине ык койгон. 1977-жылкы Египеттин президенти Анвар Садаттын Иерусалимге сапары эки өлкөнүн элдешүүсүнүн алгачкы кадамы болгон.

1978-жылы АКШ президенти Жимми Картер араздашкан өлкө башчыларын Вашингтондун чекесиндеги президенттик сарайына чакырып, тынчтык келишимине кол коюга шыкак берген. Сүйлөшүүлөрдөн соң Израиль тарап, эгер Египет Израилди расмий тааныса, анда Синай кысыгын кайрадан арабдарга берүүгө макул экендигин билдирген.

Ушул эле жылы 17-сентябрда АКШнын президенти Картер Ак үйдө Египеттин президенти менен Израилдин премьер-министринин жолугушуусунан кийин мындай деген:

“Биз Кемп Дэвидге келгенде биринчи эле - эки өлкөнү элдешүүгө чакыруу бир натыйжа берсе экен деп тилегенбиз. Биздин тилегибиз толугу менен ишке ашты”.

Израиль менен Египет тынчтык келишине келгени менен палестиналыктардын маселеси курч тейден калып, кийинки жаңжалдардын өзөгү чыңала баштаган. Ал эми жөөт-келгиндердин Израиль басып алган жерлерге отурукташуусу улантыла берген.

1987-жылы Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги, Газа тилкесиндеги палестиналыктар Израиль бийлигине каршы көтөрүлүшкөн. Бул кийинчерээк Ясир Арафат башында турган Палестиналыктардын боштондук уюмунун түзүлүшүнө түрткү берген.

1993-жылы Норвегиянын борборунда Израилдин премьер министри Ицхак Рабин менен Ясир Арафат “Осло келишимине” кол коюшкан. Келишимде Израиль басып алган жерлерден өз армиясын алып чыгып, Палестина Өкмөтү түзүлөөрү макулдашылган.

2000-жылы, тилекке каршы Осло келишими бузулган. Исламисттердин “Хамас” тобунун жан кечтилери ондогон израилдиктерди өлтүргөн. Израиль армиясы болсо көптөгөн палестиналыктардын өмүрүн кыйган.

Беш жылдан соң Израилдин премьер министри Ариэль Шарон Иордан дарыясынын түндүк жээгин жана Газа тилкесин арабдарга берип, Палестина менен Израилди бөлүп турган бийик дубал куруу ниетин билдирген.

2006-жылкы Палестинадагы шайлоодо Исламистик багыттагы “Хамас” кыймылынын мүчөлөрү бийликке келген. Ушул эле жылдын жайында Ливанда түптөлгөн “Хизбуллах” террористтик тобу сегиз жөөт аскерлерин өлтүргөн. Андан соң Израиль армиясы Ливандын бир нече шаарларын бомбалаган.

Жөөттөрдүн өз эгемендүүлүгүнүн алтымыш жылдык мааракесин белгилеши Израилдин тагдырындагы оор жоготуулар, оош-кыйыштар менен коштолгон жеңиш болсо, өлкө келечекте дагы көптөгөн сыноолорго туш болоору айкын дешет адистер.


Сүрөттөр http://www.tourua.com баракчасынан алынды.


Гүлайым Ашакеева, Бишкек
XS
SM
MD
LG