Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

Жума күнү мунайга болгон дүйнөлүк баа болуп көрбөгөндөй чекке жетти, бир баррели эле 126 доллардан ашканы кабарланды. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизет, кесепеттери кандай болот? Ушул теманын айланасында “Азаттык” парламенттин мурунку депутаты, саясатчы Темир Сариевди кепке тартты.

-Май айынын башынан тартып мунай 11 пайызга кымбаттаган экен. Бул Кыргызстандын экономикасына да өз таасирин тийгизбей койбосо керек. Кесепеттери кандай болот?

- Кыргызстан 95 пайызга чейин күйүүчү майды сырттан алып келет. Албетте, дүйнөлүк баанын өсүшү биздин ички акыбалга түздөн-түз таасир берет. Биздин кээ бир адистер, анын ичинде экономика боюнча адистер айтып атышат, жакынкы арага чейин майдын баасы бир долларга чейин жетет деп. Ал эми дүйнөлүк эксперттер айтып атат 150-160 долларга чейин барат баррели деп. Биздин экономикада өндүрүп аткан товарлардын баарынын наркы майдын баасына жараша болот. Анын ичинде азык-түлүк товарлары кескин түрдө кымбаттап кетиши мүмкүн. Экинчиден, дыйкандарга дагы кыйын болуп калат. Анткени бүгүнкү күндө эгиндин баасы 18-20 сомдун тегереги болуп атса, эгерде баалар кымбаттап кетсе эгин дагы сөзсүз түрдө кымбаттайт. Кыргызстандагы айыл чарбасында иштеп аткан адамдар айтып атышат эгин менен күйүүчү майдын баасы бирдей болуп каларын. Эгер андай болбосо анда эгин айдап, аны өстүрүү чыгашалуу болуп калат.

-Сиз жогоруда белгилеп кеттиңиз, күйүүчү май бир долларга жетиши мүмкүн деп. Коомдук транспортто жүрүүнүн акысы июнь айынан баштап кымбаттамай болбодубу. Эгерде күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлсө, анда бул кайрадан айдоочулар арасында дагы бир толкундоону жаратышы мүмкүнбү?

-Жаратып атат. Эгерде биз шаардын ичинде административдик күч менен баалардын өсүшүн кармап турсак, ал эми айыл жергесинде баалар эбак эле өсүп кеткен. Мына Чүйдөгү айылдардан шаарга келиш мурда 15-20 сом болсо, азыр 50 сомго чейин чыгып кетти. Талас, Нарындан келген баалар дагы абдан жогорулап кетти.

-Мына сиз айтып кеттиңиз, мунайга болгон баанын көтөрүлүшү түздөн-түз азык-түлүктүн баасына таасир кыларын. Бийлик азык-түлүктүн баасын, ошондой эле энергетикалык кризисти ооздуктап турууга мүмкүнчүлүгү барбы?

-Мүмкүнчүлүгү болуш керек, бул үчүн атайын программа иштеп чыгыш керек. Биз өзүбүздүн сунушубузду курултайда айттык элек, мамлекет коопсуздук кеңешин чакырып шашылыш чараларды көрүш керек деп. Бирок тилекке каршы андай болбой атат. Өкмөттүн жөн эле ооз учунан чыккан сөздөрү гана болуп атат, иштиктүү программалары жок. Мына бешинчи күнү Кытайдын өкмөтү атайын чечим кабыл алды, кытай ишкерлери сырттан жер сатып алсын, ошону мамлекет биз каржылап беребиз деп. Көбүнесе Бразилиядан, Түштүк Африкадан алып жатышат жерлерди. Бул сөзсүз түрдө Россияга чейин келип жетет. Кытай бүгүн өзүнүн азык-түлүк продукциясын сыртка чыгарып аткан мамлекет азык-түлүк проблемасы абдан чоң болот десе, ал эми биз импортту 60-70 пайызга чейин киргизип атпайбызбы, андан дагы өйдө жогору болуп кетет. Ошон үчүн өкмөт жакынкы аранын ичинде шашылыш түрдө чараларды көрүш керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG